Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жарандар менен иштөө бөлүмүнүн жана Өткөрмө секторунун иш тартиби

16-06-2016
15:51

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде экскурсияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жарандардын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, окуу жайларынын өкүлдөрүнүн экскурсияларын уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты (мындан ары - Жогорку Кеңештин Аппараты) тарабынан Аппараттын жетекчисинин же анын орун басарынын макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин административдик имаратында экскурсиялар төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
- Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын иши менен таанышуу;
- Жогорку Кеңештин ишинин ачык-айкындыгын жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде Мыйзам чыгаруу бийлигин жана контролдук иш милдеттерин жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган катары анын иши жөнүндө объективдүү маалымат берүүнү камсыз кылуу;
- билим берүү жана тарбиялоо процессин жүргүзүүдө окуу жайларына көмөктөшүү.
1.2. Жогорку Кеңеште экскурсиялар "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 156-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Административдик имараттарга кирип-чыгуу режими жөнүндө" Жобого, ушул Жобого жана Жогорку Кеңештин башка актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Экскурсияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

2.1. Жогорку Кеңеште экскурсияларды өткөрүүгө табыштама Жогорку Кеңештин депутаттарынан, жергиликтүү кеңештерден, жарандардан, жарандык коомдон жана окуу жайларынан берилет.
Экскурсия өткөрүүгө табыштама жазуу жүзүндө Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин атына Жогорку Кеңештин Аппаратына экскурсия өткөрүүнүн болжолдуу датасынан 10 күндө мурда берилет.
2.2. Экскурсияга берилген табыштамада катышуучулардын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, экскурсиянын датасы жана убактысы көрсөтүлөт.
2.3. Экскурсияга катышууга табыштама түп нускада кабыл алынат.
Жогорку Кеңештин Аппараты табыштама берүүчүлөрдү кабарландыруу менен экскурсиянын болжолдуу датасын жана убактысын өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.
2.4. Экскурсиянын катышуучуларынын саны 40 адамдан ашпоого тийиш.
2.5. Экскурсиянын катышуучуларынын тизмеси Жогорку Кеңештин Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү же жооптуу кызматкери тарабынан № 3 Контролдук-өткөрүү пунктуна (мындан ары - КӨП) жана № 3 жана 4-посторуна берилет.
2.6. Экскурсиянын катышуучусунун инсандыгын тастыктаган документи (паспорт: жалпы жарандык же ID-карт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк (жашы жетпеген адамдар үчүн) аскер билети, пенсиялык ырастама, айдоочунун күбөлүгү, студенттик билет же кызматтык ырастама) болууга тийиш.
2.7. Кыргыз Республикасынын МУКК кызматы (мындан ары - 9-кызмат) берилген табыштаманы атайын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча катышуучунун тизмесине кирген адамды Жогорку Кеңештин имаратына экскурсияга киргизбөөгө укугу бар.
2.8. Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн кызматкерлери чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушууларын уюштурат жана Жогорку Кеңештин имаратында коштоп жүрүшөт.
Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин бөлүмүнүн кызматкерлерине Жогорку Кеңештин имаратында окуу жайлары үчүн уюштурулган экскурсияларда жолугушууларды өткөрүү жана катышуучуларды коштоп жүрүү жүктөлөт.
Уюштуруу иштери бөлүмүнүн кызматкерлерине Жогорку Кеңештин имаратында жарандардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушууларын уюштуруу жана коштоп жүрүү жүктөлөт.
Уюштурулган экскурсиялардын максатына жараша экскурсияларды өткөрүүгө Жогорку Кеңештин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле экскурсияны өткөрүүгө табыштама келип түшкөн депутаттардын жардамчылары жана консультанттары тартылышы мүмкүн.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жооптуу кызматкерлери экскурсия башталгандан ал аяктаганга чейин экскурсия тобун коштоп жүрөт. Топ № 3 КӨП аркылуу өткөрүлгөндөн кийин экскурсия аякталды деп эсептелинет.
Экскурсиянын программасына ылайык жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси же анын орун басары менен макулдашуу боюнча экскурсиянын катышуучулары Жогорку Кеңештин иши менен таанышуу үчүн Жогорку Кеңештин ачык жыйналыштарына катыша алат. Жыйналыштар залында болуунун убактысы, анын узактыгы жана Жогорку Кеңештин ачык жыйналышына экскурсиянын катышуучуларынын катышуу кезеги уюштуруу иштери бөлүмү тарабынан жөнгө салынат.

3. Экскурсиялардын катышуучуларынын жоопкерчилиги

3.1. Экскурсиянын катышуучусу экскурсиянын маршрутун жана программасын, тартипти бекем сактоого, коомдук тартипти бузбоого жана аларды коштоп жүргөн Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлеринин талабын аткарууга тийиш.
Белгиленген тартип бузулган учурда ошол адам Жогорку Кеңештин имаратынан жана аймагынан чыгарылууга жатат.
3.2. Эгерде экскурсия өткөрүлгөн учурда күтүлбөгөн кырдаалдар түзүлсө же экскурсиянын катышуучулары тарабынан экскурсияны өткөрүү (өркүндөтүү) боюнча сын-пикирлер жана сунуштар келип түшсө жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси же Жогорку Кеңештин Аппаратынын жооптуу кызматкери маалыматты Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин наамына жөнөтөт.
Жогорку Кеңеште өткөрүлгөн экскурсиялардын эсебин жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңештин Аппаратынын жооптуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан экскурсиянын журналы жүргүзүлөт.
3.3. Жогорку Кеңеште жарандар жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, окуу жайларынын өкүлдөрү үчүн экскурсияларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча Жогорку Кеңештин иши республикалык жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин Аппаратынын басма сөз кызматы тарабынан чагылдырылууга жатат.