Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КЫРГЫЗ ПАРЛАМЕНТИНИН   ТАРЖЫМАЛЫ

15-06-2016
18:49

Кириш сөз

Кыргызстанда коомдук өнүгүүнүн негизи болуп калган “демократия” жана “парламентаризм” түшүнүктөрү  кокусунан пайда боло калган эмес жана бекеринен орун алган жок. Байыркы убактан бери эле кыргыздардын коомдук түзүлүшүндө элдик демократия менен парламентаризмдин белгилери болуп келген. Жалпы элдик курултайлар   бийликтин түйүндүү чечимдерди кабыл алуучу жогорку институттары болгон. Тарыхтын тагдыр чечер учурларында элдик  курултайлар кыргыз элинин келечегин аныктаган чечимдерди кабыл алган. Узак жана бай тарыхыбыз аркылуу бабаларыбыз эркиндиктин ыйык баалуулуктарын сактап,  улам кийинки муундарга берип жүрүп отурду.

Парламентаризм – эң байыркы саясий институттардын бири. Бирок, ал ойдогудай өркүндөтүүгө али жетише элек. Жадагалса демократиянын өнүгүшү өтө жогору болгон өлкөлөрдө да анын үстүндө иштөө зарыл болгон жетиштүү көйгөйлөр бар. Бир нерсе шексиз: биз парламентаризмдин баштапкы стадиясында турабыз, биздин жоопкерчилигибиз абдан зор жана парламенттик демократияны куруу жолу жеңил эмес. Бул максатка жетишүү үчүн ар бирибиз мындан ары да талбай жана берилип эмгек кылуубуз зарыл.

Кыргызстан элинин демократиялык шайланма өкүлчүлүк органы катары Жогорку Кеңеш калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган. Ага өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү, ички жана тышкы чакырык-көйгөйлөргө  өз убагында көңүл буруу, коомдун күтүүлөрүнө жооп берүү, укуктун үстөмөндүгүн бекемдөө, адамдын укуктарын камсыздоо жана коррупциядан эркин коомду курууга көмөктөшүү милдети жүктөлгөн.

Парламентаризмдин тарыхынан

Дүйнөнүн европалык бөлүгү парламентаризмдин жаралуу мекени катары айтылып келет. Бирок, коомдун, уруунун жана уруктун жашоосунун негизги маселелери боюнча чечимдер талкууланып жана кабыл алынып турган алгачкы формасы – аксакалдар кеңеши, элдик жыйындар, курултайлар түрүндөгү элдик өкүлчүлүктүн баштапкы органдары коомдук түзүлүштүн эӊ байыркы доорунда бардык эле элдерде  болгонун да белгилей кетүү керек.

Парламентаризмдин жана анын салттарынын андан кийинки өнүгүшү тарыхый, экономикалык, социалдык шарттарга байланыштуу дүйнөнүн тарыхында алгачкы жолу монархияны алмаштырган жаңы мамлекеттик түзүлүш – республика пайда болгон Греция менен Римде улантылат.

Байыркы Греция менен Римде элдик чогулуштардын ролу чечүүчү мааниге ээ болгон. Алар бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот органдарын түзүп, чогулушка отчет берип турган. Афиныдагы Бешжүзчүлөрдүн кеңеши, ал эми Рим Республикасындагы Сенат бийликтин мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын аткарган. Кийин алар саясий аренадан чыгып калды.

Ал эми парламентаризм идеясы XIII кылымда Англияда кайра жаралган жана андан ары анын классикалык түрү калыптанган.

Азыркы убакта парламенти болбогон бир дагы өлкө жок. Ар кайсы өлкөлөрдөгү парламенттер өз түзүмү, ыйгарым укуктары, аталышы жагынан классикалык үлгүдөн айырмаланып тургандыгына карабастан, анын негизги милдеттери окшош жана парламент кандай гана болбосун мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнүн таянычы болуп эсептелет.

Кыргыз элдик демократиясынын башаттары

Кыргыз парламентаризминин таржымалынын башаты бүткүл элдин эрк-ыктыярын билдирүүнүн формаларыболуп саналган курултайлар жана элдик жыйындар чоң мааниге ээ болгон өткөн илгерки мезгилдерде жатат. Демейде мындай жыйындар жылына бир жолу өткөрүлүп, анда элдин күнүмдүк жашоосу үчүн маанилүү болгон маселелер талкууланып турган.

Мунун баары байыркы кыргыз элинин жашоосунда курултайлар коомдук жана аскердик демократиянын түзүмдөрүн калыптандырып тургандыгын дагы бир жолу ырастайт. Ошондуктан, бүгүнкү күнгө чейин “курултай”, “элдик жыйын”, “аксакалдар кеңеши” сыяктуу түшүнүктөр элдик башкаруунун негизи катары сакталып калган.

Түрк тилдүү элдердин тамыры азыркы Борбордук Азияны мекендеген “бийик калпакчан сак көчмөндөрүнө” барып такалат. Кийин түрк көчмөн урууларынын бирикмеси – хунну өз ээликтерин Европага чейин кеңейтүү менен, “гунндар” деген ат менен дүйнөлүк тарыхта калган. Алардын курамына кирген кыргыздар жөнүндө алгачкы маалымат байыркы кытайлык “Тан-Шу” – Тан турпаты жөнүндө баянда” берилген (б.д. чейинки 201-жыл). Окумуштуулардын пикири боюнча, уруулар бирикмесинде аскердик көчмөн демократиянын доорону өкүм сүргөн.

IX-X кылымдарда кыргыз ордосу Энисей дарыясынын жана Миң-Суу өрөөнүнүн аймагында жайгашкан каганатты негиздеген. Көрүнүктүү орус окумуштуусу Бартольд каганат доорун “Кыргыз улуу державасы” атаган. Анын башында каган турган. Ал мезгилде уруулардын башчыларынан турган кагандын алдындагы аксакалдар кеңеши кеңеш берчү органдын милдетин аткарган.

Кыргыздар 1508-жылы Тагай бийди (Мухаммед Кыргыз – 1469-1533) ак кийизге салып, кан көтөргөн. Ордосун Көл кылаасындагы Барскоон жергесинде тиккен. Ал башкарган чөлкөм “Кыргыз улусу” аталган. Бул мезгил чачыранды кыргыз урууларынын башын кошуп, мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү аракети көрүлгөн улуттук тарыхыбыздагы өтө урунттуу учурлардын бири болгон.

Тагай бий кыргыз журтунун кызыкчылыгын коргоп, жонгор жана маңгул тектүү төбөлдөрдүн үшүн алгандыктан, Кашкар түрмөсүндө эки ирет – баш-аягы 15 жыл бою камакта жаткан. Ал 1533-жылы кыргыз журтунун күчтөнүп баратканын көралбаган Моголстан төбөлдөрүнүн кутуму менен өлтүрүлгөн.

Кыргыздардын Россиянын курамына өтүшү кыргыз элинин жашоосу менен тиричилигине орусиялык мыйзамдардын жигердүү киргизилишин, жаңы административдик-аймактык бирдиктердин белгиленишин шарттаган. 1906-жылы падышалык Россия империясы өзүнүн алгачкы парламентин – Мамлекеттик Думасын түзүү менен өзүнүн колониялык аймактарынын элдеринин өкүлдөрүн мамлекеттик башкарууга жарым-жартылай тартууга умтулган. Бирок, кыргыздар парламенттин ишине жана мамлекеттик маанидеги ар кандай маселелерди чечүүгө түздөн-түз катыша алган эмес. Россия парламентинин ишиндеги кыргыздардын ролу IV чакырылыштагы Мамлекеттик Думага өзүнүн алгачкы өкүлүн – Байсары улуу Кыдыр акени шайлоо менен гана чектелген.

Советтик мезгилдеги кыргыз парламенти

1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин мамлекеттик бийликтин курамындагы парламенттин милдетин Жумушчу жана дыйкандар депутаттарынын кеңештери (советтери) аткара баштаган. Парламент өзүнүн тышкы белгилерин сактап калгандыгына карабастан, кеңештер толук баалуу мыйзам чыгаруу органдары боло алган эмес. Адегенде 1924-жылдын 21-октябрында Кыргызстанда Революциялык комитет түзүлүп, ал Кыргыз Автономиялуу областынын бардык бийлик бутактарынын милдеттерин бириктирип аткарып, анын башында Иманалы Айдарбеков турган. 1927-жылдын 27-мартында Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Борбордук аткаруу комитети (БАК) түзүлгөн, Абдыкадыр Орозбеков төрага болуп шайланган.

Иманалы Айдарбеков жана Абдыкадыр Орозбековдон кийин совет доорунда кыргыз парламентин Асаналы Толубаев, Молдогазы Токобаев, Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Темирбек Кошоев, Таштанбек Акматов, Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов жетектеп келген. Алардын ар биринин Кыргызстан аймагында элдик бийликтин өкүлчүлүк органынын калыптанышына кошкон салымы бар.

Борбордук аткаруу комитетинин жана анын Президиумунун сессиялары республиканын аймагында турган бардык органдар тарабынан милдеттүү аткарыла турган токтомдор менен резолюцияларды кабыл алган. Бирок, мыйзамдарды кабыл алуу андан жогору турган органдардын ыйгарым укуктарына кирген.

1936-жылы Кыргызстан Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – СССР курамындагы 15 союздук республиканын бири болуп калган. 1937-жылкы Конституциясына ылайык, кыргыз парламентинин ыйгарым укуктарын 1938-жылдын 18-июлунан тарта 1994-жылга чейин тике шайланган бир палаталуу Кыргыз ССР Жогорку Совети аткарган.

1938-жылдын 24-июнунда республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органына – Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн.

Экинчи чакырылышка шайлоо андан тогуз жыл өткөндөн кийин гана – 1947-жылдын 16-февралында өтөт. Булкыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согушка катышуусу менен байланыштуу болгон.

Андан ары Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоонун мыйзамдар менен бекитилген мезгили (төрт, андан кийин беш жыл) так сакталып келген. 1951-жылдын 18-мартында үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Советке шайлоо болгон.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин төртүнчү чакырылышы 1955-жылдын 6-мартында шайланган. 1959-жылдын 15-мартында бешинчи чакырылышы шайланган.

Көрсөтүлгөн мезгилде Советтердин милдеттери айкындаштырылган жана кыйла кеңейтилген. Ошону менен бирге депутаттардын саны да көбөйгөн. Эгерде биринчи жана экинчи чакырылышта 284 депутат шайланса, үчүнчү чакырылышта 313 депутат шайланат. Төртүнчү жана бешинчи чакырылыштардагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин курамында 329 депутат болгон.

Биринчи чакырылыштан сегизинчи чакырылышка чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттары 4 жылдык мөөнөткө шайланган. Тогузунчу чакырылыштан тартып (1975-жыл) депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтү 5 жылга белгиленген.

Өткөн кылымдын 90-жылдарынан тартып депутаттарды шайлоо тартиби олуттуу өзгөргөн – шайлоо алгачкы жолуальтернативалык негизде өткөрүлгөн. 1990-жылдын 23-февралында он экинчи чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттарын шайлоо болгон. Жогорку өкүлчүлүк органы кеңири демократиялык негизде шайланган. “Легендарлуу парламент” Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолундагы алгачкы кадамдар үчүн укуктук шарттарды түзгөн.

Өткөөл мезгил: “Легендарлуу парламент”

Элдин эсинде “легендарлуу парламент” катары калган он экинчи чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Совети 1990-жылы шайланган. Ал 1990-жылдын апрелинен 1994-жылдын сентябрына чейин иштеген. 1993-жылдын майынан тартып, жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен Кыргыз мамлекетинин мыйзам чыгаруу органы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши деп атала баштаган.

Жогорку Советтин (Жогорку Кеңештин) жыйналыштары сессиялык негизде, жылына кеминде эки жолу өткөрүлүп, сессиялардын аралыгындагы мезгилде анын милдеттерин Жогорку Советтин Президиуму аткарып турган. Парламенттин курамы тике шайланган 350 депутаттан турган.

СССРдин ыдырашы менен мамлекеттин мурдагы саясий түзүлүшү өзгөрдү. КПСС бийлиги жокко чыгарылып, өлкөнүн жогорку бийлиги Жогорку Советтин колуна өткөн. Мыйзам чыгаруучулук, тескөөчүлүк, көзөмөлдүк милдеттер Кыргыз Республикасынын ар кандай маселени кароого жана чечүүгө ыйгарым укуктуу болгон парламенттин карамагына өткөн.

Ошентип, эгемендүү мамлекет түзүүгө багыт алган Кыргызстан көз карандысыздык жолундагы алгачкы кадамдарын парламенттик башкаруу түрүндө баштаган. Дал ошол өткөөл мезгилде советтик тоталитардык-буйрукчул режимди талкалоого өзүнүн олуттуу салымын кошкон “легендарлуу парламент” эгемендүү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын жана демократиялык түзүлүшүнүн саясий, укуктук жана экономикалык негизи болуп калган бир катар маанилүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган.

XII чакырылыштагы парламенттин 14 сессиясында миңге жакын маселе каралып, 148 жаңы улуттук мыйзам кабыл алынган, жаңы жана мурдагы 105 мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, ошондой эле 964 токтом бекитилген. Кыргызстан көз карандысыздык принцибин иш жүзүнө ашырып, тоталитардык системадан ырааттуу четтөө менен, эгемен мамлекетти кура баштаган.

XII чакырылыштагы парламент тарабынан Эгемендүүлүк жөнүндө декларация (1990-ж.), Көз карандысыздык жөнүндө декларация (1991-ж.) кабыл алынып, эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Президенти шайланган (1991-ж.), ошондой эле эгемендүү Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясы кабыл алынган (1993-ж.). Андан тышкары, мамлекеттик башкы символдор – Желек (1992-жылдын 3-марты), Герб (1994-жылдын 14-январы), Гимн (1992-жылдын 18-декабры) кабыл алынып, улуттук валюта – сом киргизилген (1993-жылдын 3-майы). Бир сөз менен айтканда, алдыга арымдуу максаттар коюлуп, анын алгачкы натыйжаларына жетишилген.

Парламенттин бул чакырылышы доорлордун кыйчалыш кырдаалында иштеди. Совет мезгилинде шайланган булпарламент олуттуу тарыхый окуялардын чордонунда болуп калды. Советтик турмуштун калыптанып калган эрежелеринжеңип өтүп, ал эгемендүү мамлекет катары Кыргызстандын жашоосунун укуктук базасын аныктаган тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алып, жаңы шарттардагы ишке багыт алууга жетишкен.

Парламент Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясына (КМШ ПАА), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясына (ЕККУ ПА), Ислам конференциясы уюмунун Парламенттик бирлигинин (ИКУ ПБ), Парламенттер аралык бирликтин мүчөсү болуу менен, эл аралык деңгээлде жигердүү аракеттене баштады.

Жогорку Кеңеш Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдөгү кыйчалыш кырдаал орун алган чыр-чатактарды басууда кыйла аракеттерди жасады. Жогорку Кеңештин Төрагасы Медеткан Шеримкулов өзү да Тоолуу Карабахтагы кагылыш боюнча Парламенттер аралык ассамблеянын тынчтыкты сактоо тобун түзүү тууралуу Парламенттер аралык ассамблея Кеңешинин чечимдерин аткаруу боюнча зор иштерди аткарды. 1994-жылдын 5-майындагы жолугушуунун жыйынтыгында дүйнөлүк коомчулук тарабынан жалпысынан Тоолуу Карабахтагы кырдаалды жөнгө салууга түрткү бере турган каршылаш тараптардын согушту токтотуусуна иш жүзүндө жасалган алгачкы кадам катары бааланган «Бишкек протоколуна» кол коюлду.

Тилекке каршы, мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосунда пайда болгон тирешүүлөр менен пикир келишпестиктер XII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркашына алып келген. 1994-жылдын 13-сентябрына пландаштырылган Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы кворумдун жоктугунан болбой калган. Түзүлгөн кырдаалга парламенттик кризис катары баа берилип, ал “легендарлуу парламенттин” өзүн өзү таркатышы менен аяктаган.

Жогорку мекенчилдикти көрсөтүп, кесипкөй парламентаризмди түзүүдө жагымдуу жагдай шарттап, XII чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өлкөнүн тарыхына өзүнүн алтын барактарын жазып калтыра алды.

Түйшүктүү эгемендешүү жүрүмүн эч кыйынчылыксыз эле баштан кечирип, тоталитардык бийлик саркындыларынан, консерваторлордун кысымынан акырындап арылуу менен унитардуу, башкарууга дин аралашпаган, демократиялык мамлекет бардык башкы белгилери менен кошо конституциялык түрдө жол-жоболоштурула баштады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык 1995-жылдын февралында I чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо өткөн.

1995 - 2000-жылдар аралыгында Кыргызстанда биринчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин эки палаталуу парламенти – Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны иштеп, алардын депутаттары бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланган. Анын эки палатасынын биринчи жыйналышы 1995-жылдын 28-мартында болгон.

Иши туруктуу жана кесиптик негизде жүргүзүлгөн Мыйзам чыгаруу жыйынынын курамына 35 депутат кирген. Иши сессиялык негизде жүргүзүлгөн Эл өкүлдөр жыйынынын курамы 70 депутаттан турган. Тең шайлоо шарттарында шайланган эки палатанын депутаттарынын укуктары бирдей болгон. Муну менен эки палаталуу кыргыз парламенти дүйнөнүн башка парламенттеринен айырмаланып турган.

Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны 17 сессия, алардын алкагында 186 пленардык жыйналыш өткөргөн. Жыйындын көңүл борборунда өлкө турмушундагы өтө маанилүү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык маселелер турган. Ал багытта 987 токтом, 268 мыйзам кабыл алынып, анын ичинде 157 мыйзамдын жактырылышы мунун айкын күбөсү.

Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 556 мыйзам, анын ичинде 13 кодекс жактырылып жана кабыл алынып, Президент 543 мыйзамга кол койгон. Баарыдан мурда, укуктук мамлекеттин негизги пайдубалы болуу менен өлкө турмушунун маанилүү чөйрөлөрүн жөнгө салып, кайра курумдарга багыттай турган жаңы кодекстерди белгилей кетүү абзел.

Жогорку Кеңештин палата-жыйындарынын иш тажрыйбасы мыйзам чыгаруу ар мыйзам актысын сапаттуу даярдоого, даярдык материалдарын топтоого, окшош мыйзамдарды талдап чыгууга зарыл шарттарды түзүүнү талап кылган өтө машакаттуу жүрүм экенин көрсөттү.

2000 - 2005-жылдар аралыгында Кыргызстанда экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин жүзөгө ашырган. Ал 105 депутаттан турган. 1998-жылдагы үчүнчү конституциялык реформанын жүрүшүндө шайлоосистемасына өзгөртүүлөр киргизилген жана кыргыз парламентинин палаталарынын сандык курамы кайрадан каралган. Эми Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме боюнча шайланган. Эл өкүлдөр жыйыны 45 депутаттан турган.

2003-жылдагы конституциялык реформа менен 2005-жылы бир палаталуу парламент түзүлө тургандыгы белгиленген. Сунуш кылынган Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин жаңы курамын партиялык тизмелер боюнча шайлоону карап, сандык курамы 90 депутаттан турган. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңешке шайланган саясий партиялар Өкмөттү түзүүгө укук алган. 2007-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган.

2007-жылдын 16-декабрында болгон шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн тарыхында биринчи жолу партиялык тизмелер боюнча шайланган IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Анда үч саясий партия өкүлчүлүк кылган.

2010-жылдагы апрель окуяларынын натыйжасында IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин токтоткон.

Кыргызстанда 2010-жылдын апрелинде болуп өткөн кайгылуу окуялардан кийин мамлекеттик бийлик алмашып, коомдук-саясий абал өзгөргөн. 

2010-жылдын 27-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын кеңейтилиши менен бирге анын жоопкерчилиги да күчөтүлгөн.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин шайланышы менен Кыргызстандын азыркы тарыхында жаңы барак ачылган. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы парламенттик-президенттик башкаруу формасындагы өлкө болуп калды.

29 саясий партия катышкан 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун натыйжалары боюнча 5 саясий партия жеңип чыккан. Парламенттеги 120 депутаттык мандат төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: “Ата-Журт” партиясы – 28 мандат; “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” – 26 мандат; “Ар-Намыс” партиясы – 25 мандат; “Республика” партиясы – 23 мандат; “Ата Мекен” партиясы – 18 мандат. Жогорку Кеңештин структурасында  14 комитет түзүлгөн.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин алдында улуттук мыйзамдарды мындан ары өркүндөтүү, кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, алардын талаптарын республиканын бардык региондорунда шайлоочулардын кеңири катмарына түшүндүрүү боюнча жаңы милдеттер турду. Парламенттин мындан аркы өнүгүүсүнө сереп салган, конкреттүү кадамдардын жана зарыл аракеттердин этаптарын, б.а. көздөгөн максатка жеткирүүчү “жол картасын” чагылдырган концептуалдык документти иштеп чыгуу зарылдыгы пайда болду. Парламентаризмди өнүктүрүүгө карата стратегиялык көз карашты, концептуалдык мамилени иштеп чыгуу керек эле, анткени муну Жогорку Кеңештин конституциялык ыйгарым укуктарын натыйжалуу аткаруу, Жогорку Кеңештин иш-аракетин жана анын түзүмүн оптималдаштыруу милдети талап кылды.

2013-жылдын январында парламент 2016-жылга чейин Жогорку Кеңешти өнүктүрүүнүн Стратегиясын (мындан ары – Стратегия) кабыл алды. Анда Жогорку Кеңештин иш-аракетинин артыкчылыктуу багыттары аныкталган. Стратегиянын максаты - Конституциянын талаптарына жана коомдун күтүүлөрүнө жооп берген, азыркы замандын талаптарына тез жана шайкеш келүүгө жарамдуу, натыйжалуу, туруктуу иштей турган парламенттик уюмду түзүү болуп саналат.

Стратегия Жогорку Кеңештин бардык – мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана көзөмөл кылуу ыйгарым укуктарын, ошондой эле тармактык комитеттердин жана парламенттик фракциялардын ишин, парламенттин башка мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенишүүсүн камтыйт.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясын ишке ашырууну мыйзам чыгаруу жагынан камсыз кылуу иш-милдетин жана Улуттук Стратегиянын аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүнө алууга тийиш. Бул үчүн анын жоболорун турмушка ашырууда зарыл мыйзамдык база болууга тийиш болгон, биринчи кезекте каралып, кабыл алууга жаткан мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын тизмегин бекитүү керек эле.

Парламентаризмди өнүктүрүүгө жана мыйзам жаратууга карата системалык илимий мамиле жасоо зарыл, мында Жогорку Кеңештин комитеттери өздөрүнүн карамагындагы маселелерге жараша, колдонуудагы ченемдик-укуктук базаны жана мыйзамдардын аткарылуусунун сапатын талдоого алуу боюнча ишти жүргүзүүгө, Өкмөткө жаңы мыйзамдарды жана программаларды иштеп чыгуу үчүн түйүндүү багыттарды сунуш кылууга чакырылган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин фракцияларынын жана комитеттеринин жарандык сектор жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун арттыруу да талап кылынган.

Стратегиянын алкагында “Электрондук документ жүгүртүү”, “Мыйзам долбоорлорун эксперттөө кызматы”, “Мыйзам долбоорлорунун тексттерин шайкеш келтирүү кызматы”, “Видеоконференция”, “Илимий-изилдөө борбору”, “Парламенттин электрондук китепканасы жана архиви”, “Электрондук турникет” сыяктуу долбоорлор ишке ашты.

Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдардын аткаруу бийлик органдары тарабынан аткарылуусуна олуттуу көңүл бурду.

Өз иш-аракетинин ачык-айкындуулугун жана жарандардын парламенттин иши, кабыл алынган мыйзамдар тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу максатында Жогорку Кеңеш 2013-жылдын май айында “Парламент” радиосунун уктуруу аймагын кеңейтти, областтык борборлорго жана аларга жанаша райондорго парламенттин жыйналыштарынан түз алып берүүлөр жана башка берүүлөр уктурула баштады. Жыл сайын Жогорку Кеңеште жергиликтүү, чет өлкөлүк жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын 300гө жакын журналисти аккредиттелип, алар парламентте өткөрүлгөн бардык жыйналыштарга жана расмий иш-чараларга эркин кире алышат.

Президенттик-парламенттик башкаруу формасынан парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү Жогорку Кеңештин ролун өзгөрттү, анын кабыл алган чечимдери жана жасаган аракеттери үчүн жоопкерчилигин орчундуу жогорулатты. Бул болсо Жогорку Кеңештин чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташуусун, парламенттик башкаруу өкүм сүргөн мамлекеттер менен парламентаризм тажрыйбаларын алмашууну жандандырууну, ошондой эле парламенттер аралык уюмдар менен кызматташтыкты күчөтүүнү талап кылды.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жогорку өкүлчүлүк органы катары өзүнүн иш-милдетине толук туура келди. Парламентте коом жана мамлекет үчүн маанилүү болгон абдан актуалдуу, кечиктирилгис маселелер көтөрүлдү жана каралды. Албетте, мындай маселелерди кароо жана алар боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алуу мыйзамдуулукту, туруктуулукту чыңдоого, ошондой эле иш натыйжалуулугун арттырууга, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга көмөк берди.

             Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеши

            2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

            Болуп өткөн шайлоо өнөктүгү мыйзамда белгиленген тартипте  биометриялык каттодон өткөн, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарын  шайлоочулардын тизмесине киргизилгендиги менен айырмаланды.

            Шайлоого 14 саясий партия катышып, 6 саясий партия Жогорку Кеңешке келди, алар:

            - “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы – 38 мандат;

            - “Республика-Ата Журт” саясий партиясы – 28 мандат;

            - “Кыргызстан” саясий партиясы – 18 мандат;

            - “Өнүгүү-прогресс” саясий партиясы – 13 мандат;

            - “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана патриотизм партиясы – 12 мандат;

            - “Ата Мекен” социалистик партиясы саясий партиясы – 11 мандат.

            Улуттук курамы боюнча алганда Жогорку Кеңеште кыргыз,  орус, өзбек, дунган, уйгур, казак, тажик, татар улуттарынын өкүлдөрү бар.

            Гендердин теңчиликтин мыйзамда белгиленген нормаларынын сакталышы камсыз кылынган.

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

1. Жогорку Кеңеш:

1) референдум дайындоо жөнүндө мыйзамды кабыл алат;

2) Президентти шайлоону дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш:

1) Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамда белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү жөнүндө маселелерди чечет;

5) республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет;

6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет;

7) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

3. Жогорку Кеңеш:

1) Өкмөттүн ишинин программасын бекитет, карамагында коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери болгон Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктайт;

2) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитет;

3) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;

4) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын шайлайт; конституциялык мыйзамда каралган учурларда Президенттин сунушу боюнча аларды кызматынан бошотот;

2) мыйзамда каралган тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

3) Президенттин сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзам менен каралган учурларда аны кызматынан бошотот;

4) Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлайт: курамынын үчтөн бирин – Президенттин сунушу боюнча; үчтөн бирин – парламенттик көпчүлүктүн сунушу боюнча жана үчтөн бирин – парламенттик оппозициянын сунушу боюнча; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматынан бошотот;

5) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлайт: курамынын үчтөн бирин – Президенттин сунушу боюнча; үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн сунушу боюнча жана үчтөн бирин – парламенттик оппозициянын сунушу боюнча; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматынан бошотот;

6) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана Мыйзамда каралган учурларда кызматынан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт жана Мыйзамда каралган учурларда аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

8) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси тарабынан Башкы прокурорду кызматынан бошотууга макулдук берет;

9) мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын добуштарынын үчтөн экисинин кем эмес көпчүлүгү менен Башкы прокурорду кызматынан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин жактырат.

5. Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө кырдаал киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык, аскердик абал киргизүү, согуштук абал жарыялоо; ал маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу маселелерин чечет;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер ортосундагы келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн анын чегинен тышкары пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) аскердик наамдарды, дипломаттык рангдарды жана Кыргыз Республикасынын атайын наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын белгилейт.

6. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин, чет өлкөлүк мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат;

3) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угат.

7. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы күнөө коет; Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.

8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана докладдарын угуу мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы менен көз карандысыздыгы жөнүндө Конституциянын жана мыйзамдардын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

9. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Фракцияларды жана коалицияларды түзүү

Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригет.

Бир партияга таандык болгон депутаттардан турган бирикмелер саясий партиялардын депутаттык фракциялары деп эсептелет. Алар бирдиктүү саясий программаны жетекчиликке алып, бирдиктүү идеологияны карманат жана бирдиктүү кызыкчылыктарды көздөйт. Фракциянын мүчөлөрү талкуулоо жолу менен Жогорку Кеңеште каралуучу маселелер боюнча фракциянын бирдиктүү көз карашын иштеп чыгат.

Фракция аны түзүү, аталышы, тизмелик курамы, лидеринин жана башка фракция жетекчилеринин фамилиялары жарыяланган учурдан тартып расмий статус алат.

Фракциялар парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик азчылыктын коалициясына биригүүгө укуктуу.

Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк деп эсептелет.

Парламенттик көпчүлүктүн коалициясына кирбеген фракциялар парламенттик азчылыкты түзөт. Парламенттик азчылык фракциясы же фракциялары  өзүнүн оппозиция экендиги жөнүндө жарыялоого укуктуу.

Парламенттик оппозиция төмөнкүлөргө укуктуу:

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орунбасарларынын кызмат ордуна;

Жогорку Кеңештин бюджет жана укук тартиби маселелери боюнча комитеттеринин төрагаларынын,  ошондой эле башка комитеттердин төрага орунбасарларынын кызмат орундарына;

мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирдей жеткиликтүү болушуна;

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, Эсептөө палатасынын, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин түзүүгө.

2015-жылдын 28-октябрында VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш алгачкы жыйналышын өткөрдү, ушуну менен ал өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Жогорку Кеңештин “Турактуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” коалициялык көпчүлүгү төрт фракциядан: “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” фракцияларынан куралды.

“Республика-Ата Журт” жана “Бир Бол” фракциялары парламенттик азчылыкты түзүштү.

Жогорку Кеңештин түзүмүнө ылайык 2015-жылдын 6-ноябрында 9 комитет түзүлдү, алар:

- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;

- Эл аралык маселелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет;

- Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет;

- Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;

- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

- Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;

- Бюджет жана финансы боюнча комитет;

- Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык парламенттик эки комитет – Бюджет жана финансы боюнча комитет жана Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет парламенттик азчылык коалициясынын карамагына берилди.

 

            Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишмердиги

Жогорку Кеңештин мыйзам жаратуу иш-аракети өлкөбүздөгү коомдук-саясый, социалдык-экономикалык жана руханий-маданий өнүгүүнүн негизги чөйрөлөрүндө ченемдик-укуктук базаны калыптандырууга, чыңдоого жана өркүндөтүүгө багытталган.

Жогорку Кеңеш мыйзамдар базасын 2010-жылы 27-июнда Кыргыз Республикасындагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык келтирүү ишти төмөндөгүдөй артыкчылыктуу багыттар боюнча негизинен камсыз кылды:

конституциялык мыйзамдарды реформалоо;

сот системасын реформалоо;

жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды реформалоо.

Аталган багыттар боюнча мыйзам жаратуу жагында чоң көлөмдөгү жумуш жасалды, бул болсо мамлекеттик, соттук жана муниципалдык бийлик органдары өздөрүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу үчүн укуктук негиздерди түзүүгө мүмкүндүк берди.

Мамлекеттик түзүлүштү жана конституциялык мыйзамдарды реформалоо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдары жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзам аркылуу жүргүзүлдү. Президентти жана парламент депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын иши, өкмөттүн иштөө принциптери ар дайым өлкөбүздүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандарынын көңүл чордонунда болуп келген. Алардын ишине жараша жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары коомубуздун ачыктыгынын жана демократиялуулугунун даражасын тастыктап келет.

Конституциялык мыйзамдарды реформалоонун ажыралгыс атрибуту адам укуктары болуп саналат. Эгерде адам укуктары чектеле турган болсо, мамлекет демократиялык боло албайт. Ошондуктан жарандык коомду чыңдоо, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин кыйшаюусуз сактоо үчүн укуктук айдың түзүлүүдө жана ал өркүндөтүлүп жатат.

Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жагында мыйзам жаратуу ишин жүзөгө ашырууда укук коргоочулар менен тыгыз байланышта иштеп, мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматташуусунун үлгүсүн көрсөтүшүүдө. Мунун натыйжасында Жогорку Кеңеш “Кыйноолордун жана адамгерчиликсиз же адамдык кадыр-баркка доо кетирүүчү башка мамиле жасоо жана жазалоо түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алды азыркы убакта бул Мыйзамдын негизинде аталган Улуттук борбордун Координациялык кеңеши түзүлдү, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары кирди. Координациялык кеңеш Кыйноолордун жана адамгерчиликсиз же адамдык кадыр-баркка доо кетирүүчү башка мамиле жасоо жана жазалоо түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жогорку башкаруу органы болуп саналат, кылмыш жасагандыкка шектелген жана айыпталган  адамдарды эркиндигинен ажыратуу жана камакта кармоо (алдын ала камоо) жайларына алдын ала ар дайым барып турууну жүзөгө ашыруу үчүн  укуктардын кеңири тизмегине ээ болот. Улуттук борбор эркиндиктен ажыратуу жана эркиндикти чектөө жайларында кыйноолорду колдонууга бөгөт коюуга, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуунун алдын алууга чакырылган.

“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамга киргизилген толуктоолор жарандардын мамлекеттик органдарга кайрылуу жагындагы мүмкүнчүлүктөрүн орчундуу кеңейтет. Кабыл алынган түзөтүүлөрдө электрондук кайрылуулар кадимки жазуу жүзүндөгү же оозеки кайрылууларга теңдештирилген. Аларды тастыктоого жана алардын мазмунуна карата коюлуучу талаптар саналып берилет, кайрылууларды кароонун тартиби регламенттелет. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл ала турган электрондук почта даректерин каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.

Өлкөнүн сот тутумунун ишине карата көптөгөн нааразычылыктар жаралып жатат. Жарандар сот органдарынын адилетсиз, калыстыктан тайган чечимдерине нааразы. Мындайча айтканда, 2010-жылдын апрелиндеги революциялык окуялардын себептеринин бири дал ушул коррупцияланган сот тутумуна байланыштуу деп айтууга болот.

Жогорку Кеңеш жаңы, адилеттүү сот тутумун түзүү ишине тикелей катышууда. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш 2012-жылы Жогорку соттун 25 судьясын шайлады жана ушуну менен Жогорку соттун мамлекет башчысы киргизген жаңы курамын мыйзамдаштырды. Сот реформасын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 конституциялык Мыйзамы кабыл алынды. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр да чоң мааниге ээ. Алар Конституциялык палатанын иштөөсү үчүн укуктук айдыңды түзөт, ага толук эмес курамда ишти баштоого жана өз ичинен төраганы, төраганын орун басарын жана судья-катчыны шайлап алууга мүмкүндүк берди.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы судьялар өздөрүнүн иш-аракетинде көз карандысыздыктын кепилдиктерин алышты, судьялардын кабыл алган чечимдери үчүн жоопкерчилиги күчөтүлдү.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамына ылайык, калыптанып калган практиканы жана андагы айкындалган, жарандардын нааразылыгын жараткан мүчүлүштүктөрдү эске алуу менен, ар кыл деңгээлдердеги соттордун ыйгарым укуктары жана жоопкерлиги бир кыйла так ажырымдалды.

“Сот-эксперттик иш жөнүндө” Мыйзам мамлекеттик сот-эксперттик мекемелер жана жеке сот эксперттери тууралуу түшүнүктөрдү биринчи жолу киргизип отурат. Буга чейин сот-экспертизасын мамлекеттик органдар гана жүргүзүп келген. Мыйзам сот-эксперттик иштин принциптерин, уюштуруучулук формаларын, анын ичинде мамлекеттик же мамлекеттик эмес сот-эксперттик мекемелердин жана жеке сот эксперттеринин иш милдеттеринин тартибин, сот-эксперттеринин негизги укуктарын жана милдеттерин белгилеген, ошондой эле сот-экспертизасын жүргүзүүсүнүн тартибине байланышкан маселелерди караган.

Сот реформасына тийиштүү жогоруда аталган мыйзамдар менен бирге, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн, тышкы жана ички коопсуздугун караган, коомдун жана инсандын маселелерин жөнгө салган, мыйзамдардын пакетин белгилөө зарыл.

Кабыл алынган “Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзам уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу жамаат башчыларынын жана мүчөлөрүнө карата таасир этүүнүн алдын алуучу чараларын киргизүү жолу менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатат.

Коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн алкагында депутаттардын тобу демилгелеген мыйзамдардын пакетинин кабыл алынышын өзгөчө белгилөө зарыл. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзам жана Кылмыш-жаза кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Ыкчам издеп табуу иши жөнүндө” жана башка мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде каптаган мындай көрүнүштөргө каршы укук коргоо органдарынын таасирдүү күрөшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоо планына ылайык эки баскычтуу система каралган. Атап айтканда, райондук кеңештер алып салынган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иши “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынган.

Жер-жерлердеги түзүлгөн кырдаалдар үчүн жергиликтүү коомчулуктун жоопкерчилигин көтөрүүнүн алкагында, айыл тургундарынын ортосундагы жарандык талаш-тартыштарды чечүүнүн кыйла жеткиликтүү коррупцияланбаган механизми катары аксакалдар сотунун ролун мыйзамдуу жогорулатуу зарыл, анткени талаш-тартыштарды кароонун жол-жоболору бекер, ыкчам жана ачык-айкын жүргүзүлө баштайт.

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген түзөтүүлөр жолдорду мыйзамсыз тоскондук үчүн администрациялык жазапул салууну карайт, анткени жолдорду тосуу башка жарандардын эркин өтүү укугун чектөөдө. Коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту бүлүндүргөндүк үчүн санкциялар да кыйла күчөтүлдү. Өндүрүш калдыктарын белгиленген жерден башка жерлерге таштап салуу жана күйгүзүү үчүн администрациялык жазапулдун  өлчөмү кыйла көбөйтүлдү.

Мыйзамдарга киргизилген мындай өзгөртүүлөр жергиликтүү бийлик органдарына өздөрүнүн аймактарында натыйжалуу башкарууну ишке ашырууга мүмкүндүк берет, жарандардын жүргөн-тургандыгы үчүн жоопкерчилигин жогорулатат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Алар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарды андан ары өркүндөтүү планына ылайык жарандардын, дагы башка шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын шайлоо укуктарына кеңири кепилдиктерди камсыз кылуу, ошондой эле аталган Мыйзамдагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында иштелип чыккан. Мыйзамда шайлоо бюллетенинин текстин бекитүүнү гана аймактык шайлоо комиссиясынын карамагына калтыруу сунуш кылынат, бюллетендин формасын бекитүү укугу алып салынып, ал Борбордук шайлоо комиссиясына берилген.

Жогорку Кенештин депутаттарын жана жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө бузууларды жана жасалмалоолорду жокко чыгаруу максатында жарандардын биометрикалык маалыматтарын, шайлоочулардын электрондук тизмелерин пайдалануунун автоматташтырылган технологиялары, автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды пайдалануу мыйзам түрүндө киргизилди.

Шайлоочулардын тизмесине добуш күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

Шайлоочулардын тизмесин түзүү калктын Бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече жана биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.

Жогорку Кенештин мыйзам жаратуу иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине – Евразия Экономикалык Бирлигине киришине байланышкан мыйзам актыларын кабыл алуу орчундуу мааниге ээ болгондугун белгилөө керек.

Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Армения Республикасы менен бир катарда Кыргыз Республикасынын Евразия Экономикалык Бирлигине кириши тышкы экономикалык жана тышкы соода иш-аракети жагында өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн шарттарды түзөт.

Социалдык саясатка: үй-бүлөнүн, балдардын көйгөйлөрүнө, бийик тоолуу жана башка шарттарда жашаган жана иштеп жатышкан жарандардын ден соолугун коргоо, социалдык кепилдиктерге тийиштүү мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин депутаттарынын көңүл борборунда турат. Жаңы Турак жай кодексин кабыл алуу менен, жарандардын турак жай укугун коргоонун укуктук кепилдиктери түзүлдү.

Бюджет, салык, финансы, банк жана бажы маселелерин жөнгө салуу боюнча мыйзамдар өркүндөтүлдү.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу иши жөнүндө айтканда, мыйзам долбоорлорун талкуулоонун же маанилүү маселелерди кароонун жүрүшүндө депутаттардын ачык-айкын айтылган курч пикирлери, кайчы пикирлер бул ишке тоскоол болгон жок, тескерисинче парламенттин кыйла такталган жана калыс чечимдерди кабыл алуусуна көмөк берди.

Эл аралык ишмердик

Бүгүнкү күндө парламенттик дипломатия бардык демократиялык мамлекеттер үчүн эл аралык кызматташтыктынжана интеграциянын өтө маанилүү каналдарынын бири, чет өлкөлүк кесиптештер менен иштиктүү жана ишенимдүү мамилелерди түзүүнүн натыйжалуу жолу болуп саналат.

Кыргызстандын парламентаризмге өтүүсүнүн натыйжасында парламенттер аралык кызматташтык эки жана көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ болууда.

Парламенттер аралык кызматташтыкты, ошондой эле чет өлкөлөрдүн парламенттери менен достук байланыштарды чыңдоо максатында, Жогорку Кеңеште дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча депутаттык достук топтору түзүлгөн. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин делегациялары парламенттер аралык төмөнкүдөй уюмдар менен жигердүү иш алпарууда:

- КМШга катышуучу мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясы (КМШ ПА);

- ЕККУ Парламенттик Ассамблеясы;

ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы;

- Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА);

- Ислам конференциясы уюмунун Парламенттик Бирлиги (ИКУ ПБ);

- Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ЕКПА) ж.б.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын парламенттер аралык түзүмдөрдүн ишине катышуусу эки жана көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, тышкы саясий жана эл аралык укуктук маселелер боюнча бирдиктүү багыттарды иштеп чыгууга, жогоруда аталган эл аралык парламенттик институттардын ишине катышуунун алкагында жалпы кызыкчылыктарды коргоого оң таасирин тийгизип жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык аренадагы максатка багытталган жана ырааттуу иши Кыргызстандагы демократиянын жана парламентаризмдин негиздерин бекемдеп жана өнүктүрүп жатат.

Аппарат жана Иш башкармалыгы

Жогорку Кеңештин иш-аракетин анын Аппараты жана Иш башкармалыгы камсыз кылат. Аппарат укуктук, документтик жана маалыматтык камсыз кылууну жүзөгө ашырат. Иш башкармалыгы Жогорку Кеңештин иш-аракетин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону ишке ашырат. Аппараттын жана Иш башкармалыгынын структурасында дайындуу бөлүмдөр каралган, алардын ар бири иштин өзүнө тийиштүү тилкеси үчүн жооп берет.

Жогорку Кеңештин иш-аракетин укуктук жактан камсыздоону Юридикалык бөлүм, Укуктук экспертиза бөлүмү жана Адистешкен экспертиза түрлөрү бөлүмү жүргүзөт. Парламенттин ишинин уюштуруучулук жагын Мамлекеттик кызмат жана кадрдык иш бөлүмү жана  Уюштуруу иштери бөлүмү камсыз кылат. Документациялык иштер үчүн  Жалпы бөлүм, Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү жоопкерчиликтүү. Жогорку Кеңештин иш-аракетин маалыматтык жактан камсыз кылууну Басма сөз кызматы, Илимий изилдөө борбору, Парламенттик китепкана жана Информациялык технологиялар бөлүмү жүзөгө ашырат. Документтердин жана кабыл алынган нормативдик укуктук актылардын мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин бири бирине туура келүүсүн Лингвистикалык экспертиза бөлүмү контролдойт. Ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилден расмий тилге жана тескерисинче которууну Котормо жана редакциялоо бөлүмү жүргүзөт. Парламент кабыл алган ченемдик укуктук актылардын – кодекстердин, мыйзамдардын жана токтомдордун акыркы варианттарын даярдоону Ченемдик  укуктук актыларды иштеп чыгуу жана чыгаруу бөлүмү ишке ашырат. Жогорку Кеңештин комитеттеринин ишин профилдик комитеттердин бөлүмдөрү, фракциялардын ишин тийиштүү катчылыктар камсыз кылат.

Жогорку Кеңештин Аппаратында бошогон кызмат орундарга кабыл алуунун мурдагы ыкмасынан баш тартуу максатында 2013-жылдан тартып бош орундарга ачык конкурс  жарыяланууда. Конкурстук негизде бош орунга кызматкерлерди алуу - бул парламенттин кадрлар менен иш алып баруусундагы жаңычылдык.  Парламенттин аппаратындагы бош орунга талапкерлерди тандоо максатында түзүлгөн атайын комиссиянын ишине Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү да катышат.

Аппараттын структурасын Жогорку Кеңеш бекитет. Ал жетишердик даражада ийкемдүү жана Жогорку Кеңештин түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө жараша өзгөрүүсү мүмкүн.

Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын курамында социалдык-өндүрүштүк камсыздоо, финансылоо жана эсепке алуу, материалдык-техникалык камсыздоо, имараттарды жана коммуникацияларды пайдалануу бөлүмдөрү, Иш башкармалыгынын гаражы бар.

Аппаратта жана Иш башкармалыгында мыйзам жаратуучулук иш-аракетинде жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка кесиптик иш-аракет чөйрөсүндө иш тажрыйбасы бар, жогорку квалификациялуу, компетенттүү кызматкерлер иштейт. Аппараттын кызматкерлери мыйзам чыгаруу иш-аракетинин долбоорду иштеп чыгуудан тартып, аны кабыл алууга чейинки бардык этаптарына активдүү жана үзүрлүү катышат, ушуну менен алар бүтүндөй Жогорку Кеңештин ишинин сапаттуу болуусун көп жагынан шарттайт.

Парламенттин ишинин натыйжалуу болуусу адамдык фактор менен бир катарда анын техникалык жактан жабдылуусуна да көп жагынан көз каранды болот. Информациялык технологиялардын тынымсыз өркүндөп жатышы техникалык ресурстарды тийиштүү түрдө жаңылап турууну, ошондой эле Аппараттын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерин даярдап-окутуп турууну талап кылат. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин парламенттеги информациялык технологиялар маселелерине ар дайым көңүл бөлүүсү мына ушуну менен шартталган.