Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Эмиль Токтошев: "Бюджеттин профицити сандардын салыштырмасында эмес, калктын жашоосунда сезилгени жакшы"

01-12-2023
19:28

“Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат, парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Эмиль Токтошев  бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңеш Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү менен УТРКнын Биринчи радиосу биргелешип уюштурган "Эл өкүлү" программасына катышты. Анда эл өкүлү Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгү менен тааныштырып, анын ичинде Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан аткарылып жаткан иштерди баяндады.

Депутат жалпысынан мыйзам чыгаруу процессине токтолуп,  кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорлорунун колдоо тапкандары да, көпчүлүктүн добушун топтой албай калгандары да, кээ бир мезгилде өлкө башчысынын кайчы пикирине кириптер болгондору да кезигерин билдирди. "Мисалы, жапайы жаныбарларды коргоо максатында аларга карата аң уулоого убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштаган мыйзам жазганбыз. Бирок, анын өтүп кетиши кыйынга турду, - деген депутат,- бул көрүнүштүн айрым себептерине кайрылып, бул балким, аңчылык фирмалары барлардын кызычылыгынан улам болдубу?" – деп түкшөмөлдөөрүн айтты. Туристтердин жапайы жаныбарларга кызыгуучу топторун мергенчилик куралдар менен эмес, фотоаппарат менен келишин камсыздасак, андан деле каражат табуунун жолдору кеңири, - деп билдирди.

Биздин жаратылышыбызды көздүн карегиндей сактап, муундан-муундарга мурастап беришибиз керек, - деген Э.Токтошев, - жакында Индияга эл аралык уюмдардын колдоосу менен барып келгендигин айтты. "Ал жердеги тирүү ак илбирстерди жанынан көрүп, кубандык. Ал эми бизде ак илбирстин мекенибиз деген жерде алардын санын өөрчүтүп, кам көрүү талабы биринчи орунда туруусу керек, - деген эл өкүлү Манас бабабыздын колдоочусу деп таанылган калыбан, шерлердин үйүрлөрүнө бүйрө мамиле кылууну унутуп калганыбыз жарабайт," - деди.

Ошондой эле депутат экономикалык маселелерге да кайрылып, "Өлкө бюджетинин профицит менен коштолгону жакшы. Бирок, бир гана сандардын салыштырмасы менен эмес, элдин чыныгы жашоосундагы айырмачылыктар менен өзгөчөлөнгөндө гана өлкө өнүгүшү, - деп бааланат", - деп билдирди.

Уктуруунун жүрүшүндө депутат радиоугармандардын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга каралган жардамдар, коомдук транспорттордун ички каттамдарына мүнөздүү болгон бир топ суроолоруна жооп берди.  

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү