Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Максатбек Сарбагышев: "Кайрымдуулукта калпыстыктарга жол берилбейт"

13-10-2023
16:54

Жогорку Кеңеш депутаты Максатбек Сарбагышев бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеш Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү менен УТРКнын Биринчи радиосунун “Эл өкүлү” биргелешкен долбооруна катышты.  

Депутат алгач, шайлоочулар менен иштешүүдөгү кайрымдуулук иштеринен кабар берди. Эл өкүлүнүн айтымында, учурда Ысык-Көл областынын Тоң жана Ысык-Көл райондорунун аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүр таратуу иштери жүрүп жатат. Бул багыттагы иш чарага Кореялык демөөрчүлөр жакындан колдоо көрсөтүшүүдө. “Бул ирет 250 тонна камдалган көмүр ар бир айыл өкмөттөрдүн тизмесинде турган калкттын чыныгы жардамга муктаж болгондоруна бөлүштүрүлүүдө. Мисалы, Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагылар 1 тоннадан сунушталганда, барыбызга текши жетсин, -деп 500 кг ич ара адилеттүүлүк менен бөлүп алышкан учурлар болду. Негизи, калыс камкордук көрсөтүлөт. Кайрымдуулукта калпыстыктарга жол берилбейт”, - деди депутат.

Эфир жүрүшүндө М.Сарбагышев, - райондук кеңештердин иштөө негиздерине байланыштуу даярдалып жаткан мыйзам долбоорунун маанисине токтолуп, Административдик-аймактык реформалар багытында да түшүндүрмө берди.

Ошондой эле уктуруунун жүрүшүндө радиоугармандардын “Парламент” радиосунун ишмердүүлүгүнө,  кен казуу иштерине, экологияга, социалдык маселелерге, азык-түлүк коопсуздугуна, маданият менен спортко тиешелүү  суроолоруна жооп берди.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү