Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти

17-11-2022
14:10

2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти (мындан ары – ушул Регламент) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары – Жогорку Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары – Конституция) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышынын тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.

 

I БӨЛҮМ

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Регламентте колдонулуучу терминдер

Ушул Регламентте төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр төмөнкүдөй маанилерге ээ:

1) альтернативдүү мыйзам долбоорлору – бир эле коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталган, мыйзам чыгаруу демилгесинин ар кыл субъекттеринен Жогорку Кеңешке бир айдын ичинде келип түшкөн мыйзам долбоорлору;

2) мыйзам долбоорлорунун базасы – Жогорку Кеңешке расмий келип түшкөн жана анда катталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жыйындысы;

3) мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар – өлкөнүн жашап кетүү, коопсуздук жана өнүгүү муктаждыктары, ошондой эле мамлекеттин улуттук кубаттуулугун арттырууга жана жарандардын көпчүлүгүнүн турмуш жыргалчылыгын арттырууга кызмат кылуучу, тарыхый жана маданий мурастарынын баалуулуктары, жашоо ыңгайы, мамлекеттик саясат субъекттеринин ишинин умтулуулары жана шыктандыруулары менен шартталган кызыкчылыктар;

4) мыйзам чыгаруу сунушу – мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин, бир мандаттуу округ боюнча шайланган депутаттын же Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары – Министрлер Кабинети) сунушу;

5) шайланган депутат – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан депутат катары катталган, бирок өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга али кирише элек (шайлоонун натыйжалары расмий жарыялагандан кийин же болбосо бошогон мандатты ээлөө тартибинде) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;

6) кызыкчылыктардын кагылышуусу – өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктары коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктарга карама-каршы келген кырдаал;

7) Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши (мындан ары – Координациялык кеңеш) – Жогорку Кеңештин ишин натыйжалуу уюштуруу маселелерин жамааттык чечүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин туруктуу органы;

8) мыйзам долбоорунун лингвистикалык экспертизасы – мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорунун тексттеринин бири-бирине дал келүүсү жана ички шайкештиги жагынан салыштырма-редакциялык экспертиза жүргүзүү, юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстинин азыркы кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине шайкештигин баалоо жана грамматикалык, синтаксистик, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталарды жана терминдерди колдонуудагы каталарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү;

9) жеке кызыкчылык – өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжасында Жогорку Кеңештин кызмат адамдары, депутаттары өзү же өзүнүн жакындары үчүн түз же кыйыр түрдө алууга умтулган же алып жаткан материалдык же башка пайда;

10) коомдук кызыкчылык – коомдун бакубаттуулугун, туруктуулугун, коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан кандай гана болбосун жактын (жактардын) кызыкчылыгы;

11) коомдук экспертиза – көз карандысыз коомдук же эксперттик уюмдар, улуттук же эл аралык эксперттер тарабынан жүргүзүлүүчү экспертиза;

12) ачык добуш берүү – депутаттардын жооптун варианттарынын бири («макул», «каршы») үчүн атын атап добуш берүүдөгү эрк билдирүүсү жана натыйжасы белгиленген добуш берүү ыкмасы;

13) мыйзамдын долбоору (мыйзам долбоору) – мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна расмий киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору;

14) жыйналыштын протоколу – жыйналышты башталышынан тартып аяктаганына чейин анын жүрүшүн белгилөөчү документ;

15) жыйналыштын стенограммасы – Жогорку Кеңештин, фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин, комиссиянын жыйналыштарынын, ошондой эле Жогорку Кеңеш уюштурган башка иш-чаралардын катышуучуларынын оозеки сүйлөгөн сөздөрүнүн аудио жазылмасынан кѳчүрүлүп, сөзмө-сөз жазуу түрүндѳ түшүрүлгөн документ;

16) мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекти – өзүнүн атынан мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү укугуна ээ болгон субъект;

17) жашыруун добуш берүү – катышуучулар анонимдүү добуш берген жана жооптун варианттарынын бири («макул», «каршы») боюнча добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсү контролдонбогон добуш берүүнүн түрү;

18) жыйналышка катышып жаткан депутаттардын саны – добуш берүүнү өткөрүүнүн алдында каттоодон өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны.

Ушул Регламентте колдонулуучу, бирок ушул беренеде камтылбаган терминдер алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык колдонулат.

 

2-берене. Жогорку Кеңеш

1. Жогорку Кеңеш – Кыргыз Республикасынын парламенти – мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттары ушул Регламентте жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда каралган тартипте жана учурларда кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

4. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары анын биринчи жыйналышында конституциялык курамдагы депутаттардын көпчүлүгү ант берген күндөн тартып башталат. Мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып токтотулат.

5. Жогорку Кеңеш каралган ыйгарым укуктарын ушул Регламентте аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.

6. Жогорку Кеңеш, анын органдары жана кызмат адамдары өз ишинде ушул Регламентти жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.

 

3-берене. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары

1. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары – Президент) шайлоону дайындоо;

2) референдум өткөрүү жөнүндө сунушту Конституцияда белгиленген тартипте Президентке киргизүү;

3) Конституцияда белгиленген тартипте Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

4) мыйзамдарды кабыл алуу;

5) Президенттин каршы пикирлери менен кайра кайтарылган мыйзамдарды кайрадан кароо;

6) мыйзамдарды расмий чечмелөө;

7) эл аралык келишимдерди мыйзамда аныкталган тартипте ратификациялоо жана денонсациялоо;

8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү жөнүндө маселелерди чечүү;

9) республикалык бюджетти бекитүү;

10) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун угуу;

11) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароо;

12) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;

13) мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;

14) Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү;

15) Президенттин сунушу боюнча жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары – Конституциялык сот) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары – Жогорку сот) судьяларын шайлоо; Конституцияда, конституциялык мыйзамдарда жана ушул Регламентте каралган учурларда Президенттин сунушу боюнча аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу;

16) Президент, Конституциялык соттун жана Жогорку соттун тɵрагалары судьялардын курамынан сунуш кылган талапкерлерди 5 жылдык мөөнөткө дайындоого Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен макулдук берүү;

17) конституциялык мыйзамдарда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын ээлеген кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү;

18) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын конституциялык мыйзамда жана ушул Регламентте каралган тартипте бекитүү;

19) Президенттин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) төрагасын шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аны кызмат ордунан бошотуу;

20) Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын жарымын – Президенттин сунушу боюнча, башка жарымын ѳз демилгеси боюнча шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотуу;

21) Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн бирин – Президенттин сунушу боюнча, үчтөн экисин өз демилгеси боюнча шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотуу;

22) мыйзамда каралган учурларда Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлоо жана аны кызмат ордунан бошотуу; аны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;

23) мыйзамда каралган учурларда Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлоо жана аларды кызмат ордунан бошотуу; аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;

24) Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары – Улуттук борбор) Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо, мыйзамда каралган учурларда мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу;

25) Президенттин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун (мындан ары – Башкы прокурор) дайындоого, бошотууга жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен макулдук берүү;

26) мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добушу менен жактыруу;

27) конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда өзгөчө абалды киргизүү; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;

28) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү; согуш абалын киргизүү; согуштук абалды жарыялоо; бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;

29) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү;

30) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилөө;

31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый акыларын жана ардак наамдарын уюштуруу;

32) Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угуу;

33) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угуу;

34) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу;

35) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу;

36) Башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчетторун угуу;

37) Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Жогорку соттун жазуу (электрондук) түрүндө берилүүчү маалыматын кароо;

38) Президентке каршы айып коюу; Конституцияда каралган тартипте Президентти кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

39) Президент оорусуна байланыштуу өз милдетин аткара албай калган учурда мамлекеттик медициналык комиссияны түзүү;

40) мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

41) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесин бириктирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмеси (ассоциациясы, бирлиги) тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө мыйзамдардын таасири жөнүндө баяндаманы эки жылда бир жолу угуу;

42) Жогорку Кеңештин Төрагасын (Төрайымын) (мындан ары – Төрага), анын орун басарларын, комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо; комитеттерди, убактылуу комиссияларды түзүү жана алардын курамдарын түзүү; Жогорку Кеңештин кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун угуу, аларды кайра чакыртып алуу;

43) өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3–9, 11-12, 30-31-пункттарында каралган Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары – мыйзамдарды, башка ыйгарым укуктары, 32 жана 41-пункттарды кошпогондо, токтомдорду кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

4. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

 

4-берене. Жогорку Кеңештин ишинин принциптери

Жогорку Кеңеш өз ишин төмөнкү принциптерге негизденүү менен жүзөгө ашырат:

1) ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, ачык-айкындык;

2) өзүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыктарында аткаруу;

3) элдин жана өз шайлоочуларынын алдындагы жоопкерчилик;

4) эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин сактоо жана урматтоо;

5) Конституцияны, мыйзамдарды, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоо;

6) пикирлерди эркин билдирүү жана чечимдерди коллегиялуу кабыл алуу;

7) саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук;

8) Жогорку Кеңештин жетекчилигинде жана анын органдарында фракциялардын жана депутаттык топтордун өкүлчүлүгүнүн пропорциялуулугун сактоо;

9) Жогорку Кеңештин органдарында бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн камсыз кылуу.

 

5-берене. Жогорку Кеңештин жайгашкан жери

1. Жогорку Кеңештин туруктуу жайгашкан жери Кыргыз Республикасынын борбору – Бишкек шаары болуп саналат.

2. Зарыл учурларда Төраганын чечими боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштары башка жерде өткөрүлүшү мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же болбосо Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары өтүп жаткан жерди камтыган анын бир бөлүгүндө өзгөчө кырдаал болгон учурда же өзгөчө абал орногондо Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары видеоконференция режиминде өткөрүлүшү мүмкүн.

Жыйналышты видеоконференция режиминде өткөрүү жөнүндө чечим Төрага тарабынан же депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

3. Жогорку Кеңештин имаратына жана анын аймагына башка органдарды жана уюмдарды жайгаштырууга Жогорку Кеңештин макулдугу менен жол берилет.

4. Жогорку Кеңештин карамагында турган имараттарда жана аймактарда болуу жана жүрүү тартиби Жогорку Кеңеш бекитүүчү жобо менен аныкталат.

 

 

2-глава. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын даярдоо жана ачуу

6-берене. Даярдык көрүү тобун түзүү жана ишин уюштуруу

1. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын уюштуруу үчүн шайлоо босогосунан өткөн партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча шайланган депутаттардын демилгеси боюнча, келгендерине жараша Жогорку Кеңештин депутаттарынан Даярдык көрүү тобу түзүлөт.

2. Даярдык көрүү тобун Жогорку Кеңешке шайланган курагы боюнча улуу депутат жетектейт.

3. Контролдоо ыйгарым укуктарын жана жабык жыйналыштарды өткөрүүнү кошпогондо, Даярдык көрүү тобу Жогорку Кеңештин комитеттери үчүн ушул Регламентте белгиленген тартипте иштейт жана өзүнүн ишин биринчи жыйналыш аяктагандан кийин токтотот.

4. Даярдык көрүү тобу жүргүзүлгөн иш жөнүндө жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышында баяндайт.

 

7-берене. Биринчи жыйналышка катышуу үчүн шайланган депутаттарды маалыматтык камсыз кылуу

Жогорку Кеңештин депутаты биринчи жыйналышка чейин 3 күн мурда Жогорку Кеңештин Аппаратынын (мындан ары – Аппарат) тиешелүү бѳлүмүнѳн төмөнкүдөй материалдарды сурата алат:

1) Конституциянын текстин;

2) Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдын текстин;

3) Жогорку Кеңештин Регламентинин текстин;

4) Жогорку Кеңештин жана Аппараттын түзүмдөрүн;

5) жаңыдан шайланган депутаттар жөнүндө маалыматтарды;

6) Аппараттын кызмат адамдарынын тизмесин жана алардын байланышуу маалыматтарын.

 

8-берене. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы

1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы шайлоонун расмий натыйжалары аныкталгандан кийин 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.

2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын курагы боюнча улуу, шайланган депутат ачат, ал Төрага шайланганга чейин төрагалык кылуучунун функцияларын аткарат.

Жогорку Кеңештин жыйналышы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталат.

3. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңешке шайлоонун натыйжаларын жарыялоо жана депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына сөз берет.

4. Шайланган депутат Конституциянын текстине оң колун коюп, Жогорку Кеңештин алдында төмөнкүдөй мазмундагы ант берет:

«Мен. ..., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында жоопкерчилик менен аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого ант беремин».

5. Анттын текстинен жана аны берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт. Четтеп кеткен учурда ант кайталанып берилет.

6. Ант берүү жол-жоболорунун сакталышын контролдоону Жогорку Кеңештин Даярдык көрүү тобу жүзөгө ашырат.

7. Ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутаттын ордуна келген депутаттын ант берүү тартиби ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

8. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ал ант берген күндөн тартып башталат.

 

9-берене. Жогорку Кеңеш биринчи кезекте кароого тийиш болгон маселелер

1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелер биринчи кезекте каралууга тийиш:

1) Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;

2) добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссияны түзүү;

3) Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо;

4) Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүү;

5) комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо;

6) Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамдарын түзүү.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ырааттуулугу жыйналыштын күн тартиби менен аныкталат.

Жогорку Кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелерге башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.

 

 

3-глава. Парламенттик фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган депутаттар

10-берене. Парламенттик фракция

1. Парламенттик фракция (мындан ары – фракция) – саясий партиянын тизмеси боюнча жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси.

2. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, тизмедеги курамы, фракциянын лидеринин жана башка жетекчилеринин фамилиялары жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот. Фракциянын чечими жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилет.

3. Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордун ээлөөчү, партиянын тизмеси боюнча шайланган депутат, ант берген учурдан тартып тиешелүү фракциянын мүчөсү болуп калат.

4. Партиялык тизме боюнча шайланган депутаттын ушул эле партиянын фракциясына кирүүдөн жана чыгуудан баш тартуусуна жол берилбейт.

5. Фракция өз ишин өз алдынча жүзөгө ашырат жана ушул Регламентке карама-каршы келбеген фракция жөнүндө жобонун негизинде аракеттенет.

6. Фракция Жогорку Кеңеште карала турган маселелерди алар боюнча өзүнүн саясий позициясын аныктоо үчүн алдын ала кароого укуктуу. Фракция аларды кароонун натыйжалары боюнча фракция мүчөлөрү аткарууга милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алат. Фракция ушул Регламентте белгиленген тартипте түзөтүүлөрдү жарыялоо үчүн өз мүчөлөрүнө ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.

7. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:

1) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулганда;

2) Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатканда;.

8. Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу Жогорку Кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.

 

11-берене. Депутаттык топ

1. Депутаттык топтор – бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракциялардын курамына кирбеген Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси.

2. Бир мандаттуу округдар боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары
7 депутаттан кем болбогон депутаттык топторду түзүүгѳ укуктуу.

3. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана депутаттык топтун мүчөсү болууга укуктуу.

4. Депутаттык топтор фракциялар сыяктуу эле укуктарга ээ.

5. Депутаттык топ аны түзүү, аталышы, тизмедеги курамы, жетекчиси жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыялаган учурдан тартып расмий статуска ээ болот. Депутаттык топтун жазуу жүзүндөгү чечими тɵрагалык кылуучуга берилет.

6. Депутаттык топтор ишин ушул Регламентке карама-каршы келбеген депутаттык топтор жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырат.

7. Депутаттык топтор өз иши төмөнкү учурларда токтотот:

1) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулганда;

2) Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатканда;

3) эгерде депутаттык топтун саны 7 депутаттан аз болсо.

 

12-берене. Фракциянын жана депутаттык топтун жетекчилиги

1. Фракцияга – ал шайлаган лидер, ал эми депутаттык топко ал шайлаган жетекчи башчылык кылат.

2. Фракциянын лидерлигине жана депутаттык топтун жетекчисине талапкер фракциянын же депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча сунуш кылынат жана алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

3. Фракциянын лидерин же депутаттык топтун жетекчисин бошотуу жөнүндө сунуш фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилет жана алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Фракциянын лидеринин жана (же) депутаттык топтун жетекчисинин ыйгарым укуктары:

1) Жогорку Кеңеште жана анын чегинен тышкары жерде фракциянын, депутаттык топтун атынан иш алып барат;

2) фракциянын жана (же) депутаттык топтун ишин уюштурат жана координациялайт;

3) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечимдерине кол коет;

4) ички фракциялык жана (же) ички топтук тартиптин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;

5) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечими боюнча Жогорку Кеңештин түзүмүнө талапкерлерди сунуш кылат;

6) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечимдеринин аткарылышын контролдойт;

7) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча алардын саясий позициясын жарыялайт;

8) фракциянын, депутаттык топтун Жогорку Кеңештин жетекчилиги жана мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

9) эсептөө комиссиясынын жана добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссиянын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;

10) Жогорку Кеңештин, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле Жогорку Кеңештин иш-чараларына фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;

11) фракциянын, депутаттык топтун катчылыктарына дайындоо үчүн талапкерлерди сунуш кылат жана аларга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

12) фракция, депутаттык топ жөнүндө жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

5. Фракциянын лидери жана (же) депутаттык топтун жетекчиси бир эле учурда Төраганын, Төраганын орун басарынын, комитеттин жана убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын кызмат орундарын ээлей албайт.

 

13-берене. Фракциянын, депутаттык топтун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын укуктары

1. Фракция, депутаттык топ төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Жогорку Кеңеш карап жаткан маселелер боюнча саясий позициясын билдирүүгө, ошондой эле өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялоого;

2) фракциянын, депутаттык топтун өкүлүнө фракциянын, депутаттык топтун атынан билдирүүлөр, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирмелер жана сунуштар менен сөз сүйлөөгө укук берүүгө;

3) башка фракциялар, депутаттык топтор менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын, депутаттык топтун жыйналыштарына кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен консультация жүргүзүүгө;

4) Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу иш планы жана ар жылдык жумуш планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;

5) Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын курамдарына фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды кайра чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

6) бардык фракциялардын, депутаттык топторун пропорциялуу өкүлчүлүгүнүн принцибин сактоо менен, парламенттик делегациялардын, достук топторунун курамдарына фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүн кошуу (кайра чакыртып алуу) боюнча сунуштарды киргизүүгө;

7) айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторду түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

8) парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңешке жана комитеттерге сунуштарды киргизүүгө;

9) Конституциянын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1–4, 6–11-пункттарында каралган негиздер боюнча фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

10) Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын, депутаттык топтун өзгөчө пикирин берүүгө;

11) фракциянын, депутаттык топтун материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого, ошондой эле аларды Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырууга;

12) фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана ички фракциялык, ички топтук тартипти күчөтүү максатында зарыл чараларды көрүүгө;

13) концепцияны, максаттарды жана милдеттерди кыскача баяндоо менен мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө Министрлер Кабинетине мыйзам чыгаруу сунушун жиберүүгө;

14) өзүнүн өкүлүн комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын кызмат ордунан кайра чакыртып алууга;

15) фракция, депутаттык топ жөнүндө жобого ылайык өзүнүн мүчөлөрүнө таасир этүү чараларын көрүүгө;

16) Конституцияда жана ушул Регламентте каралган башка укуктарды пайдаланууга.

2. Бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар фракциялардын жана депутаттык топтордун депутаттары сыяктуу эле укуктарга ээ.

 

14-берене. Фракциялардын, депутаттык топтордун ишин камсыз кылуу

1. Фракциялардын жана депутаттык топтордун ишин катчылыктар камсыз кылат, алардын түзүмүн жана штаттык санын Жогорку Кеңештеги фракциялардын, депутаттык топтордун пропорциялуу өкүлчүлүгүнүн принцибин эске алуу менен Жогорку Кеңеш бекиткен чыгымдар сметасынын чектеринде Жогорку Кеңеш аныктайт.

2. Катчылыктар жумуш үчүн зарыл жайлар, оргтехника жана башка шарттар менен камсыз кылынат.

 

15-берене. Парламенттик оппозиция

1. Жогорку Кеңештин жыйналышында өзүнүн оппозициясы жөнүндө расмий жарыялаган фракция же депутаттык топ парламенттик оппозиция болуп саналат.

2. Фракция же депутаттык топ парламенттик оппозициянын статусунан баш тартуу жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйналышында расмий жарыялаган учурдан тарып парламенттик оппозициянын статусун жоготот.

 

 

4-глава. Жогорку Кеңештин кызмат адамдары

16-берене. Жогорку Кеңештин жетекчилиги

Жогорку Кеңештин жетекчилиги Төрагадан жана анын орун басарларынан турат.

 

17-берене. Төраганы шайлоо тартиби

1. Жогорку Кеңеш бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу өзүнүн курамынан Төраганы шайлайт.

2. Көрсөтүү же өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө чечимин негиздөө менен фракциялар, депутаттык топтор жана депутаттар Төраганын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерликти көрсөтүү укугуна ээ.

3. Фракциялар, депутаттык топтор тарабынан Төраганын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү сунуш Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучуга берилет, ал көрсөтүүнүн кезектүүлүгү боюнча талапкерлердин бирдиктүү тизмесин түзөт жана аны жарыялайт.

4. Талапкерлерди көрсөтүү аяктагандан кийин ушул Регламенттин
9-беренесинде көрсөтүлгөн маселелерди кароо учурунда Жогорку Кеңештин жыйналышы корутунду берүү үчүн бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин жыйналышынын режимине өтөт.

5. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин жыйналышында талапкерлерди кароо ушул Регламенттин 14 жана 15-главаларында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети сунуш кылынган талапкерлер боюнча корутундуну кабыл алгандан кийин Жогорку Кеңеш Жогорку Кеңештин жыйналышынын режимине кайтып келет.

7. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жол-жобосуна өтүү жөнүндө жарыялайт.

8. Өз талапкерлигин алып салган адамдарды кошпогондо, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети караган бардык талапкерлер киргизилет.

9. Ар бир талапкер өзүнүн талапкерлиги бюллетенге киргизилгенге чейин өз талапкерлигин алып салууну билдирүүгө укуктуу.

10. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү жактап добуш берген талапкер шайланды деп эсептелет.

11. Эгерде Төраганы шайлоого бир талапкер катышса жана ал шайланбай калса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

12. Эгерде Төраганы шайлоого эки талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайрадан добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде ал бул учурда да добуштардын зарыл санын ала албаса, жаңы талапкерлерди кѳрсѳтүү менен кайрадан шайлоо ѳткѳрүлѳт. 

13. Эгерде Төраганы шайлоого тең сандагы добуштарды алган эки талапкер катышса, анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

14. Эгерде Төраганы шайлоого экиден ашык талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, эң көп сандагы добуш алган эки талапкердин ортосунда шайлоонун кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайрадан добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде талапкер бул учурда да добуштардын зарыл санын ала албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кийинки турга өткөн талапкер өз талапкерлигин алып салса, анын ордуна алган добуштардын саны боюнча кийинки талапкер үчүн добуш берүү өткөрүлөт.

15. Төраганын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттар Төраганын кызмат ордуна талапкерди көрсөтөт.

 

18-берене. Төраганын ыйгарым укуктары

1. Төрага:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Жогорку Кеңеш кабыл алган актыларга кол коет;

4) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан иш алып барат, Жогорку Кеңештин Президент, Министрлер Кабинети, Элдик Курултай, мамлекеттик бийликтин аткаруу жана сот бутактарынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

5) Аппараттын ишине жалпы жетекчиликти жана контролду жүзөгө ашырат;

6) Жогорку Кеңештин кезексиз сессияларын жана жыйналыштарын чакырат;

7) Конституцияда белгиленген учурларда Президенттин ыйгарым укуктарын аткарат;

8) кезексиз каралууга тийиш болгон маселелерди Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизет;

9) Жогорку Кеңештин тапшырмаларын аткарат;

10) Жогорку Кеңештин ишкер кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт;

11) Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;

12) ушул Регламентте көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, Координациялык кеңеште төрагалык кылат;

13) ушул Регламентке ылайык бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүк принцибин сактоо менен Аппараттын кызмат адамдарын дайындоону жүргүзөт;

14) Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн ушул Регламентте белгиленген тартипте дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

15) Төраганын алдында консультациялык кеңештерди уюштурат;

16) Жогорку Кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдарынын сметасына ылайык Жогорку Кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;

17) Жогорку Кеңештин чыгымдарынын сметасынын долбоорун даярдоону камсыз кылат жана бюджеттик жыл аяктаганга чейин 3 айдан кечиктирбестен аны Жогорку Кеңештин кароосуна коет;

18) өзүнүн орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

19) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча тескемелерди чыгарат;

20) Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш сапарлары жөнүндө тескемелерди чыгарат жана алардын отчетторун бекитет;

21) добуш берүүнүн электрондук тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

22) жыйналыштар залында иреттүүлүктү жана тартипти камсыз кылат, аларды бузуучуларга карата ушул Регламентте каралган таасир этүү чараларын көрөт;

23) Жогорку Кеңештин мүлкүнүн пайдаланылышына контролду жүзөгө ашырат;

24) фракциялардын жана депутаттык топтордун иши үчүн бирдей шарттарды камсыз кылат;

25) Жогорку Кеңеште жана анын карамагында турган объекттерде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

26) Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана башка сыйлыктары менен сыйлайт;

27) Координациялык кеңештин макулдугу менен сыйлык куралы менен сыйлайт;

28) депутаттарды, Аппараттын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга, жогорку аскердик жана атайын наамдарды, дипломатиялык рангдарды ыйгарууга көрсөтөт;

29) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага ушул Регламентте жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Төраганын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келген тескемелери Жогорку Кеңештин чечими менен өзгөртүлүшү же жокко чыгарылышы мүмкүн.

3. Жыл сайын, сентябрда, Төрага Жогорку Кеңештин мурдагы сессиялык мезгилдеги иши жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет.

4. Ушул Регламенттин 30-беренесинде белгиленген учурду кошпогондо, Төрага Жогорку Кеңештин комитеттеринде жана убактылуу комиссияларында турууга укуксуз.

5. Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда Конституцияны, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

 

19-берене. Төраганын орун басарларын шайлоо тартиби

1. Жогорку Кеңеш бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу өз курамынан Төраганын орун басарларын шайлайт.

2. Төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкер бош орун пайда болгон күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде фракция, депутаттык топ тарабынан же бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутат тарабынан өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде сунушталат.

3. Бардык фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттар макул болгондо Төраганын орун басарларын шайлоо альтернативсиз негизде бирдиктүү тизме менен өткөрүлүшү мүмкүн. Мында фракция, депутаттык топ бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Калган учурларда шайлоо бюллетендерди колдонуу менен жашыруун добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

 

20-берене. Төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары

1. Төраганын орун басарлары милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө Төраганын тескемесине ылайык анын айрым ыйгарым укуктарын аткарат.

2. Төрага жок болгон же эмгекке убактылуу жөндөмсүз болгон учурда анын милдеттерин Төраганын тескемесине ылайык анын орун басарларынын бири аткарат.

3. Төраганын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын милдеттерин анын орун басарларынын бири жаңы Төрага шайланганга чейин аткарат.

4. Төраганын орун басарлары Регламенттин маселелери карамагында турган комитеттин курамына кирет.

5. Төраганын орун басарлары Жогорку Кеңештин убактылуу комиссияларында турууга укуксуз.

6. Төраганын орун басарлары Жогорку Кеңешке өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча ар жылдык отчетту берет.

 

21-берене. Төраганын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

1. Төраганын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) Төраганын же Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) депутаттык ыйгарым укуктар токтотулганда;

3) Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алганда.

2. Төраганын же Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын текстти төрагалык кылуучу тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланат жана эске алынат.

3. Депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу Төраганын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.

4. Төраганы кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүгүнүн демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана тиешелүү арыз берилгенден кийин 3 күндѳн эрте эмес жана бешинчи күндөн кечиктирилбестен каралууга тийиш.

5. Төраганын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине фракциянын, депутаттык топтун, бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган мөөнөттөн кечиктирбестен каралууга тийиш.

6. Төраганы же анын орун басарларын кайра чакыртып алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими ушул Регламенттин 14 жана 15-главаларында белгиленген тартипте депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

7. Төраганы же анын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө сунуш бир эле фракция, депутаттык топ же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген ошол эле депутат тарабынан жылына бир жолудан көп эмес киргизилиши мүмкүн.

8. Жогорку Кеңеш Төраганы кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени карап жаткан учурда жыйналышка Төраганын курагы боюнча улуу орун басары төрагалык кылат.

 

22-берене. Координациялык кеңеш

1. Координациялык кеңеш Жогорку Кеңештин ишин жалпы пландаштырууну, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашырышына багытталган уюштуруу маселелерин талкуулоону жана чечүүнү жүзөгө ашырат.

2. Координациялык кеңештин курамына Төрага, анын орун басарлары, комитеттердин төрагалары, фракциялардын лидерлери жана депутаттык топтордун жетекчилери, ал эми алар жок учурда – орун басарлары кирет.

3. Координациялык кеңештин жыйналыштары Төраганын чечими боюнча өткөрүлөт.

4. Координациялык кеңеш төмөнкүлөрдү кароону жүзөгө ашырат:

1) Жогорку Кеңештин сессиялык жана ар айдагы иш пландарынын долбоорлорун Жогорку Кеңеш бекитиши үчүн аларды;

2) Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планын жана мыйзам чыгаруу иш планын аткаруунун мониторингинин жана контролдоонун натыйжаларын;

3) Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташуу планын;

4) чет өлкөлөргө жиберилүүчү расмий парламенттик делегациялардын курамын (делегациялардын, алардын жетекчилеринин жана коштоочу адамдардын ыйгарым укуктарынын көлөмүн);

5) ички аудит жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун;

6) Төраганын, анын орун басарларынын, комитеттердин төрагаларынын, Жогорку Кеңештин консультациялык-кеӊеш берүүчү органдарынын отчетторунун формаларын;

7) Жогорку Кеңештин бекитүүсү үчүн комитеттин, фракциянын, депутаттык топтун жана убактылуу комиссиянын типтүү жобосун;

8) тартиптин, этиканын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына депутаттардын катышууларынын абалы жөнүндө тиешелүү комитеттин маалыматын;

9) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча башка маселелерди.

5. Координациялык кеңештин чечимдери Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт жана депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен жокко чыгарылышы мүмкүн.

 

5-глава. Жогорку Кеңештин комитеттери жана убактылуу комиссиялары

23-берене. Жогорку Кеңештин комитеттери

1. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.

2. Жогорку Кеңеш комитеттердин санын, алардын карамагындагы маселелерди аныктайт, ошондой эле алардын курамын түзөт.

3. Комитеттердин курамы фракциялардын лидерлеринин, депутаттык топтордун жетекчилеринин сунушу жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын арыздары боюнча түзүлөт.

4. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин контролдоо функциялары жөнүндө мыйзамга ылайык аткаруу бийлик органдарында мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт.

5. Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.

6. Комитеттер Жогорку Кеңешке отчет берет.

 

24-берене. Комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо тартиби

1. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин төрагасын кошпогондо, Жогорку Кеңеш фракциялардын, депутаттык топтордун сунушу же бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга же депутаттык топторго кирбеген депутаттардын арызы боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайлайт.

2. Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү, кароо жана шайлоо Төраганын кызмат ордуна талапкерлер үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Бардык фракциялардын, депутаттык топтордун чечими боюнча жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга же депутаттык топторго кирбеген депутаттардын каршы пикири жок болгондо Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо талапкерлердин бирдиктүү тизмеси боюнча альтернативасыз негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

 

25-берене. Комитеттин ишинин милдеттүү шарттары жана чектөөлөрү

1. Жогорку Кеңештин комитеттеринин эң аз курамын 8ден кем эмес депутат түзөт.

2. Комитеттин мүчөлөрү комитеттин жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

3. Комитеттин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда чечим кабыл алууга укуктуу. Комитет чечимди комитеттин катышып отурган мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

4. Фракция, депутаттык топ ар бир комитетте өзүнүн өкүлчүлүгүн Жогорку Кеңеште алардын пропорциялуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен камсыз кылууга милдеттүү. Комитеттин курамына бир фракциядан, депутаттык топтон 5тен ашпаган мүчө кирет.

5. Бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар өз каалоосу боюнча бир комитеттин курамына кирүүгө милдеттүү.

6. Саны бардык комитеттерде алардын мүчөлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген фракциялардын, депутаттык топтордун депутаттары алардын жетекчилеринин сунушу боюнча чечүүчү добуш укугу менен эки комитетке кирет. Мында комитеттин курамындагы бул фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн саны чечүүчү добуш укугу бар бир мүчөдөн ашпайт.

7. Депутат өзү мүчөсү болуп саналбаган комитеттердин ачык жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.

8. Мыйзам долбоорун жооптуу комитет Аппараттын эксперттик жана лингвистикалык кызматтарынын корутундусу болбостон алдын ала кароосуна жол берилбейт.

9. Комитет экинчи окууга карата мыйзам долбооруна жазуу жүзүндө келип түшкөн, жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүүнү талап кылган түзөтүүлөрдү кароосуз калтырат.

10. Эгерде каралып жаткан маселелердин мүнөзү жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, комитеттин жыйналышы ачык өткөрүлөт.

Комитет чакырган кызмат адамдары жыйналышка катышууга милдеттүү.

11. Комитеттер жыйналыш күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен жыйналыштын күн тартиби, өтүүчү убактысы жана орду жөнүндө маалыматтарды Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат.

12. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Акыйкатчы (Омбудсмен), Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин төрагасы комитеттин ачык жана жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу.

13. Комитеттин ачык жыйналышына эксперттер, кызыкдар адамдар, ошондой эле Жогорку Кеңеште аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттары катышууга укуктуу.

14. Талапкерликтери Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга тийиш болгон адамдар комитеттин жыйналышына чакырылууга тийиш.

15. Комитеттин жыйналышына катышып жаткандар ушул Регламенттин
142-беренесинин талаптарын сактоого милдеттүү.

 

26-берене. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

1. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө өздөрү жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) депутаттык ыйгарым укуктар токтотулганда;

3) Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алганда.

2. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын текстин төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыялайт жана Жогорку Кеңеш эске алат.

3. Депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, депутаттык мандаттын кайра чакыртып алынышы комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.

4. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана тиешелүү арыз берген күндөн кийин 3 күндөн эрте эмес жана бешинчи күндөн кечиктирбестен каралууга тийиш.

5. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо үчүн белгиленген тартипте депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө сунуш бир эле фракция, депутаттык топ тарабынан жылына бирден көп эмес киргизилиши мүмкүн.

 

27-берене. Комитеттердин ыйгарым укуктары

1. Жогорку Кеңештин комитети өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча:

1) мыйзам долбоорлорун алдын ала карайт жана ушул Регламенттин талаптарын сактоо менен алар боюнча чечим кабыл алат;

2) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон мамлекеттик кызмат ордуна шайлоо, дайындоого, жактырууга жана бошотууга макулдук берүү маселелери боюнча корутундуларды карайт жана берет;

3) Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлорун Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизет;

4) корутундуларды жана сунуштамаларды берүү үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Жогорку сотко, Башкы прокурорго жана ѳздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдарга, Акыйкатчыга (Омбудсменге), ошондой эле көз карандысыз эксперттик уюмга мыйзам долбоорун жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу;

5) парламенттик угууларды өткөрөт;

6) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жарандардан жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардан расмий документтерди жана башка материалдарды суратат;

7) парламенттик суроо-талапты жиберүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин жыйналышында демилгелейт;

8) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана аткаруу бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топторду түзөт;

9) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык бюджет аралык мамилелерди макулдашуу протоколун кароонун натыйжаларын эсепке алуу менен республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун тиешелүү бөлүмдөрү боюнча корутундуларды жооптуу комитетке жөнөтөт;

10) өзүнүн карамагына кирген, кабыл алынган мыйзамдардын мониторингин алар күчүнө киргенден 6 ай өткөндөн кийин жүргүзөт;

11) каралып жаткан маселени башка комитетке берүү жөнүндө Төрагага сунуш киргизет;

12) Жогорку Кеңештин «Министрлер Кабинетинин саатын», «Министрлер Кабинетинин күнүн», көчмө, ошондой эле башка комитеттери менен биргелешкен жыйналыштарын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат;

13) мамлекеттик органдардын жетекчилерин угат;

14) концепциясын, максаттарын жана милдеттерин кыскача баяндоо менен мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө сунушун (мыйзам чыгаруу сунушун) Министрлер Кабинетине жиберүүгө укуктуу;

15) өз ишине адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартууга укуктуу;

16) иштин сессиялык планынын негизинде кийинки жылга Жогорку Кеңештин бюджетинин долбооруна карата сунуштарды Төрагага киргизет;

17) өз ишин уюштуруу маселелерин өз алдынча чечет;

18) Жогорку Кеңештин контролдоо функциялары жөнүндө мыйзамга ылайык мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткаруу бийлик органдарында аткарылышын контролдойт;

19) ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка маселелерди карайт.

2. Мыйзам долбоорлорун кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңештин комитети корутунду түрүндө чечим кабыл алат.

3. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү комитеттин жыйналышына чейин 3 күндөн кечиктирбестен анын мүчөлөрүн күн тартибинин маселелери боюнча материалдар менен камсыз кылат.

 

28-берене. Комитеттин төрагасынын ыйгарым укуктары

Комитеттин төрагасы:

1) комитеттин ишин жетектейт;

2) комитеттин мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

3) комитеттин жыйналышынын күн тартибинин долбоорун түзөт;

4) комитеттин жыйналышына төрагалык кылат;

5) комитеттин документтерине кол коет;

6) ушул Регламентте жана комитет жөнүндө жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

29-берене. Комитеттердин биргелешкен жыйналыштары

1. Бир нече комитеттердин карамагына кирген маселелер боюнча биргелешкен жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Биргелешкен жыйналыштарда комитеттер ар бир комитеттин катышып жаткан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен биргелешкен чечимдерди кабыл алышы мүмкүн, аларга – төрагалар, ал эми алар жокто орун басарлар кол коет. Комитеттердин ортосунда пикир келишпестиктер болгондо чечим ар бир комитет тарабынан өз алдынча кабыл алынат.

3. Биргелешкен жыйналыштар комитеттер үчүн белгиленген тартипке ылайык өткөрүлөт.

 

30-берене. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети

1. Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй учурларда бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети режиминде иштейт:

1) жаңы чакырылыш шайлангандан кийин Жогорку Кеңештин иши башталганда ушул Регламенттин 9-беренесине ылайык биринчи кезектеги маселелерди кароо учурунда;

2) өзгөчө, согуштук абал киргизилгенде, согуш абалы жарыяланганда жана Жогорку Кеңештин демейки режимде иштеши үчүн шарттар жок болгон учурда.

2. Жыйналыш тармактык комитеттин жетекчисинин төрагалыгы алдында өткөрүлөт, ал жок учурда төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин чечими менен шайланат.

3. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин материалдары жана чечимдеринин долбоорлору жыйналыштын жүрүшүндө таратып берилиши мүмкүн.

4. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети чечимдерди ант берген депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алат.

5. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети каралып жаткан маселе боюнча чечим кабыл алгандан кийин ишин аяктайт.

6. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин чечими Жогорку Кеңештин жыйналышында токтоосуз каралууга тийиш.

 

31-берене. Убактылуу комиссиялар

1. Жогорку Кеңеш айрым маселелерди иликтөө үчүн убактылуу комиссияларды түзөт.

2. Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндө сунушту фракциялар, депутаттык топтор, депутаттар же комитеттер киргизүүгө укуктуу; ал Координациялык кеңеш тарабынан каралбайт.

3. Убактылуу комиссия фракциялардын жана депутаттык топтордун Жогорку Кеңештеги пропорциялуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен алардын жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттардын сунуштары боюнча 7 депутаттан кем эмес курамда түзүлөт.

4. Эгерде фракция, депутаттык топ убактылуу комиссиянын курамына төрагалык кылуучу белгилеген мөөнөттө өздөрүнүн өкүлдөрүн сунуштабаса, Жогорку Кеңеш убактылуу комиссияны алар катышпастан түзөт.

5. Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) убактылуу комиссиянын аталышын;

2) убактылуу комиссия кароо үчүн түзүлгөн максаттарды, милдеттерди, маселелердин чөйрөсүн;

3) жеке курамды;

4) анын иштөө мөөнөтүн;

5) иштин натыйжалары жөнүндө баяндама берүүнүн мөөнөтүн;

6) убактылуу комиссияны уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелерин.

6. Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан ашышы мүмкүн эмес. Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди Жогорку Кеңеш бир жолудан ашык эмес кабыл алат.

7. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 4 ай калганда убактылуу комиссияны түзүүгө жол берилбейт.

8. Төмөнкүлөр убактылуу комиссиянын төрагасы жана анын орун басары болуп шайлана албайт:

1) комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары;

2) бир фракциянын мүчөлөрү;

3) бир депутаттык топтун мүчөлөрү.

9. Кызыкчылыктардын кагылышуусу болгондо депутат убактылуу комиссиянын курамы шайланганга чейин өз талапкерлигин алып коюуну билдирүүгө милдеттүү.

10. Эгерде убактылуу комиссиянын ишинин жүрүшүндө депутатта кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкса, ал анын курамынан чыгуу жөнүндө арызын убактылуу комиссиянын төрагасына берүүгө милдеттүү, бул жөнүндө фракциянын лидерине, депутаттык топтун жетекчисине кабарлайт.

11. Убактылуу комиссиянын чыгып кеткен мүчөсүнүн ордун ээлөө ошол эле фракциянын, депутаттык топтун өкүлдөрүнүн ичинен жүргүзүлөт.

12. Убактылуу комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте жүзөгө ашырылат.

13. Убактылуу комиссия ѳз ишин Жогорку Кеңеш бекиткен убактылуу комиссиялар жѳнүндѳ жобого ылайык жүзѳгѳ ашырат.

14. Тапшырылган маселе актуалдуулугун жоготкон же иликтөөгө мүмкүн болбой калган учурда токтомдун тийиштүү долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү менен убактылуу комиссия көпчүлүк добуш менен маселелерди кароосуз калтыруу же убактылуу комиссияны жоюу чечимин чыгарышы мүмкүн.

15. Убактылуу комиссиянын курамы, төрагасын шайлоо, ишин уюштуруу жана мөөнөтү жагынан убактылуу комиссиянын иши ушул Регламенттин талаптарына шайкеш келбеген учурда Регламенттин маселелерин жүргүзүүчү комитет убактылуу комиссиялардын ишинин маселелерине куратордук кылган Төраганын орун басарынын сунушунун негизинде убактылуу комиссияны жоюу жөнүндө маселени карайт.

16. Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө токтом долбоору Аппараттын юридикалык кызматы менен макулдашылууга тийиш.

17. Убактылуу комиссиянын төрагасы бир айдын ичинде убактылуу комиссиянын ишинин материалдарын жана документтерин архивдик сактоо үчүн Аппараттын тийиштүү кызматына өткөрүп берүүнү камсыз кылат.

 

 

II БӨЛҮМ

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

6-глава. Жогорку Кеңештин сессиялары. Сессиянын ишин пландоо

 

32-берене. Жогорку Кеңештин сессиялары

1. Жогорку Кеңештин сессиялары сентябрдын биринчи жумуш күнүнөн тартып башталат жана кийинки жылдын июнунун акыркы жумуш күнүнө чейин уланат.

2. Сессиялар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен ачылат жана аяктайт.

3. Сессиялар Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары формасында өткөрүлөт.

4. Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана депутаттарынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары чакырылышы мүмкүн.

5. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө демилге кароого сунуш кылынган маселелердин себептерин жана аны өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен Төрагага жөнөтүлөт.

6. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы келип түшкөн демилге Жогорку Кеңеште катталган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен Төрага тарабынан чакырылат.

7. Кезексиз сессия каралган маселелер боюнча Жогорку Кеңеш чечимдерди кабыл алгандан кийин аяктайт.

 

33-берене. Жогорку Кеңештин жыйналыштары

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

1) кезектеги;

2) кезексиз;

3) ачык;

4) жабык.

2. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйналыштары шаршембиде жана бейшембиде өткөрүлөт.

Мыйзамдарга ылайык жумуш күндөрү которулган учурда Жогорку Кеңеш жана анын органдары ошол которулган жумуш күн үчүн иштейт.

3. Кезектеги жыйналыштар саат 10до башталат жана саат 18:00дө аяктайт. Жогорку Кеңештин чечими боюнча жыйналыштын убактысы узартылышы мүмкүн.

4. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагында фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары, парламенттик угуулар, ошондой эле шайлоочулар менен иштер жүргүзүлбөйт.

5. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштары, шаршембини жана бейшембини кошпогондо, Президенттин, Төраганын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча аптанын кайсыл гана болбосун күнү өткөрүлүшү мүмкүн.

 

34-берене. Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштары

1. Мыйзамда аныкталган мамлекеттик, аскердик жана башка сырдын маселелери боюнча жыйналыштарды кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналыштары ачык болуп саналат.

2. Негиздер болгон өзгөчө учурларда Жогорку Кеңеш күн тартибиндеги маселени жабык режимде кароо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

3. Жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Акыйкатчы (Омбудсмен), Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу.

Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Улуттук банктын төрагасы, Эсептөө палатасынын төрагасы, Башкы прокурор, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин
жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу. Башка кызмат адамдары жабык жыйналыштарга – Төраганын, ал эми ал жокто Төраганын орун басарларынын чакыруусу боюнча катышууга укуктуу.

5. Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан аудио жазууларды жүргүзүүнү кошпогондо, Жогорку Кеңештин жабык жыйналышынын материалдарынын мазмунун ачыкка чыгарууга жана таратууга, ошондой эле жыйналыш убагында фото, аудио жана видео жабдууларды, маалыматтарды иштетүү каражаттарын, телефондук жана радио байланыштарды пайдаланууга тыюу салынат.

6. Жогорку Кеңештин жабык жыйналышынын протоколун, аудио жазуусун даярдоо жана зарыл болгон учурда аудио жазуусун жүргүзүү Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан анын купуялыгын камсыз кылуучу тартипте жүзөгө ашырылат.

7. Мыйзам менен корголуучу мамлекеттик жана башка жашыруун сырды түзгөн материалдарды сактоонун, аларга жетүүнүн жана жашыруундуулук режимин камсыз кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.

 

35-берене. Чакырылган адамдардын Жогорку Кеңештин жыйналышына катышуусу

Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбоорлору жана күн тартибине киргизилген башка маселелер боюнча зарыл маалыматтарды, корутундуларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн комитеттердин жана комиссиялардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана адистер чакырылышы мүмкүн.

 

36-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышын өткөрүүнүн тили

1. Жогорку Кеңештин жыйналышы расмий тилге удаа которууну камсыз кылуу менен төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

2. Депутат, ошондой эле чакырылган адамдар Жогорку Кеңештин жыйналыштарында расмий тилде сүйлөөгө укуктуу.

3. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарында сөз сүйлөөлөр мамлекеттик тилден расмий тилге жана расмий тилден мамлекеттик тилге удаа которуу менен камсыз кылынат.

4. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу, мындай сөз сүйлөө мамлекеттик жана расмий тилдерге удаа которуу менен камсыз кылынат.

 

37-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу

1. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу:

1) жыйналышты ушул Регламенттин талаптарына ылайык алып барат;

2) жыйналыштын күн тартибине жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык катталган өтүнмөлөрдүн келип түшүшүнүн тартибинде сүйлөө үчүн сөз берет;

3) каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды алардын келип түшкөн тартибинде добушка коет;

4) добуш берүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө жарыялайт жана анын натыйжаларын жарыя кылат;

5) жыйналыштардын протоколдорунун жана стенограммаларынын жүргүзүлүшүн контролдойт, аларга кол коет;

6) парламенттик суроо-талаптарга жана протоколдук тапшырмаларга кол коет;

7) фракциялардын, депутаттык топтордун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын ортосунда консультацияларды уюштурат.

2. Төрагалык кылуучу жыйналышта ойдогудай тартипти камсыз кылуу үчүн ушул Регламенттин 29-главасында каралган чараларды көрүүгө укуктуу.

 

38-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучуга карата чектөөлөр

1. Төрагалык кылуучу жыйналышта сөз сүйлөгөндөр тарабынан этика ченемдери бузулган учурда сүйлөгөн сөзгө комментарий бербестен ага сын-пикир айтууга укуктуу.

2. Электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүүдө төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет.

3. Жыйналыштын жүрүшүндө төрагалык кылуучу ушул Регламенттин талаптарын үч жолу одоно бузганда Жогорку Кеңеш депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кийинки жыйналышка чейин башка төрагалык кылуучуну дайындоого укуктуу.

 

39-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттардын укуктары жана милдеттери

1. Депутат Жогорку Кеңештин, фракциянын, депутаттык топтордун, комитеттердин жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

2. Жогорку Кеңештин жыйналыштарында депутаттар ушул Регламентте белгиленген чектерде төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жарыш сөздөргө катышууга;

2) талкууланып жаткан маселелердин маңызы боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө;

3) Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылынган кызмат адамдарынын талапкерликтери боюнча пикир айтууга;

4) сөз сүйлөп жаткандарга ушул Регламентте белгиленген тартипте суроо берүүгө;

5) маалымдамаларды берүүгө жана Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун, комитеттеринин, комиссияларынын ишине тиешелүү материалдарды депутаттардын арасында таратууга.

3. Депутаттар ушул Регламентте жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ.

 

40-берене. Жогорку Кеңештин иш пландары

1. Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыштын башталышында парламентти өнүктүрүү стратегиясын кабыл алат жана зарыл болгон учурда ага өзгөртүүлөрдү киргизет.

2. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш комитеттер жана комиссиялар түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен, ошондой эле кийинки кезектеги сессиянын 15-октябрынан кечиктирбестен өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана контролдоо функцияларын ишке ашыруу боюнча иштин сессиялык планын бекитет.

3. Жогорку Кеңеш ар бир айдын башталышында маселелердин кезектүүлүгүн, ошондой эле фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, комиссиялардын жана депутаттардын жазуу жүзүндөгү сунуштарын эске алуу менен иштин ар айдагы планын бекитет.

4. Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык жана ар айлык пландары токтом менен бекитилет жана кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

 

 

41-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартиби

1. Жогорку Кеңештин жыйналышы маселелерди кароонун кезектүүлүгүн аныктоо менен ар айлык пландын негизинде жыйналыштын Төрага сунуш кылган күн тартибин бекитүүдөн башталат.

2. Жогорку Кеңеш жылдыруу жөнүндө жооптуу комитеттин чечимин жактырган учурларды кошпогондо, жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени кароону жылдырууга Жогорку Кеңештин чечими боюнча бир жолудан ашык эмес жол берилет.

3. Жыйналыштын күн тартиби депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

4. Ушул Регламенттин 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 7–8, 11–13, 15–30, 32,
36-37, 40 жана 42-пункттарында каралган маселелерди ушул Регламентте белгиленген шарттар сакталганда аларды Жогорку Кеңеш бекитпестен Төрага жыйналыштын күн тартибине киргизет.

5. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, жыйналыштардын күн тартибинин маселелери боюнча материалдар Жогорку Кеңештин жыйналышына чейин 3 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жана Жогорку Кеңештин электрондук документ жүгүртүү тутумуна жайгаштырылат.

 

42-берене. Фракциялардын, депутаттык топтордун комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары

1. Шайлоочулар менен иштөө күндөрүн, Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйналыштарын кошпогондо, фракциялардын, депутаттык топтордун жыйналыштары – жума күндөрү, ал эми зарыл болгондо башка күндөрү өткөрүлөт.

2. Шайлоочулар менен иштөө күндөрүн, Жогорку Кеңештин фракциялардын жана депутаттык топтордун жыйналыштарын кошпогондо, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштары – дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү, ал эми зарыл болгондо башка күндөрү өткөрүлөт.

3. Комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары алардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда чечим кабыл алууга укуктуу. Комитеттер, комиссиялар чечимдерди комитеттин, комиссиянын катышып олтурган мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

4. Эгерде ушул Регламентте башкалар каралбаса, кворум, жыйналыш өткөрүүнүн тили, күн тартибин бекитүү, ж.б. маселелерде фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүү формасы жана жол-жобосу Жогорку Кеңештин жыйналыштарын өткөрүү жол-жобосуна окшош.

 

43-берене. Ушул Регламентте каралган мѳѳнѳттѳрдү эсептѳѳ

1. Эгерде ушул Регламентте башкача белгиленбесе, ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө белгиленген календардык датадан кийинки күнү башталат.

2. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт белгиленген мөөнөттүн акыркы айынын тиешелүү күнүндө бүтөт. Күндөр менен эсептелүүчү мөөнөт белгиленген мөөнөттүн акыркы күнүндө саат жыйырма төрттө бүтөт.

3. Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде жана депутаттар шайлоочулар менен иштеген убакытта Жогорку Кеңештин карамагына кирген маселелерди кароо мөөнөттөрүн эсептөө токтотулуп турат.

4. Жогорку Кеңештин чакырылыштарынын ортосундагы мезгилде мыйзам долбоорлорун кароо, түзөтүүлөрдү киргизүү жана Жогорку Кеңештин карамагындагы башка маселелер боюнча эсептөө мөөнөтү токтотулуп турат жана жаңы чакырылыштагы тармактык комитеттин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып жаңыртылат.

 

 

III БӨЛҮМ

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖОЛ-ЖОБОСУ

7-глава. Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизүү жана аларды алдын ала кароо

 

44-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери

Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);

2) Президентке;

3) Жогорку Кеңештин депутаттарына;

4) Министрлер Кабинетинин Төрагасына;

5) өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку сотко;

6) Элдик Курултайга;

7) өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча Башкы прокурорго.

 

45-берене. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышы кабыл албаган мыйзам долбоорлору жѳнүндѳ

1. Элдик демилге тартибинде киргизилген долбоорду кошпогондо, депутат же депутаттар демилгелеген жана мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралбаган мыйзам долбоору кайра чакыртып алынган деп эсептелет.

2. Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоору, эгерде мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери аны колдоодон баш тартса, кайра чакыртып алынган болуп эсептелет.

3. Мурдагы чакырылыштагы депутат же депутаттар тарабынан демилгеленген кайра чакыртып алынган мыйзам долбоору, аны кайталап демилгелөө жана сессиялык планга кошуу жөнүндө же болбосо андан ары демилгелөөнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына жана тармактык комитетине таратып берилет.

4. Жаңы чакырылыштын депутаттары тарабынан талап кылынбаган кайра чакыртып алынган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин архивине өткөрүп берилет.

5. Элдик демилге тартибинде киргизилген же мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери колдогон мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш ушул Регламентте аныкталган тартипте карайт.

6. Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш биринчи, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш ушул Регламентте белгиленген тартипте карайт.

 

46-берене. Мыйзам долбоорун киргизүү

1. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекти Жогорку Кеңешке киргизип жаткан мыйзам долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:

1) демилгечинин коштоочу каты;

2) мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме, ал төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

а) мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;

б) мыйзамдын колдонулушунун мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери жөнүндө;

в) коомдук угуунун, коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө;

г) мыйзам долбоорунун мыйзамдарга шайкештиги жөнүндө;

д) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдар көбөйгөн учурда каржылоонун булактары жөнүндө;

е) эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгосо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынан жарымынан кем эмесин бириктирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмеси (ассоциация, бирлик) менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары жөнүндө;

3) эгерде мыйзам долбоорунда колдонуудагы мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип жатса, салыштырма таблица;

4) киргизилүүчү мыйзам долбоорунан келип чыккан мыйзам долбоорлору (мындан ары – мыйзам долбоорлорунун пакети);

5) Министрлер Кабинети бекиткен Методикага ылайык жүргүзүлгөн ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоону.

2. Мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүүдө төмөнкүлөр кошумча берилүүгө тийиш:

1) демилгечи топту каттоо жөнүндө документ (курамы, ФАЖ, паспорттук маалыматтары);

2) кол коюу барактары;

3) мыйзам долбоорунун расмий басылмада жарыяланган текстинин бир нускасы.

3. Мыйзам долбоору жана коштоочу документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук форматта (14 өлчөмүндөгү Тimes New Roman арибинде), ошондой эле кагаз вариантта берилет.

 

47-берене. Мыйзам долбоорун каттоо

1. Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү мыйзам долбоорун 2 жумуш күндүн ичинде каттайт жана Төрагага киргизүү үчүн ушул Регламенттин 44 жана
46-беренелеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө маалымдама даярдоо үчүн аны юридикалык кызматка 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.

2. Төрага 2 жумуш күндөн кечиктирбестен юридикалык кызматтын маалымдамасынын негизинде мыйзам долбоорун карамагындагы маселелерге ылайык жооптуу комитетти аныктоо менен тиешелүү комитеттерге жөнөтүү жөнүндө резолюция коет.

Резолюцияда төрагасынын фамилиясы биринчи көрсөтүлгөн комитет жооптуу болуп саналат.

3. Төраганын резолюциясына ылайык Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү бир күндүн ичинде мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди фракцияларга, депутаттык топторго, комитеттерге, депутаттарга, атайын экспертизаларды жүзөгө ашыруучу эксперттик кызматтарга (мындан ары – эксперттик кызматтар) жөнөтөт, ошондой эле мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат.

4. Депутаттар тарабынан, ошондой эле элдик демилге тартибинде киргизилген мыйзам долбоорлору каттоодон кийин ѳздөрүнүн компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн мыйзам чыгаруу демилге укугунун башка субъекттерине жөнөтүлөт.

5. Депутат мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти катары мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алганга чейин аны кайра чакыртып алууга же болбосо демилгелөөгө катышуудан баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө Төрагага жазуу жүзүндө кабарлайт. Эгерде мыйзам долбоору депутаттардын тобу тарабынан киргизилсе, ал бардык демилгечилердин макулдугу менен кайра чакыртып алынышы мүмкүн. Мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганга чейин аны кайра чакыртып алууга укуктуу.

6. Депутат же депутаттардын тобу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин макулдугу менен мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганга чейин аны демилгелѳѳгѳ кошулууга укуктуу, бул жөнүндө Төрагага жазуу жүзүндө кабарлайт.

 

48-берене. Мыйзам долбоорун демилгечиге кайтарып берүү

Эгерде сунуш кылынган мыйзам долбоору жана коштоочу документтер ушул Регламенттин 44 жана 46-беренелеринин талаптарына жана Аппараттын юридикалык кызматынын маалымдамасынын негизинде ченем чыгаруу техникасына жооп бербесе, Тѳрага мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди демилгечиге кайра кайтарат.

 

49-берене. Мыйзам долбоорунун экспертизасы

1. Аппараттын эксперттик кызматтары мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөргө укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизалардын натыйжалары бар корутундуну милдеттүү тартипте берет:

1) алар жооптуу комитеттерде каралганга жана биринчи окууга киргизилгенге чейин мыйзам долбооруна жана мыйзам долбоорлорунун пакетине;

2) мыйзам долбоорун экинчи окууга карата даярдоонун жүрүшүндө киргизилген түзөтүүлөргө;

3) экинчи окуу жол-жобосуна кайра кайтарып берилген мыйзам долбооруна карата келип түшкѳн түзөтүүлөргө;

4) мыйзам долбоорун кароо мөөнөтүн комитет узарткандан кийин 10 күндүн ичинде киргизилген түзөтүүлөргө;

5) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзамдын текстине.

2. Аппараттын лингвистикалык кызматы төмөнкүлөр камтылган экспертизаны жүзөгө ашырат:

1) каралганга жана биринчи окууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин дал келүүсү жана ички ырааттуулугу жагынан мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорунун жана мыйзам долбоорлорунун тиркелген пакетинин тексттеринин салыштырма-редакциялык экспертизасы;

2) биринчи жана экинчи окууларда кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна карата түзөтүүлөрдүн текттеринин окшоштугу;

3) үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзамдардын мамлекеттик жана расмий тилдердеги текстеринин окшоштугу жана терминдер менен түшүнүктѳрдү бирдейлештирүү;

4) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу даярдаган мыйзамдын макулдашылган вариантынын тексттеринин окшоштугу.

3. Эксперттик корутундуларга, ошондой эле котормолордун тексттерине тиешелүү кызматтын жетекчиси кол коет.

 

50-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун биринчи окууга даярдоо

1. Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, жооптуу комитет мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирбестен аны алдын ала кароону жүзөгө ашырат.

Конституциялык соттун чечимин аткаруу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча корутунду берүү үчүн Жогорку Кеңештин жооптуу комитети тарабынан Министрлер Кабинетине, Жогорку сотко жана Башкы прокурорго жөнөтүлөт. Мыйзам долбоору боюнча корутунду Жогорку Кеңештин жооптуу комитетине 30 күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.

2. Өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер, депутаттар, Министрлер Кабинети, Жогорку сот жана Башкы прокурор, Элдик Курултай, жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам долбоору боюнча жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерди жана сунуштарды ал Жогорку Кеңештин расмий сайтында жайгаштырылган күндөн тартып 2 жуманын ичинде жооптуу комитетке жиберүүгө укуктуу.

3. Эксперттик кызматтар корутундуну мыйзам долбоору алынган күндөн тартып
15 жумуш күндөн кечиктирбестен жооптуу комитетке жөнөтөт.

4. Мыйзам долбоору жооптуу комитеттин жыйналышына анын демилгечиси же ал ыйгарым укук берген өкүл тарабынан сунушталат.

5. Мыйзамдардын альтернативдүү долбоорлору болгон учурда жооптуу комитет аларды бир эле учурда карайт жана Жогорку Кеңешке бир мыйзам долбоорун кабыл алууну жана калгандарын четке кагууну же болбосо бардык мыйзам долбоорлорун бириктирүүнү же четке кагууну сунуштайт.

6. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди кароонун жыйынтыктары боюнча корутунду кабыл алат, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:

1) мыйзам долбоорунун концепциясы;

2) мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкештиги;

3) мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы;

4) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна карата жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар;

5) ушул Регламенттин 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар;

6) эгерде көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар бар болсо, алар;

7) коомдук талкуулар жүргүзүлгөн учурда алардын натыйжалары боюнча сунуштар;

8) фракциялардын, депутаттык топтордун комитеттердин жана депутаттардын сунуштары;

9) комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири бар болсо, ал;

10) Жогорку Кеңеш ушул Регламенттин 54-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган чечимди кабыл алышы жөнүндө сунуштамалар.

7. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун алдын-ала кароонун натыйжалары боюнча Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкүлөрдү жөнөтөт:

1) комитеттин корутундусун;

2) эксперттик кызматтардын корутундуларын;

3) эгерде мыйзам долбооруна салыштырма таблица бар болсо, аны;

4) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.

8. Жооптуу комитеттин жыйналышынын корутундусуна жана протоколуна төрагалык кылуучу 5 күндөн кечиктирбестен кол коет.

 

51-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоо

1. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу ушул Регламенттин 54-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө, мыйзам долбооруна карата жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү алардын негиздемеси, салыштырма таблицасы менен бир эле учурда жооптуу комитетке жана эксперттик кызматтарга жөнөтөт.

2. Эксперттик кызматтар келип түшкөн түзөтүүлөргө корутундуну жооптуу комитетке жана түзөтүүлөрдүн демилгечисине биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жөнөтөт.

3. Жооптуу комитет төмөнкүлөрдү кароону жүзөгө ашырат:

1) ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык демилгечилерден экинчи окууга карата келип түшкөн түзөтүүлөрдү;

2) эксперттик кызматтардын корутундуларын;

3) башка тармактык комитеттердин корутундуларын.

4. Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөрдү кароо биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 20 жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.

5. Жооптуу комитеттин жыйналышына түзөтүүлөрдүн демилгечилери, мыйзам долбоорунун демилгечиси же ал ыйгарым укук берген өкүл чакырылат, алар аны өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө алдын ала кабарландырылат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси же анын өкүлү жок болгон учурда комитет аны кароону башка убакытка калтырууга укуктуу. Түзөтүүлөрдүн демилгечилеринин жоктугу мыйзам долбоорун кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

6. Жооптуу комитет келип түшкөн түзөтүүлөрдү карайт жана аларды кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган түзөтүүлөр экинчи окууга даярдалууга тийиш болгон мыйзам долбооруна киргизилет.

Алар боюнча комитет бир чечимге келбеген түзөтүүлөрдү комитет алар боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизиши мүмкүн.

7. Жооптуу комитет экинчи окууга карата корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкүдөй материалдарды жөнөтөт:

1) Жогорку Кеңеш кабыл алышына сунушталуучу түзөтүүлөрдү эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстин;

2) түзөтүүлөрдүн салыштырма таблицасын;

3) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун;

4) келип түшкөн түзөтүүлөр боюнча эксперттик кызматтын корутундусун;

5) коомдук талкуулар жүргүзүлгөн учурда алардын натыйжалары боюнча жыйынтык маалыматты.

 

52-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоо

1. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте экинчи окууда кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло тексттерин даярдайт.

Мыйзам долбоорунун текстин даярдоодо тексттин ар түрдүү элементтеринин лексикалык бир түрдүүлүгүн камсыз кылуу, грамматикалык каталарды табуу жана жоюу, стилистикалык мүнөздөгү кемчиликтерди оңдоо, ошондой эле мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерин жана ченемдик укуктук актыларды баяндоонун расмий-иш стилинин ченемдерин сактоо максатында редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилет.

2. Жооптуу комитет үчүнчү окууга карата корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкүдөй материалдарды жөнөтөт:

1) мыйзам долбоорунун биротоло толук тексттерин жана мыйзам долбоорлорунун тиркелген пакетин;

2) киргизилген түзөтүүлөрү бар таблицаны;

3) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.

 

 

8-глава. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорлорун кароо

53-берене. Мыйзам долбоорлорун кароого жалпы талаптар

1. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды жооптуу комитеттер аларды карагандан кийин кабыл алат.

2. Жооптуу комитет Жогорку Кеңештин кароосуна даярдаган мыйзам долбоору жана материалдар Төрагага жөнөтүлөт.

3. Мыйзамдардын долбоорлору үч окуу жол-жобосу боюнча каралат жана кабыл алынат.

4. Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга жана мамлекеттик чек араны өзгөртүү тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кеминде үч окууда кабыл алынат.

5. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен тындырылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети расмий корутундуну бергенден жана каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

6. Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору жооптуу комитеттин корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат.

7. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорун кароо ар айлык иш планына ылайык жүргүзүлөт.

8. Мыйзам долбоору коштоочу документтери менен Жогорку Кеңеш тарабынан аны кароого чейин 3 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жана Жогорку Кеңештин электрондук документ жүгүртүү тутумуна жайгаштырылат.

9. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча ар бир окуудан кийин ал боюнча добуш берүүнү өткөрөт.

10. Ушул берененин 13-бөлүгүнүн 9-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгы 10 жумуш күндөн кем болушу жана 30 жумуш күндөн ашык болушу мүмкүн эмес.

11. Жооптуу комитет ушул берененин 10-бѳлүгүндѳ каралган мѳѳнѳттү бир гана жолу бир айга узарта алат.

12. Ушул берененин 10 жана 11-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттөр сакталбаган учурда жооптуу комитет мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө корутундуну Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышына киргизет.

13. Көпчүлүк фракциялардын, депутаттык топтордун, ушул бөлүктүн 9-пунктунда каралган учурду кошпогондо, жооптуу жана тармактык комитеттердин оң корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй учурларда мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда же үч окууда кабыл алууга укуктуу:

1) мыйзам ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүү;

2) колдонуудагы мыйзамды жаңыдан кабыл алынган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү;

3) мыйзамдын айрым беренелерин ошол эле мыйзамдын башка беренелерине ылайык келтирүү;

4) редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүү;

5) мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин ортосундагы төп келбестиктерди жоюу;

6) кредиттик макулдашууларды кошпогондо, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлорун кароо;

7) конституциялык мыйзамдардын жана Конституциялык соттун чечиминен келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун кароо;

8) мыйзамдын же анын айрым жоболорунун расмий чечмелөөсүн берүү;

9) социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча, өзгөчө абалды, шашылыш кырдаалды киргизүүгө жана (же) арылуу мүмкүн болбогон күчтүн жагдайларына байланыштуу укук тартибинин жана коопсуздуктун маселелери боюнча мыйзамдардын долбоорлорун кароо.

14. Президенттин каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарылган, макулдашуу тобу даярдаган мыйзам ушул Регламенттин 76-беренесине ылайык кыскартылган жол-жобо боюнча кайрадан каралууга тийиш.

15. Мыйзам долбоору четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес аны кайрадан кароого кайрылышы мүмкүн.

16. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорун дайындалган расмий өкүл ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунуштайт.

17. Мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жаткан учурда мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъектинин расмий өкүлү – негизги баяндамачы, экинчи окууда тең баяндамачы болуп саналат.

18. Конституциялык мыйзамдардын жана Конституциялык соттун чечиминен келип чыккан мыйзамдардын долбоорлору Конституциялык соттун чечиминин мааниси менен мазмунунан гана келип чыгуучу ченемдерди камтууга тийиш жана Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

19. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.

Мыйзамдар жана кодекстер Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 

54-берене. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо

1. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароодо концепциясы, максаттары жана милдеттери, түзүмү, актуалдуулугу, максатка ылайыктуулугу, ошондой эле Конституциянын жоболоруна шайкештиги талкууланат. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун бардык беренелерин ырааттуу талкуулоо (беренелер боюнча талкуулоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо ушул Регламенттин 75-беренесинде каралган жол-жобо боюнча жүргүзүлөт.

3. Биринчи окуунун жүрүшүндө мыйзам долбоорунун текстине түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

4. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) жооптуу комитетке аны экинчи окууга даярдоону тапшыруу менен мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу;

2) мыйзам долбоорун четке кагуу.

5. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунда мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөрдү берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт, ал
10 жумуш күндөн ашышы мүмкүн эмес.

6. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин аны Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун кийинки этаптарында жоопкерчиликти жооптуу комитет тартат.

 

55-берене. Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо

1. Биринчи окуунун жүрүшүндөгү талкуунун убагында түзөтүүлөрдүн демилгечилеринен жооптуу комитетке келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштар боюнча мыйзам долбоорунун беренелери экинчи окууда каралат.

2. Мыйзам долбоорунун экинчи окуусу келип түшкөн түзөтүүлөрдү кароонун жыйынтыктары жөнүндө жооптуу комитеттин төрагасынын борбордук трибунадагы баяндамасынан башталат.

3. Төрагалык кылуучу жооптуу комитет тарабынан сунушталган түзөтүүлөр боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун, депутаттардын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн жана жыйналышка чакырылган адамдардын каршы пикирлеринин бар-жогун айкындайт.

4. Жооптуу комитеттин сунуштамаларына каршы пикирлер болбогон учурда төрагалык кылуучу жооптуу комитет сунуштаган мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү жалпы жонунан кабыл алуу жөнүндө маселени добушка коет.

5. Жооптуу комитет тарабынан сунушталган кандайдыр бир түзөтүүлөргө каршы пикирлер болгон учурда төрагалык кылуучу адегенде каршы пикирлер болбогон түзөтүүлөрдү добушка коет, андан кийин каршы пикирлер болгон ар бир түзөтүү боюнча жарыш сөз ачат.

6. Тиешелүү түзөтүү боюнча жарыш сөздөр токтотулгандан кийин төрагалык кылуучу адегенде жооптуу комитеттин сунуштамасын добушка коет. Жооптуу комитеттин сунуштамасы кабыл алынган учурда талкууланып жаткан беренеге карата демилгечинин түзөтүүсү боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт. Эгерде жооптуу комитеттин сунуштамасы кабыл алынбаса, демилгечилердин түзөтүүлөрү түзөтүүлөрдүн таблицасында көрсөтүлгөн тартипте добушка коюлат. Талкууланып жаткан беренеге карата кандайдыр бир түзөтүүлөр кабыл алынган учурда калган түзөтүүлөр боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт. Жооптуу комитеттин сунуштамалары да, демилгечинин түзөтүүлөрү да четке кагылган учурда мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынган редакциясы сакталат.

7. Мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулоонун жүрүшүндө ага карата жазуу жүзүндөгү жаңы түзөтүүлөр келип түшкөн учурда, аларды иликтөө жана мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу үчүн мыйзам долбоору жооптуу комитетке бир жолу кайра кайтарылат. Бул чечим Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алууну талап кылбайт. Мындай учурда Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорун кароо экинчи окуунун жол-жобосу боюнча кайрадан жүргүзүлөт.

8. Мыйзам долбооруна карата бардык түзөтүүлөрдү кароонун жыйынтыктары боюнча төрагалык кылуучу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө маселени добушка коет.

9. Экинчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоору кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууга даярдоо үчүн жооптуу комитетке жөнөтүлөт.

 

56-берене. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо

1. Мыйзам долбоорунун үчүнчү окуусу кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен аны комитетте кароонун натыйжалары жөнүндө жооптуу комитеттин өкүлүнүн борбордук трибунадагы баяндамасынан башталат.

2. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо анын текстинин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

3. Үчүнчү окууда бүтүндөй алганда мыйзам долбоорун же болбосо анын айрым түзүмдүк бирдиктерин талкуулоого кайрылып келүүгө жол берилбейт.

4. Мыйзам долбоору боюнча жыйынтыктоочу добуш берүүнүн алдында жооптуу комитет Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен тексти редакциялык оңдоону жүргүзөт.

5. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун биротоло текстин үчүнчү окууда кабыл алуу же болбосо аны четке кагуу жөнүндө жыйынтыктоочу добуш берүүнү өткөрөт.

 

57-берене. Экинчи окуунун жол-жобосуна кайрылып келүү

1. Мыйзам долбоорунун мазмунуна таасир этүүчү грамматикалык, редакциялык жана техникалык мүнөздөгү каталар табылганда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароону кийинкиге калтыруу жана экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү чечимин бир жолудан ашык эмес кабыл алууга укуктуу.

2. Түзөтүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө негизделген сунушу менен жооптуу комитетке кайрылууга укуктуу.

Жооптуу комитет экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө сунушту жактыруу же четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат жана маселени Жогорку Кеңештин кароосуна коет.

3. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө токтом ушул мыйзам долбоору боюнча мурда кабыл алынган токтомду жокко чыгарат.

4. Мыйзам долбоору жооптуу комитетке жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлөт, ал
7 күндүн ичинде маселени Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизет жана андан соң экинчи окуунун белгиленген жол-жобосу боюнча каралат.

Жооптуу комитеттин экинчи окууга карата мурда кабыл алган корутундусу жокко чыгарылбайт жана кошумча корутунду менен бирдикте каралат.

 

58-берене. Кабыл алынган мыйзамдын биротоло текстин даярдоо

1. Мыйзам долбоору каралгандан жана үч окууда кабыл алынгандан кийин мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.

2. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдын тексти оңдолууга тийиш эмес.

3. Эгерде Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан мыйзамдын биротоло текстин даярдоо процессинде карама-каршылыктар жана чечилиши көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмдүн ыйгарым укуктарына кирбеген башка маселелер табылса, алар боюнча чечимди жооптуу комитет өзүнүн корутундуларынын жана жыйналыштардын стенограммаларынын негизинде кабыл алат.

4. Аппараттын ченемдик укуктук актыларды чыгаруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдын биротоло текстин төмөнкү кызмат адамдары менен макулдашат:

1) жооптуу комитеттин төрагасы;

2) жооптуу комитеттин бөлүмүнүн башчысы;

3) юридикалык кызматтын жетекчиси;

4) котормо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн жетекчиси.

5. Мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынгандан кийин аны кароого кайра кайтарууга жол берилбейт.

6. Кабыл алынган мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло тексти кол коюу жана жарыялоо үчүн 14 жумуш күндүн ичинде Президентке жөнөтүлөт.

 

 

9-глава. Президент каршы пикирлери менен кайтарып берген мыйзамдарды кароо

59-берене. Президент кайтарып берген мыйзамдарды кароо

1. Президенттин каршы пикирлери бар мыйзамды алган күндөн тартып Төрага
2 жумуш күндөн кечиктирбестен каршы пикирди жооптуу комитетке, фракцияларга, депутаттык топторго эксперттик кызматтарга жөнөтөт.

2. Эксперттик кызматтар Президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилген мыйзамга корутундуларды 5 жумуш күндөн кечиктирбестен чыгарат.

3. Жооптуу комитет Президенттин каршы пикирлерин, фракциялардын, депутаттык топтордун сунуштарын, эксперттик кызматтардын корутундуларын иликтегенден кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:

1) Президенттин каршы пикирлерине макул болуу;

2) Президенттин каршы пикирлерине макул болбоо жана мыйзамды мурда кабыл алынган редакциясында жактыруу (ветону жеңип өтүү);

3) мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү.

4. Жогорку Кеңеш Президенттин каршы пикирлерине макул болуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда жооптуу комитетке Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Президенттин каршы пикирлерин эске алуу менен мыйзамдын текстин жеткире иштеп чыгууну жана Президентке кол коюуга жөнөтүүнү тапшырат.

Эгерде Жогорку Кеңеш бүтүндөй алганда мыйзамды кабыл алуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө Президенттин каршы пикирине макул болсо, мыйзам четке кагылды деп эсептелет.

5. Эгерде Жогорку Кеңеш мыйзамды мурда кабыл алынган редакциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кайрадан жактырса, мыйзам Президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

6. Мурда кабыл алынган редакцияда жактырылган мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде Президент ага кол коюуга тийиш.

7. Президенттин каршы пикирлерин эске алуу менен мыйзамдын макулдашылган вариантын даярдоо үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу чечим депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8. Эгерде Жогорку Кеңеш Президенттин каршы пикирин кароонун натыйжалары боюнча ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган чечимдердин бирин кабыл албаса, мыйзам четке кагылды деп эсептелет.

9. Жогорку Кеңеш Президенттин төмөнкү мыйзамга келип түшкөн каршы пикирлерин кароосуз калтыруу чечимин кабыл алат:

1) негизги мыйзамды өзгөртүүгө багытталган, кийин Жогорку Кеңеш тарабынан күчүн жоготту деп табылган;

2) анын мазмуну күчүнө кирген башка мыйзамда камтылган.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн мыйзамдар чечим кабыл алынган күндөн тартып
30 күндɵн кийин четке кагылды деп эсептелет.

 

60-берене. Макулдашуу тобун түзүү жана анын иши

1. Макулдашуу тобун түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууда Жогорку Кеңеш анын Жогорку Кеңештен жана Президенттен мүчөлөрүнүн санын жана курамын аныктайт.

2. Макулдашуу тобуна Жогорку Кеңештен демилгечи жана макулдашуу боюнча жооптуу комитеттин өкүлү кирет.

Эгерде демилгечи Конституциянын 79-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ыйгарым укуктары токтотулган депутат болуп саналса, макулдашуу тобунун курамына жооптуу комитеттин кошумча өкүлү кирет.

3. Чечим кабыл алууда макулдашуу тобунун мүчөлөрүнүн добуш берүүсү «бир тарап – бир добуш» принциби боюнча жүргүзүлөт. Макулдашуу тобунун чечими бир добуштан болууга тийиш.

4. Мыйзамдын макулдашылган вариантына жана түзөтүүлөрдүн таблицасына кол коюлганга чейин макулдашуу тобунун Жогорку Кеңештен тең төрагасы аларды ушул Регламенттин 49-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган шарттарды аткаруу үчүн эксперттик кызматтарга жөнөтөт.

5. Макулдашуу тобу аны түзүү жөнүндө Жогорку Кеңеш тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирбестен мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

Макулдашуу тобунун мүчөлөрүнүн ортосунда макулдук болбогон учурда жооптуу комитет четке кагуу жөнүндө сунуштама менен мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

6. Макулдашуу тобунун ишин уюштурууну жана маалыматтык камсыз кылууну жооптуу комитеттин бөлүмү жүзөгө ашырат.

7. Жогорку Кеңеш макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан төмөнкүнүн варианты боюнча чечим кабыл алат:

1) конституциялык мыйзамдын – депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн эки көпчүлүк добушу менен;

2) мыйзамдын – депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен.

 

 

10-глава. Мыйзамдарды расмий чечмелөө

61-берене. Мыйзамдарды расмий чечмелөө

1. Конституцияны кошпогондо, Жогорку Кеңеш конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге, мыйзамдарга же алардын түзүмдүк элементтерине расмий чечмелөөнү берет.

Расмий чечмелөө мыйзамды кабыл алуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Мыйзамды расмий чечмелөө мыйзамдын өзүнө, колдонуудагы башка мыйзамдарга карама-каршы келүүгө тийиш эмес жана жаңы укук мамилелерин түзүүгө тийиш эмес.

3. Расмий чечмелөө процессинде мыйзамдардын долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат. Мыйзамдардын ченемдери Конституциянын жоболоруна толук ылайык чечмеленүүгө тийиш.

4. Конституциялык мыйзамдардын, кодекстердин, мыйзамдардын же алардын түзүмдүк элементтеринин расмий чечмелөөсүн берүү жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын сунуштары киргизилгенде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери аларды кабыл алат же четке кагат.

5. Расмий чечмелөөнү берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда комитет мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн  жумушчу топту түзѳт, анын курамына демилгени колдогон комитеттин мүчөлөрү, ошондой эле башка таламдаш жактар кирет. Мыйзам долбоорунун демилгечилери болуп депутаттар – жумушчу топтун мүчөлөрү же башка депутаттар саналат.

6. Расмий чечмелөө жөнүндө сунуштарды кароонун натыйжалары боюнча жооптуу комитет кайрылуунун ээсине жазуу жүзүндө жүйөлөштүрүлгөн жооп жөнөтөт.

 

62-берене. Мыйзамдарды расмий чечмелөө тартиби

1. Конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, мыйзамдарды же алардын түзүмдүк элементтерин расмий чечмелөө жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун кабыл алуунун жалпы тартибинин жол-жобосу боюнча кабыл алат.

2. Мыйзамды же анын түзүмдүк элементтерин расмий чечмелөө жөнүндө мыйзам долбоору тиешелүү комитетте алдын ала каралгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

 

 

IV БӨЛҮМ

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУНУН АТАЙЫН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

11-глава. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү

 

63-берене. Жогорку Кеңеш Конституцияны кабыл алуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алышы, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңеш кароосунун өзгөчөлүктөрү

1. Конституцияны кабыл алуу жөнүндө, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун демилгелөөнүн жана кабыл алуунун тартиби Конституциянын 116-беренеси менен аныкталат.

2. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору корутунду берүү үчүн Конституциялык сотко жөнөтүлүүгө тийиш.

Конституциялык сот терс корутунду чыгарган учурда Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору каралбайт.

3. Конституциянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор Президенттин же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

4. Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.

5. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам окуулардын ортосундагы 2 айлык интервал менен үчтөн кем эмес окуу жүргүзүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6. Конституцияны кабыл алуу, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга Президент кол коет.

 

12-глава. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуу

64-берене. Жогорку Кеңеш ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлорун макулдашуу

1. Жогорку Кеңеш ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдин долбоору ага Президент же кол коюуга ыйгарым укук берилген кызмат адамдары кол коердун алдында макулдашуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине жөнөтүлөт.

2. Жооптуу комитет тармактык комитет менен бирдикте төмөнкүлөрдү карайт:

1) эл аралык келишимдин долбоорунун текстин;

2) тексттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө Юстиция министрлигинин экспертизасын;

3) келишимдин долбоорунан келип чыккан каржы милдеттенмелери бөлүгүндө тийиштүү министрликтин экспертизасын;

4) тышкы иштер маселелер карамагында болгон орган менен макулдашуу документтерин.

3. Ушул берененин 2-бѳлүгүнүн талаптары сакталбаган учурда эл аралык келишимдин долбоору катталбайт.

Келип түшкөн эл аралык келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине берилгенге чейин ал лингвистикалык экспертизадан өтүүгө тийиш.

Жогорку Кеңештин жооптуу комитети эл аралык келишимдин долбоорун лингвистикалык кызматтын корутундусу болгон учурда карайт.

4. Эл аралык келишимдин долбоорунун тексти боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин сын-пикирлери болгон учурда, алар келишимдин тарабы менен жеткире иштеп чыгуу үчүн Президентке же Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.

 

65-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо тартиби. Мамлекеттик чек араны өзгөртүү боюнча эл аралык келишимди ратификациялоо

1. Жогорку Кеңеш эл аралык келишимдерди (макулдашууларды) ратификациялоо жана денонсациялоо маселелери боюнча чечимдерди карайт жана кабыл алат.

2. Эл аралык келишимди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору белгиленген тартипте Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүдѳй документтер болгондо киргизилет:

1) эл аралык келишимдин тексти;

2) келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу каржы-экономикалык жана башка натыйжаларын баалоо жөнүндө Министрлер Кабинетинин корутундусу;

3) эл аралык келишимди даярдоонун жана ага кол коюунун жүрүшү жөнүндө маалымат;

4) эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Конституциялык соттун корутундусу.

3. Төрага ратификациялоого же денонсациялоого келип түшкөн эл аралык келишимдин мазмунуна таянып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна даярдоо боюнча жооптуу комитетти аныктайт.

4. Тармактык комитет жооптуу комитетке эл аралык келишим боюнча корутунду даярдоодо анын компетенциясына ылайык көмөк көрсөтөт.

Жооптуу комитет эл аралык келишимди кароодо Жогорку Кеңештин жыйналышына материалдарды даярдоо боюнча жумушчу топту түзө алат.

5. Жооптуу комитет кароонун жыйынтыктары боюнча корутунду берет, анда төмөнкүлөр камтылат:

1) ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө сунуштама;

2) эки тараптуу эл аралык келишимдерди кошпогондо, ратификациялоону же денонсациялоону эл аралык укук жол берген мүмкүн болуучу декларациялар, билдирүүлөр же эскертмелер менен коштоонун зарылдыгы жөнүндө сунуштар.

6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын белгилөөчү эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору үч окуудан өткөрүлгөндөн кийин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө маселени кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алса, мындай чечим жүйөлөштүрүлүүгө тийиш.

 

66-берене. Айрым мыйзамдарды кароонун жана кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү

1. Административдик-аймактык түзүлүш, аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды белгилөө, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды уюштуруу, мунапыс жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин корутундусу болгондо карайт.

2. Кѳрсѳтүлгѳн мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңеш тарабынан кароо жана кабыл алуу тиешелүү мыйзамдардын ченемдерине жана ушул Регламенттин
III бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

 

 

13-глава. Республикалык бюджетти кароо жана бекитүү

67-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору, комитеттери жана депутаттар тарабынан каралышы

1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын жактырылган долбоорун кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

2. Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери Жогорку Кеңешке республикалык бюджеттин долбоору берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде:

1) Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Судьялар кеңешинин төрагасынын маалыматын жана республикалык бюджеттин долбооруна карата Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын корутундуларын угат;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен куратордук кылган багыттар боюнча республикалык бюджет боюнча корутундуларды Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна берет;

3) Жогорку Кеңештин комитеттери, фракциялары жана депутаттык топтору республикалык бюджеттин айрым чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алган учурда, чыгымдардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу жөнүндө сунуштарды милдеттүү тартипте киргизет жана (же) кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактарын аныктайт;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттер ортосундагы мамилелерди макулдашуунун протоколун карайт.

3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети:

1) Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун жана комитеттеринин, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын корутундуларын жалпылоо үчүн аларды карайт;

2) республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрөт;

3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлеринин, депутаттык топторунун жетекчилеринин, комитеттеринин төрагаларынын жана депутаттарынын катышуусу менен республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңейтилген жыйналышты өткөрөт;

4) Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун, комитеттеринин, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун, ага корутундуну Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттер ортосундагы мамилелерди макулдашуунун протоколун карайт.

4. Республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кароо долбоор Жогорку Кеңешке сунуш кылынган күндөн тартып
30 календардык күндүн ичинде аяктоого тийиш жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен өтөт.

 

 

68-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алууга талаптар

1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламенттин жоболоруна ылайык үч окууда толук талкуулоо жол-жобосу боюнча каралат.

2. Республикалык бюджетти жана ага өзгөртүүлөрдү бекитүү маселеси боюнча чечим кабыл алуу, эгерде бул Министрлер Кабинетинин Төрагасынын корутундусу боюнча бюджеттик жөнгө салууда кыйынчылыктарга алып келе турган болсо, кийинки жыйналышка калтырылышы мүмкүн эмес.

 

69-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо

1. Жогорку Кеңеш биринчи окууда төмөнкүлөрдү карайт:

1) каралып жаткан мезгилдерге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолун;

2) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге бюджеттик саясаттын программасын.

2. Биринчи окууда кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууга Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңештин тармактык комитетине кароого жөнөтүлөт.

3. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар жазуу жүзүндөгү сунуштарды Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жана бир эле убакта эксперттик кызматтарына 5 күндүк мөөнөттө жөнөтөт.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сунуш келип түшкөн күндөн тартып
10 күндүк мөөнөттө ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна киргизүү (киргизбөө) мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуну берет.

5. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кайрадан кароо үчүн Министрлер Кабинетине аны жеткире иштеп чыгуу жана сунуштоо үчүн мөөнөттү аныктайт.

 

70-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо

Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт жана Бюджеттик классификацияга жана тиркемелерге ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге сунуш кылынган төмөнкүдөй параметрлерди кабыл алат:

1) ички дүң продуктуга карата республикалык бюджеттин кирешелеринин салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;

2) ички дүң продуктуга карата республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;

3) ички дүң продуктуга карата абсолюттук цифраларда жана пайыздарда республикалык бюджеттин тартыштыгын (профицитин);

4) бюджеттин тартыштыгын жабуу булактарын;

5) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге кирешелерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн ченемдерин;

6) кезектеги бюджеттик жылдын аягына жана пландаштыруучу мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын жогорку чегин;

7) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге Министрлер Кабинетинин резервдик фонддорунун ченемдик чоңдугун.

 

71-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо

1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алат.

2. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору жаңы бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан каралат жана кабыл алынат.

3. Эгерде республикалык бюджеттин долбоору үстүдөгү жылдын аягына чейин бекитилбесе, Министрлер Кабинети тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген республикалык бюджеттин долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чектеринде ал бекитилгенге чейин Министрлер Кабинети чыгымдарды ай сайын жүргүзүүгө укуктуу.

4. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда республикалык бюджет Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат жана Жогорку Кеңеш менен Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.

 

72-берене. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунунбюджеттери жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кароо

1. Министрлер Кабинети кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары – Социалдык фонд) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) бюджеттеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

2. Белгиленген бюджеттердин долбоорлору Жогорку Кеңешке берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери:

1) бул бюджеттердин долбоорлоруна карата мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын жана Эсептөө палатасынын төрагасынын корутундусун угат;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен бюджеттердин долбоорлору боюнча корутундуларды Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна берет;

3) Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери тиешелүү бюджеттердин айрым чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алган учурда чыгымдардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу жөнүндө сунуштарды милдеттүү тартипте киргизет жана (же) кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактарын аныктайт.

3. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамдарды кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен үч окуу жол-жобосу боюнча карайт жана кабыл алат.

 

73-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө бюджетинин долбоорун бекитүү

Кыргыз Республикасында өзгөчө, аскердик абал киргизилген учурда Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген өзгөчө бюджетти Конституцияда жана конституциялык мыйзамдарда каралган тартипте биринчи кезектеги тартипте карайт.

 

 

V БӨЛҮМ

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ЧЕЧИМДЕРДИ ТАЛКУУЛОО ЖАНА КАБЫЛ АЛУУ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

14-глава. Жогорку Кеңештин жыйналышында маселелерди кароонун жол-жоболору

74-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында маселелерди кароонун  жол-жоболору

1. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңеш күн тартибинин маселелерин кароонун жол-жоболорун колдонуу жөнүндө маселени депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу чечет.

2. Жол-жоболордун түрлөрүнүн бирин колдонуу жөнүндө чечим жыйналыштын стенограммасында чагылдырылат тийиш жана токтом менен таризделбейт.

3. Жогорку Кеңештин жыйналышында фракциянын лидери, депутаттык топтун жетекчиси же алар тарабынан ыйгарым укук берилген депутат, комитеттин төрагасы (өкүлү), бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутат жол-жобо маселеси боюнча эки жолудан ашык эмес сүйлөй алат.

 

 

75-берене. Толук жол-жобо

Жыйналышта маселелерди кароонун толук жол-жобосу төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) негизги демилгечинин баяндамасын;

2) баяндамачыга суроолорду жана аларга жоопторду;

3) жооптуу комитеттин, же болбосо убактылуу комиссиянын өкүлүнүн кошумча баяндамасын;

4) кошумча баяндамачыга суроолорду жана аларга жоопторду;

5) жарыш сөздөрдү;

6) негизги баяндамачынын жана кошумча баяндамачынын корутунду сөзүн.

 

76-берене. Кыскартылган жол-жобо

1. Жогорку Кеңеш төрагалык кылуучунун, фракциянын, депутаттык топтун, жооптуу комитеттин же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча маселени кыскартылган жол-жобо боюнча кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

2. Жыйналыштагы кыскартылган жол-жобо төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) негизги демилгечинин баяндамасын;

2) жооптуу комитеттин же болбосо убактылуу комиссиянын өкүлүнүн кошумча баяндамасын;

3) ар бир фракциядан, депутаттык топтон же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттан эки суроону жана аларга жоопторду;

4) ар бир фракциядан, депутаттык топтон же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттан бирден өкүлдүн сөз сүйлөөсүн;

5) добуш берүү жүйөсү боюнча ар бир фракциядан, депутаттык топтон же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттан бирден өкүлдүн сөз сүйлөөсүн.

 

77-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышындагы жол-жобо маселелери

1. Жол-жобо маселелерине жыйналышты алып баруунун тартибине тиешелүү төмөнкү маселелер кирет:

1) танапис, жыйналышты кийинкиге которуу, жабуу же узартуу жөнүндө;

2) добуш берүү ыкмасын өзгөртүү жөнүндө;

3) сөз сүйлөөнүн кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө;

4) кошумча каттоо жүргүзүү жөнүндө;

5) кворумду тастыктоо жана добуштарды кайрадан эсептөө жөнүндө;

6) талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздɵрдү кийинкиге калтыруу же токтотуу жөнүндө;

7) маселени жооптуу комитеттин же убактылуу комиссиянын кароосуна ѳткѳрүп берүү жөнүндө;

8) сөз сүйлөө убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;

9) жыйналыштын күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;

10) жыйналышта маселелерди кароонун жана талкуулоонун кезектүүлүгү жөнүндө;

11) добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө;

12) маселени кароону кийинки жыйналышка которуу жөнүндө;

13) күн тартибинин маселесин талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;

14) маселени жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жөнүндө;

15) суроолорго жооптор үчүн убакыттын узактыгы жөнүндө;

16) сүйлөнүүчү сөздөрдүн жана суроолордун санына чектөөнү белгилөө жөнүндө;

17) суроолорго жана жоопторго убакытты чектөө же узартуу жөнүндө;

18) ушул Регламенттин 35-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды жыйналышка чакыруу жөнүндө;

19) чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;

20) күн тартибинин маселеси боюнча аны талкуулабастан добуш берүүгө өтүү жөнүндө;

21) добуштарды кайра эсептөө жөнүндө;

22) жол-жобого таандык болгон башка маселелер.

2. Жогорку Кеңештин жол-жоболук маселелер боюнча чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен таризделбейт.

 

78-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында сөз сүйлөөнүн узактыгы

1. Төрагалык кылуучу катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени талкуулоонун, суроолорго жана жоопторго бөлүнүүчү убакыттын жалпы узактыгын белгилеши, сөз сүйлөө убактысын узартышы мүмкүн.

2. Баяндамалардын, кошумча баяндамалардын, корутунду сөздөрдүн жана башка сөз сүйлөөнүн узактыгы төмөнкүдөн ашууга тийиш эмес:

1) баяндама үчүн – 20 мүнөттөн;

2) кошумча баяндама үчүн – 10 мүнөттөн;

3) жарыш сөздө сүйлөө үчүн – 5 мүнөттөн;

4) «Ар кандай» жол-жободо сөз сүйлөө үчүн – 3 мүнөттөн;

5) жол-жобо маселелери боюнча, добуш берүү жүйөлөрү боюнча, талапкерлер боюнча сөз сүйлөө үчүн, билдирүүлөр, суроолор жана аларга жооп берүү, сунуштар, кабарлоолор, маалымдамалар үчүн – 3 мүнөттөн;

6) корутунду сөз үчүн – 7 мүнөткө чейин.

Жогорку Кеңештин чечими боюнча фракцияларга, депутаттык топторго, бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 10 мүнөткө чейин убакыт берилиши мүмкүн.

3. Белгиленген убакыт аяктагандан кийин төрагалык кылуучу бул тууралуу сөз сүйлөөчүгө эскертет, андан соң анын сөзүн токтотууга укуктуу.

4. Регламенттин маселелерин жүргүзүүчү комитеттин төрагасы маселелерди кароонун жол-жобосунун бузулганы жана ушул Регламентте белгиленген тартипке кайрылып келүү жөнүндө билдирүү менен кезексиз тартипте сөз сүйлөөгө укуктуу.

 

79-берене. Жарыш сөздөр

1. Төрагалык кылуучунун уруксаты болмоюнча Жогорку Кеңештин жыйналышында эч ким сөз сүйлөөгө укуксуз.

2. Жогорку Кеңештин жыйналышында жооптуу комитеттин, комиссиянын төрагасы (өкүлү), фракциянын лидери, депутаттык топтун жетекчиси же алар ыйгарым укук берген депутат, ошондой эле бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутат бир эле маселе боюнча жарыш сөздөрдө экиден ашык эмес сүйлөй алат.

3. Жарыш сөздөрдө сөз сүйлөөчү талкууланып жаткан маселенин темасын сактоого тийиш. Эгерде сөз сүйлөөчү темадан четтесе, төрагалык кылуучу эскертүү жасайт, ал эми талапты аткарбаган учурда сөздөн ажыратат.

4. Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу жөнүндө сунушту алып, сөзгө жазылгандардын жана чыгып сүйлөгөндөрдүн саны жөнүндө депутаттарга маалымдайт, жазылгандардын кимиси чыгып сүйлөө ниетинен кайтпасын тактайт жана ушуну эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу жөнүндө маселени добушка коет.

5. Жарыш сөздүн токтотулушуна байланыштуу сөз сүйлөй албай калган фракциянын, депутаттык топтун өкүлү, депутаттар сүйлөөчү сөздөрүнүн кол коюлган тексттерин жыйналыштын стенограммасына тиркөө үчүн аларды Төрагага берүүгө укуктуу.

 

80-берене. Жыйналыштын күн тартибинин маселесине кайрылып келүү

Четке кагылган мыйзам долбоорлорун кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналышы ичинде каралып жаткан маселеге бир ирет кайрылып келүүгө жол берилет. Каралып жаткан маселеге кайрылып келүү бул маселе боюнча мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгарууну билдирет. Каралган маселеге кайрылып келүү жөнүндө добуш берүү жокко чыгарылып жаткан чечим кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт. Алгачкы добуш берүүнүн натыйжалары жыйналыштын протоколуна киргизилет жана Жогорку Кеңештин токтому менен таризделбейт.

 

 

15-глава. Кворум, добуш берүү жана добуштарды эсептөө

81-берене. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарын өткөрүүнүн укук ченемдүүлүгү үчүн кворум

1. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары кворум болгондо чечим кабыл алууга укуктуу, мында жыйналыш – мыйзамдуу, ал эми кабыл алынган чечимдер юридикалык күчкө ээ деп эсептелет.

2. Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму Жогорку Кеңештин депутаттарынын, комитеттердин, комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкандыгын билдирет.

3. Депутаттарды каттоо башталгандан тартып 15 мүнөттүн ичинде кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу танапис жарыялайт.

4. Эгерде 15 мүнөттүн ичинде кворумдун болушу камсыз кылынбаса, анда жыйналыш болбой калды деп эсептелет.

 

82-берене. Чечимдерди кабыл алуу үчүн кворум

1. Жогорку Кеңештин чечимдери төмөнкүдөй кабыл алынат:

1) депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добушу менен;

2) депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен;

3) депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен;

4) катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен (токтом кабыл алууну талап кылбаган маселени кароодо);

5) депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин добушу менен.

2. Толук конституциялык курам жок болгон учурда чечимдер ант берген депутаттардын иш жүзүндөгү курамына (депутаттардын жалпы саны) таянуу менен кабыл алынат.

3. Жогорку Кеңештин чечимдери депутаттардын жеке добуш берүүсү менен кабыл алынат.

 

83-берене. Добуш берүү жана анын түрлөрү

1. Жогорку Кеңеш чечимдерди добуш берүүнүн төмөнкү түрлөрүнүн негизинде кабыл алат:

1) манжалардын издери боюнча жана (же) беттин геометриясы боюнча таануу функциясы бар добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен ачык добуш берүүнүн;

2) электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүүнүн;

3) манжалардын издери боюнча жана (же) беттин геометриясы боюнча таануу функциясы бар добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн;

4) бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн.

2. Добуш берүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) эгерде бир эле учурда бир нече кызмат орундарына бир нече талапкер шайланып жатса (ар бир кызмат ордуна бирден талапкер сунушталса), бирдиктүү тизме боюнча;

2) эгерде бир адам шайланып жатса жана бир нече талапкер сунуш кылынса, ушул Регламенттин 89-беренесине ылайык үч турда;

3) эгерде бир адам шайланып жатса жана бир талапкер сунуш кылынса, бир турда.

3. Депутат добуш берүү укугун жеке өзү жүзөгө ашырат.

4. Добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга эч кимдин укугу жок.

 

84-берене. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү

1. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын күндөрүндө мыйзам долбоорун кароо аяктагандан кийин дароо өткөрүлөт.

2. Жооптуу комитеттер добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча токтомдордун долбоорлорун сунуш кылат.

3. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышынын күн тартибиндеги мыйзам долбоорлору боюнча талкуу жана добуш берүү жол-жобосу ушул беренеде каралган тартипте жүргүзүлөт.

4. Добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат.

5. Депутаттар иш сапарларын жана башка иш-чараларын добуш берүүгө катышуу милдетине таянуу менен пландаштырууга милдеттүү.

6. Фракциянын мүчөлөрү пландалган иш сапарлар же башка иш-чаралар жөнүндө иш-чараны өткөрүү датасына чейин 3 календардык күн мурда жазуу жүзүндө фракциянын лидерине кабарлоого милдеттүү.

7. Төрагалык кылуучу добуш берүү башталганга чейин:

1) кворумдун бар экенин аныктоо үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышына катышып жаткан депутаттарды каттоо жөнүндө жарыялайт жана каттоодон өткөн депутаттардын санын жарыя кылат;

2) компьютерлери өчүрүлүүгө тийиш болгон, жок депутаттардын фамилияларын жарыялайт.

8. Катышып жаткан жана жок депутаттардын саны аныкталгандан кийин төрагалык кылуучу мыйзам долбоорлоруна карата токтомдордун долбоорлорун добушка коет.

Добуш берүүдөн качууга жол берилбейт.

Эгерде Конституцияда башкасы каралбаса, мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

9. Депутат добуш берүү убагында жыйындар залынан чыгып кеткен учурда анын компьютери өчүрүлүүгө тийиш жана төрагалык кылуучу кайра каттоону жарыялайт.

10. Депутаттарды каттоонун жана алардын атын атап добуш берүүнүн натыйжалары 2 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

 

85-берене. Мыйзам долбоорлоруна тиешеси болбогон маселелер боюнча добуш берүү

1. Мыйзам долбоорлоруна тиешеси болбогон маселелер боюнча добуш берүү аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт, мында чечүүчү добуш укугун өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

2. Демейки жагдайларда депутаттын жоктугунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;

2) кош бойлуулук жана төрөт боюнча, баланы асыроого байланыштуу өргүү;

3) эмгек акысы сакталбаган өргүү (үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, никени каттоо, бала төрөө, бала багуу боюнча, жакын туугандары каза болгон учурларда);

4) окуу өргүүсү, иш сапарында болуу, жазуу түрүндөгү чакыруу боюнча парламенттин жетекчилигинин уруксаты менен мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу;

5) тиешелүү документтер менен ырасталган транспорттук тоскоолдуктар;

6) Төраганын, анын орун басарларынын, тийиштүү фракциялардын лидерлеринин, депутаттык топтордун жетекчилеринин же комитеттердин, комиссиялардын төрагаларынын тапшырмасы;

7) сот жыйналыштарына жана тергөө аракеттерине катышуу.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ар бир учурда депутаттын жок болушунун себебин жүйөлүү деп таануу жөнүндөгү маселе тиешелүү комитет тарабынан чечилет.

4. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында:

1) жок депутаттардын тизмесин жарыялайт;

2) талапкерлердин же добуш берүүгө коюлуп жаткан сунуштардын саны жөнүндө билдирет, сунуштардын туюндурулушун тактайт, сунуштардын жыйынтык тексттерин жана алардын добуш берүүгө коюла турган ыраатуулугун окуп берет, добуш берүүнүн түрү жана чечим кабыл алуу үчүн кворум жөнүндө эске салат.

5. Жок депутаттардын тизмеси жарыялангандан кийин алардын компьютерлери өчүрүлүүгө тийиш.

6. Жогорку Кеңештин жыйналышында катталган, бирок добуш берүү учурунда жок болгон депутат добуш берүү үчүн бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин кайра добуш берүү жөнүндө маселени коюуга укуксуз.

 

86-берене. Ачык добуш берүү

1. Жогорку Кеңештин жыйналышында ачык добуш берүү – добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен же болбосо Жогорку Кеңештин чечими боюнча электрондук тутумду пайдаланбастан өткөрүлөт.

2. Добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен ачык добуш берүүнү өткөрүүдө аларды белгилөө, жазуу камсыз кылынат.

3. Электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүү төрагалык кылуучу тарабынан ар бир депутаттын эрк билдирүүсүн белгилеп, анын атын атап сурамжылоо жолу менен өткөрүлөт.

 

87-берене. Жашыруун добуш берүү

1. Жашыруун добуш берүү добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун же бюллетендерди пайдалануу менен өткөрүлөт.

2. Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүүдө добуш берүүнүн натыйжалары добуш берүүнүн жалпыланган натыйжасы түрүндө чагылдырылат, мында аты аталган тизме компьютердин эсине киргизилбейт.

3. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү ар бир депутат жеке өзү бюллетенди толтурушу аркылуу жүзөгө ашырылат, ал депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын эркин билдирүүсүнүн купуялыгын камсыз кылуучу атайын кабинада толтурулат жана эсептөө комиссиясы чаптаган добуш берүү үчүн урнага салынат.

 

88-берене. Жогорку Кеңештин эсептөө комиссиясынын иши

1. Эсептөө комиссиясы:

1) бюллетендин формасын белгилейт жана алардын шайланган депутаттардын санына ылайык санда даярдалышын контролдойт;

2) депутаттарга бюллетендерди өзүнө кол койдуруу менен берет;

3) добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;

4) бюллетендерди берүү аяктагандан кийин калгандарын жок кылат;

5) добуш берүүнүн убактысын белгилейт;

6) добуш берүүнүн жүрүшүндө келип чыккан чыр-чатактарды жана талаштарды чечет;

7) урнаны ачууну жана добуштарды эсептөөнү жүзөгө ашырат;

8) добуш берүүнүн натыйжаларын, анын ичинде даярдалган, берилген, жок кылынган, анык, анык эмес бюллетендердин жалпы санын, ошондой эле добуштарды эсептөөнүн натыйжаларын Жогорку Кеңешке жарыя кылат.

2. Добуштарды эсептөөдө белгиленбеген формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эрк билдирүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер анык эмес деп эсептелет.

3. Урнаны ачуу жана бюллетендер боюнча добуштарды эсептөө жыйналыштар залында эсептөө комиссиясы тарабынан ачык жүргүзүлөт.

4. Добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөө комиссиясы протоколдо чагылдырат, ага катышып жаткан комиссия мүчөлөрү кол коет.

Комиссия мүчөлөрүнүн бири протоколго макул болбогон учурда, ал жазуу түрүндө өзгөчө пикирин баяндайт, ал протоколго тиркелет жана жыйналышта жарыя кылынат.

5. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөөдө Жогорку Кеңештин депутаттары эсептөө комиссиясынын ишинин жүрүшүнө кийлигишүү укугу болбостон катыша алат.

 

89-берене. Добуш берүүнү үч турда өткөрүүнүн тартиби

1. Эгерде ушул Регламентте башкасы каралбаса, бир орунга бир нече талапкер көрсөтүлгөндө же чечимдин бир нече варианты каралганда добуш берүү үч турда өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Депутаттар бир гана талапкер же чечимдин бир гана варианты үчүн же «баарына каршы» добуш бере алат. Талапкерлер бюллетендерге алфавиттик же мыйзамда аныкталган башка тартипте киргизилет.

3. Биринчи турда депутат көрсөтүлгөн бир нече талапкерлердин ичинен бири үчүн же чечимдердин бир нече варианттарынын ичинен бири үчүн же «баарына каршы» добуш берет.

4. Добуш берүүнүн экинчи туру добуштардын санынын көпчүлүгүн алган эки талапкер же маселени чечүүнүн эки варианты боюнча өткөрүлөт. Экинчи турдун жыйынтыктары боюнча добуштардын зарыл санын алган талапкер шайланды же чечимдин варианты кабыл алынды деп эсептелет.

5. Эгерде экинчи турда добуш берүүгө киргизилген эки талапкер же чечимдин эки варианты добуштардын тең санын алып калса, Жогорку Кеңеш кайталап добуш берүүнү өткөрөт.

6. Эгерде экинчи турда эки талапкердин бири да же чечимдин эки вариантынын бири да добуштардын талап кылынган санын ала албай калса, добуш берүүнүн үчүнчү туру өткөрүлөт.

7. Эгерде ушул Регламентте башкасы белгиленбесе, үчүнчү турдун жыйынтыктары боюнча депутаттардын санынын добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер шайланды же чечимдин ошол варианты кабыл алынды деп эсептелет.

8. Эгерде бир да талапкер же чечимдин варианты добуштардын зарыл санын албай калса, жаңы талапкерлерди же чечимдин жаңы варианттарын көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.

 

90-берене. Электрондук тутумду пайдалануу

1. Электрондук тутум төмөнкү максаттарда пайдаланылат:

1) Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо;

2) депутаттарды сөз сүйлөөгө жазуу;

3) добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо;

4) добуш берүүнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматты топтоо жана ыкчам берүү;

5) тизмелерди жана жыйналыштардын башка документтерин түзүү жана принтерден чыгаруу;

6) мыйзам долбоорлорунун маалымат базасын кошуп алганда, Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында депутаттарды маалыматтык жактан камсыз кылуу.

2. Электрондук тутумда каттоо анын манжаларынын (манжасынын) издери же болбосо жүзүн таануу технологиясы боюнча идентификациялоонун жардамы менен депутаттын жеке өзү тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

91-берене. Электрондук тутумду пайдаланууну контролдоо

1. Жогорку Кеңеш бардык фракциялардын, депутаттык топтордун депутаттарынын ичинен добуш берүүдө электрондук тутумду пайдаланууга контролду жүзөгө ашыруучу туруктуу жумушчу комиссияны түзөт.

2. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматка тоскоолдуксуз жетүү укугуна ээ.

3. Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүүдө жумушчу комиссия добуш берүү башталганга чейин электрондук тутумдун оң иштешин текшерүүгө милдеттүү.

4. Жашыруун добуш берүү режиминде электрондук тутумду пайдалануунун эрежелерин сактоо жумушчу комиссия түзɵ турган протокол менен таризделет.

5. Жумушчу комиссия ачык добуш берүүнүн натыйжаларындагы, сөз сүйлөөгө жазылуулардагы так эместиктер жана электрондук тутумдун ишиндеги башка каталар жөнүндө фракциялардын, депутаттык топтордун билдирүүлөрүнүн негиздүүлүгүн карайт жана текшерет.

6. Жумушчу комиссия өз ишине электрондук тутумдар боюнча эксперттерди жана адистерди тартышы мүмкүн.

 

92-берене. Электрондук тутумдун маалыматтарын берүү

1. Жыйналыштагы депутаттарды каттоонун, алардын ачык добуш берүүсүнүн натыйжалары жана Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтар Жогорку Кеңештин сайтында жайгаштырылууга тийиш.

2. Эгерде ушул Регламентте башкасы белгиленбесе, электрондук тутумдун эсинде турган маалымат Жогорку Кеңештин архивинде сакталат.

 

16-глава. Жыйналыштын жана мыйзам долбоорунун протоколу, стенографиялык отчету, «иши»

93-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколунун мазмуну

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштарына протокол түзүлөт. Жыйналыштын протоколун жүргүзүүнү Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат. Жыйналыштын протоколуна жыйналышка төрагалык кылуучу кол коет.

2. Жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр чагылдырылат:

1) жыйналышты өткөрүү датасы, убактысы жана орду;

2) жыйналышка катышкан депутаттардын саны;

3) кароого коюлган күн тартибинин маселелери;

4) ошол жыйналыш үчүн депутаттарга таратылган документтердин аталыштары жана редакциялары;

5) жыйналышка чакырылган адамдардын фамилиялары жана кызмат орундары;

6) жыйналышка төрагалык кылуучунун жана сөз сүйлөгөндөрдүн фамилиялары;

7) добуш берүүгө коюлган бардык маселелер жана сунуштар, аларды чечүүнүн ыкмалары;

8) добуш берүүнүн толук натыйжалары (жыйналышка төрагалык кылуучу аларды толук жарыялабаган учурда да тиркелет) жана кабыл алынган чечимдер;

9) жыйналышка катышкан депутаттарды атын атап каттоо жөнүндө маалыматтар;

10) жыйналышка жүйөлүү себептер боюнча катышпагандыгы белгилүү болгон депутаттардын тизмеси.

3. Жыйналыштын протоколуна күн тартибинин маселелери боюнча добуш берүүнүн натыйжалары кошулат.

4. Протоколдун стенограммага төп келбегендиги үчүн жоопкерчиликти протокол түзүүнү жүзөгө ашырган адамдар тартат.

 

94-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын стенограммасы

1. Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшүндө жыйналыштын аудиожазуусу жүзөгө ашырылат жана анын негизинде стенограмма басылат. Жыйналыштын аудиожазууларын жүргүзүүнү жана стенограммасын даярдоону Аппарат жүзөгө ашырат. Стенограмма талкуулоонун жүрүшүн чагылдырууга, жыйналыштын өткөрүлгөн күнү, убактысы, орду, күн тартиби, төрагалык кылуучунун фамилиясы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.

2. Стенограммада стилистикалык жана башка так эместиктерге жол берилген учурда депутат жыйналыштан кийинки жумуш күндүн ичинде жыйналышка төрагалык кылуучунун ысымына сын-пикирлерин жөнөтө алат, ал талаш маселелер боюнча чечим кабыл алат.

Стенограмманын түп нускасынын ар бир барагына текстин жазылышы үчүн жооп берүүчү адам (фамилиясын жана датасын көрсөтүү менен) кол коет.

3. Жыйналышта сүйлөнгөн сөздөрдү жазуу Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүндө электрондук жана басылма форматтарда сакталат жана бир жыл өткөндөн кийин архивге өткөрүп берилет.

 

95-берене. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана стенограммаларына жеткиликтүүлүк

1. Жогорку Кеңештин, комитеттердин жана комиссиялардын ачык жыйналыштарынын, ошондой эле фракциялардын, депутаттык топтордун айрым жыйналыштарынын протоколдору алардын чечими боюнча расмий сайтка жайгаштырылат жана Жогорку Кеңештин китепканасына өткөрүп берилет.

2. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер, комиссиялар жана депутаттар Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарынын стенограммаларынын түп нускаларына жана протоколдоруна эркин жеткиликтүүлүккө ээ.

3. Жогорку Кеңештин ачык жыйналыштарынын стенограммаларынын корректировкаланган тексттери жыйналыш аяктаган күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин китепканасына өткөрүп берилет.

4. Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштарынын стенограммалары жана протоколдору менен таанышуу Төрага бекиткен жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

 

96-берене. Жыйналыштын «иши»

1. Жогорку Кеңештин ар бир жыйналышы боюнча Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү жыйналыштын «ишин» жүргүзөт, аларга төмөндөгүлөр кирет:

1) жыйналыштын «ишине» кирген документтердин тизмеги;

2) жыйналыштын протоколу;

3) жыйналыштын стенограммасы;

4) ачык добуш берүүнүн натыйжалары;

5) жыйналышта каралган документтердин долбоорлору;

6) жыйналышта каралган маселелер боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун жана комитеттердин корутундулары;

7) депутаттардын жарыя кылынбаган сөздөрүнүн тексттери;

8) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун жана депутаттардын өзгөчө пикирлери;

9) фракциялардын, депутаттык топтордун жана депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары жана аларга жооптор;

10) депутаттарга таратылган башка материалдар;

11) ошол жыйналышта каралган документтердин кабыл алынган редакциядагы тексттери;

12) жыйналышка чакырылган адамдардын тизмелери.

2. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер, комиссиялар, депутаттар жана Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жыйналыштын «иши» менен таанышууга укуктуу.

 

97-берене. Мыйзам долбоорунун «иши»

1. Жогорку Кеңеш тарабынан катталган мыйзам долбоору боюнча жооптуу комитет мыйзам долбоорунун «ишин» жүргүзөт.

2. Мыйзам долбоорунун «ишине» киргизүүнүн, кароонун же кабыл алуунун хронологиялык тартибинде төмөнкү документтер кирет:

1) мыйзам долбоору, анын ичинде альтернативдүү мыйзам долбоору жана коштоочу документтер;

2) комитеттердин альтернативдүү корутундуларынын долбоорлору;

3) арадагы бардык редакциялар;

4) мыйзам долбооруна карата сунуштар жана түзөтүүлөр;

5) мыйзам долбоору боюнча комитеттердин корутундулары жана бардык эксперттик кызматтардын корутундулары;

6) мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын стенограммалары;

7) жашыруун же ачык добуш берүүнүн натыйжалары;

8) акыркы редакциядагы мыйзамдын тексти;

9) парламенттик угуулардын сунуштамалары.

3. Мыйзам долбоорунун «ишине» басылма тексттердин нускалары, мөөр басылган жана өздөрү кол койгон документтердин түп нускалары же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кирет.

4. Мыйзам долбоорунун «иши» мыйзам күчүнө киргенден кийин Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан Жогорку Кеңештин архивине өткөрүп берилет.

 

98-берене. Жогорку Кеңештин актылары

Жогорку Кеңештин актыларына төмөнкүлөр кирет:

1) мыйзамдар;

2) токтомдор;

3) саясий мүнөздөгү резолюциялар, декларациялар, кайрылуулар, билдирүүлөр жана башка актылар.

 

99-берене. Жогорку Кеңештин саясий мүнөздөгү актылары

1. Жогорку Кеңештин резолюциялары, декларациялары, кайрылуулары саясий мүнөздөгү актылар болуп саналат жана ички же тышкы саясаттын маселеси боюнча анын позициясын билдирет.

2. Актынын долбоору фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер же депутаттар тарабынан Төрагага киргизилет, ал аны жооптуу комитеттин кароосуна жөнөтөт. Жооптуу комитет алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде актынын долбоору боюнча чечим кабыл алат жана аны Аппараттын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө өткөрүп берет.

3. Актынын долбоору жооптуу комитеттин чечими менен Аппараттын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизилет, ал аны күн тартибине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Жогорку Кеңештин саясий мүнөздөгү акты депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

5. Кабыл алынган акт 10 жумуш күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга, ошондой эле Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

 

 

VI БӨЛҮМ

КОНТРОЛДОО ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

17-глава. Ар жылдык отчеттор

100-берене. Жогорку Кеңеш ар жылдык отчетторду кароосу

1. Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдүн ар жылдык отчетторун угат:

1) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер
Кабинетинин – отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен;

2) Башкы прокурордун – 20-апрелден кечиктирбестен;

3) Улуттук банктын төрагасынын – отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлуна чейин;

4) Эсептөө палатасынын өткөн жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын – 20-июндан кечиктирбестен;

5) Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын – 1-октябрдан кечиктирбестен;

6) өз иши жөнүндө Төраганын – 1-октябрдан кечиктирбестен.

2. Отчеттор аларды Жогорку Кеңештин жыйналышында кароого бир ай калгандан кечиктирбестен комитеттерге жөнөтүлөт.

3. Отчетторду кароо толук талкуулоо жол-жобосу боюнча өткөрүлөт.

4. Ар жылдык отчетторду кароодо комитеттердин төрагаларына жана фракциялардын лидерлерине, депутаттык топтордун жетекчилерине, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар сөз сүйлөөсү үчүн убакыт берилет.

5. Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдын же кызмат адамынын ишин баалоо менен отчетторду бекитүү тууралуу токтомду депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

6. Консультациялык-кеңеш берүүчү органдарда Жогорку Кеңештин депутаттарынын отчеттору ушул главада белгиленген тартипте угулат (макулдашуу боюнча).

 

101-берене. Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышын кароосу

1. Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашырат.

Тармактык комитет тиешелүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду тиешелүү мыйзамдардын жана ушул Регламенттин жоболоруна ылайык Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттердин, комитеттердин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен карайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

2. Ыйгарым укуктуу орган бюджеттик каражаттардын учурдагы чыгымдалышы жөнүндө маалыматты отчеттук кварталдан кийин 15 календардык күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин тармактык комитетине берет. Тармактык комитет ар кварталдагы маалыматты алган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен аны Жогорку Кеңештин фракцияларына, депутаттык топторуна, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттарына жана комитеттерине жөнөтөт.

3. Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттары жана комитеттери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин учурдагы аткарылышын жылына төрт жолудан ашык эмес кароого;

2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусундагы юридикалык жактар, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдар каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетторун жана аудит жөнүндө башка отчетторду мыйзамдарга ылайык суратууга.

4. Жогорку Кеңеш комитеттин (комитеттердин) сунушу боюнча белгиленген бюджеттерди учурдагы аткаруу маселелерин кароонун жыйынтыктары боюнча бул бюджеттердин аткарылышы жөнүндө атайын отчетторду даярдоону Эсептөө палатасына тапшырууга укуктуу.

 

102-берене. Республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду кароо жана бекитүү

1. Министрлер Кабинети мурунку жыл үчүн республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетту үстүдөгү жылдын 15-майынан кечиктирбестен Жогорку Кеңешке берет.

2. Эсептөө палатасы республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышынын аудитордук текшерүүсүнүн натыйжалары боюнча отчетту Жогорку Кеңешке отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-сентябрына чейин берет.

3. Төрага Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мурунку жылдагы бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду жана Эсептөө палатасынын отчетун аудиттин натыйжалары менен бирге Жогорку Кеңештин фракцияларына, депутаттык топторуна жана комитеттерине аларды алдын ала кароо жана тармактык комитетке корутунду берүү үчүн жөнөтөт.

4. Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери мурунку жыл үчүн республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду жана ушул маселелер боюнча Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжаларын карайт жана бир жумалык мөөнөттө корутундуларды тармактык комитетке берет.

5. Тармактык комитет республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду карайт, аларды Жогорку Кеңешке киргизген күндөн тартып 20 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун, комитеттеринин сунуштарын жана сын-пикирлерин жана Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжаларын эске алуу менен корутундуларды берет.

6. Көрсөтүлгөн маселелерди Жогорку Кеңеш карап жаткан учурда төмөнкүлөр угулат:

1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы (тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери);

2) Эсептөө палатасынын төрагасы;

3) Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы;

4) фракциялардын лидерлери;

5) депутаттык топтордун жетекчилери.

7. Жогорку Кеңеш кароонун жыйынтыктары боюнча республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитүү тууралуу чечимди отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен кабыл алат.

8. Республикалык бюджет жөнүндө отчет кабыл алынбаган учурда Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо жөнүндө Президентке сунуш киргизет.

 

18-глава. «Министрлер Кабинетинин сааты» жана «Министрлер Кабинетинин күнү»

103-берене. «Министрлер Кабинетинин саатын» жана «Министрлер Кабинетинин күнүн» даярдоо жана өткөрүү мөөнөттөрү

1. Ар бейшембиде Жогорку Кеңештин жыйналышында «Ар кандай» маселенин алкагында Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө депутаттардын суроолоруна 2 саат бөлүнөт.

Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маселени Жогорку Кеңеш кварталына бир жолу кароого укуктуу.

2. Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусу менен «Министрлер Кабинетинин саатын» жана «Министрлер Кабинетинин күнүн» кварталына бир жолудан көп эмес өткөрөт.

3. «Министрлер Кабинетинин саатынын» узактыгы бир саатты түзөт. Жогорку Кеңештин чечими боюнча убакыт узартылышы, бирок бир сааттан көп эмес узартылышы мүмкүн.

4. Ар жылдык иш пландын негизинде Жогорку Кеңеш «Министрлер Кабинетинин күнүнүн» темаларын аныктайт. «Министрлер Кабинетинин күнүнүн» узактыгы Жогорку Кеңештин жыйналышынын убактысын түзөт.

 

104-берене. «Министрлер Кабинетинин саатын» жана «Министрлер Кабинетинин күнүн» өткөрүү тартиби

1. «Министрлер Кабинетинин саатына» жана «Министрлер Кабинетинин күнүнө» чакырылган адамдар Жогорку Кеңештин жыйналышына келүүгө милдеттүү.

2. Эгерде чакырылган кызмат адамы «Министрлер Кабинетинин саатына» же «Министрлер Кабинетинин күнүнө» катыша албаса, Министрлер Кабинетинин Төрагасы чакырылган кызмат адамынын катышууга мүмкүн болбогондугунун себеби жөнүндө Төрагага жыйналыштын өтүүсүнө 3 жумуш күн калганга чейин маалымдайт жана аны алмаштыруучу кызмат адамын аныктайт.

3. «Министрлер Кабинетинин саатына» чакырылган адамдар айрым маселе боюнча узактыгы 5 мүнөттөн ашпаган сөз сүйлөөгө укуктуу.

4. Депутаттар суроолорду аларды каттоо тартибинде берет. Суроолорго жооптор оозеки түрдө берилет. Суроолор жана жооптор боюнча жарыш сөз өткөрүлбөйт.

5. «Министрлер Кабинетинин күнүнө» чакырылган адамдар узактыгы
20 мүнөттөн ашпаган сөз сүйлөөгө укуктуу.

6. «Министрлер Кабинетинин күнүндө» кызмат адамдары сөз сүйлөгөндөн кийин төрагалык кылуучу талкууланып жаткан тема боюнча суроолорду берүү үчүн депутаттарга убакыт берет.

7. «Министрлер Кабинетинин саатында» жана «Министрлер Кабинетинин күнүндө» депутаттарга төмөнкүлөргө убакыт берилет:

1) суроону берүүгө – 2 мүнөттөн ашык эмес;

2) суроону тактоого – бир мүнөттөн ашык эмес;

3) кыскача пикир айтууга – бир мүнөттөн ашык эмес.

8. Чакырылган кызмат адамдарына төмөнкүлөргө убакыт берилет:

1) суроого жооп берүү үчүн – 3 мүнөттөн ашык эмес;

2) тактоочу суроого жооп берүү үчүн – 2 мүнөттөн ашык эмес.

9. Эгерде депутат жоопко канааттанбаса, ага суроонун маңызы боюнча бир тактоочу суроо менен кайрылууга же болбосо жооптун маңызы боюнча кыскача пикир айтууга укук берилет.

10. Жыйналышта төрагалык кылуучу угулуп жаткан кызмат адамынан берилген суроонун маңызы боюнча жооп берүүнү талап кылууга милдеттүү.

11. «Министрлер Кабинетинин күнүнүн» жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алат.

12. «Министрлер Кабинетинин күнүнүн» протоколу ал өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

 

19-глава. Парламенттик териштирүү, парламенттик суроо-талап, депутаттык суроо-талап

105-берене. Парламенттик териштирүүнү жүргүзүү үчүн негиздер

1. Парламенттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде парламенттик териштирүү жүргүзүүгө укуктуу, эгерде ал төмөнкүлөргө коркунуч келтирүү менен байланыштуу болсо:

1) мамлекеттик эгемендүүлүккө;

2) улуттук коопсуздукка;

3) коомдук тартипке;

4) аймактык бүтүндүккө;

5) калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына;

6) саясий, экономикалык жана башка мамлекеттик кызыкчылыктарга.

2. Төмөндөгүлөрдүн аракеттери (аракетсиздиги) парламенттик териштирилүүгө тийиш:

1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын;

2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдардын;

3) Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн иши маанилүү болуп саналган жеке компаниялардын.

3. Парламенттик териштирүү мыйзамсыз аракеттерге карата жүргүзүлөт, аларга төмөндөгүлөр кирет:

1) «легалдаштыруу», «акчаларды адалдоо» түшүнүгүнө туура келген мыйзамсыз бүтүмдөрдү жүргүзүү;

2) мыйзамсыз террористтик түзүлүштөрдү колдоо;

3) мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу же уурдоо;

4) мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыяндарды келтирген аракеттер;

5) башка мыйзамсыз аракеттер.

4. Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдүн жазуу жүзүндөгү негизделген демилгеси боюнча парламенттик териштирүүнү дайындоого укуктуу:

1) Төраганын;

2) комитеттин;

3) фракциянын;

4) депутаттык топтун;

5) убактылуу комиссиянын;

6) бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттын;

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин);

8) Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин төрагасынын жана Улуттук борбордун директорунун.

5. Парламенттик териштирүүнү дайындоо жөнүндө токтом депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 

106-берене. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияны түзүү

1. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия конкреттүү фактыны же жагдайды териштирүү же иликтөө үчүн түзүлөт. Убактылуу комиссиянын иши анын ишинин натыйжалары угузулгандан кийин токтотулат, анын жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алат.

2. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия ушул Регламенттин
31-беренесинде каралган тартипте түзүлөт.

Убактылуу комиссия иштеп жаткан мезгилде Жогорку Кеңеш отчет берүүнүн мөөнөттөрүн аныктоого укуктуу.

3. Эгерде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтүшүнө чейин
4 айдан ашпаган убакыт калса, парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияны түзүүгө жол берилбейт.

4. Бир эле маселе боюнча эки жана андан көп комиссияларды түзүүгө жол берилбейт.

5. Парламенттик териштирүүнүн натыйжалары боюнча комиссиянын же болбосо анын айрым мүчөсүнүн альтернативдүү отчетун киргизүүгө жол берилбейт. Убактылуу комиссиянын мүчөсү жазуу жүзүндөгү өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал комиссиянын корутундусуна тиркелет, протоколдо чагылдырылат.

6. Жогорку Кеңеш фракциялардын, депутаттык топтордун же депутаттардын демилгеси боюнча фракциялардын же депутаттык топтордун чечиминин же депутаттардын кайрылуусунун негизинде парламенттик териштирүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу.

 

107-берене. Парламенттик териштирүүнүн мөөнөттөрү

1. Парламенттик териштирүү комиссияны түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунда белгиленген мөөнөттүн ичинде аяктоого тийиш.

2. Парламенттик териштирүүнү жүргүзүүнүн Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленген мөөнөтү Жогорку Кеңештин чечими боюнча бир жолудан көп эмес узартылышы мүмкүн.

3. Эгерде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткүнгө чейин комиссия каралып жаткан маселе боюнча корутунду кабыл ала албаса, бардык материалдар комиссиянын отчету менен бирге жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешке өткөрүп берилет, ал маселени иликтөөнү улантуу же болбосо бул маселени кароосуз калтыруу жөнүндө чечим кабыл алат.

 

108-берене. Парламенттик териштирүү боюнча комиссиянын иши

1. Бардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Алар комиссиянын талабы боюнча бардык зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.

2. Комиссия тарабынан банктык же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматтарды алуу зарыл болгон учурларда бардык ушул документтер «кызматтык пайдалануу үчүн» деген гриф менен аныкталууга тийиш жана жарыя кылынууга тийиш эмес.

Парламенттик териштирүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү банктык же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.

3. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия укуктардан пайдаланат жана ага тергөө органдары үчүн кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда белгиленген чектөөлөр жайылтылат. Комиссиянын жыйналышына келүүдөн жана түшүндүрмөлөрдү берүүдөн качууга эч кимдин укугу жок. Комиссиянын жыйналышына келүүдөн, түшүндүрмөлөрдү берүүдөн, парламенттик териштирүү боюнча комиссияга материалдарды жана маалыматтарды берүүдөн качкан адамдар жөнүндө маалымат коомчулукка жеткирилет.

4. Түшүндүрмөлөр комиссиянын ачык жыйналышында угулат. Өзгөчө учурларда, эгерде маалымат мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу сырды камтыса, комиссиянын чечими боюнча ушул маалыматты угуу аяктаганга чейин жыйналыш жабык режимде уланат.

5. Аракеттери парламенттик териштирүүнүн предмети болгон кызмат адамдарынын түшүндүрмөлөрүн угууда Комиссия мыйзамдарда белгиленген тартипте полиграфты колдонууга укуктуу.

6. Өзгөчө учурларда комиссия түшүндүрмө алууну комиссиянын үч мүчөсүнө тапшырууга укуктуу.

7. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия укук бузуу фактысын тапкан учурда укук бузууга бөгөт коюу же болбосо кылмыш-жаза ишин, укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү же тартиптик өндүрүштү козгоо жөнүндө маселени мамлекеттик органдын же кызмат адамынын алдына коюуга укуктуу.

8. Ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселе алдына коюлган мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары, эгерде комиссия тарабынан башка мөөнөт белгиленбесе, коюлган маселени кароонун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө комиссияга бир айлык мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү.

9. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия түшүндүрмөлөрдү алуу максатында жаза аткаруу мекемелерине кирүү укугун комиссия мүчөлөрүнө берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чечим милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

10. Комиссиянын бардык чечимдери комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

11. Иш аяктагандан кийин комиссия негизделген корутундуну түзөт жана Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн Координациялык кеңешке жөнөтөт, ал 15 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңештин жыйналышында талкууланат жана токтом менен бекитилет.

12. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссиянын корутундусу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) териштирилген фактылардын жана жагдайлардын сүрөттөлүшүн;

2) алардын келип чыгуу себептерин жана алардын кесепеттерин талдоону;

3) тыянактарды;

4) сунуштамаларды;

5) зарыл болгон учурда – ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу, адамдарды жоопкерчиликке тартуу же мамлекеттик органдардын жана (же) алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды.

13. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат жана «Эркин-Тоо» газетасына жарыяланат.

 

109-берене. Парламенттик суроо-талап

1. Өз ыйгарым укуктарынын чектеринде контролдук функцияларды жүзөгө ашыруу максатында Төрага, фракция, депутаттык топ, комитет же депутаттардын тобу коомдук кызыкчылыкты билдирген маселелер боюнча, Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык саясаттын, ошондой эле мыйзамдарды жана Жогорку Кеңештин чечимдерин колдонуу практикасынын маселелери боюнча парламенттик суроо-талапты жөнөтүү жөнүндө маселени демилгелөөгө укуктуу.

2. Парламенттик суроо-талап мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өз капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардын жетекчилерине жөнөтүлөт.

3. Парламенттик суроо-талап Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн демилгечилер тарабынан Координациялык кеңешке жөнөтүлөт жана аны кароонун натыйжалары боюнча токтом кабыл алынат.

4. Парламенттик суроо-талапка демилгечи негиздемени, ошондой эле зарыл болгон учурда башка документтерди жана материалдарды тиркейт. Суроо-талапта жообун берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт, ал жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын өтүнүчү боюнча Координациялык кеңеш тарабынан узартылышы, бирок 10 күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

5. Парламенттик суроо-талап Координациялык кеңеш тарабынан 3 жумуш күндүн ичинде суроо-талапта көрсөтүлгөн кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

6. Жогорку Кеңеш парламенттик суроо-талаптарды алардын келип түшкөн кезегинин тартибинде карайт.

7. Парламенттик суроо-талаптарга жооптор Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыя кылынат. Жазуу жүзүндөгү жооптун көчүрмөлөрү аны алгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде бардык депутаттарга жөнөтүлөт.

8. Эгерде Жогорку Кеңеш башка чечим кабыл албаса, парламенттик суроо-талапка жооп толук талкуулоо жол-жобосу боюнча каралат.

9. Парламенттик суроо-талапка жоопту талкуулоонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, өзүнүн көз карашын билдире алат.

 

110-берене. Депутаттык суроо-талап

1. Депутат, каралган же алардын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик менчиктин үлүшү бар, республикалык бюджеттен каржылоо алган же мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырып жаткан уюмдарга, мекемелерге, фонддорго, алардын кызмат адамдарына алардын компентенциясына кирген маселелер боюнча депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.

2. Депутаттык суроо-талаптарда жеке кызыкчылыктагы же юридикалык мүнөздөгү кеңештерди берүүнү талап кылган, ошондой эле айыптоону же мазактоону камтыган маселелерге жол берилбейт.

3. Көзөмөлдөө, тергөө органдарынын кызмат адамдарынын өндүрүшүндө турган конкреттүү иштер жана материалдар боюнча аларга даректелген депутаттык суроо-талап ушул органдардын жана адамдардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

4. Депутат суроо-талап менен кайрылган ар бир орган же кызмат адамы бир айлык мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.

5. Жогорку Кеңештин жыйналышынын учурунда депутаттардын аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына жазуу жүзүндөгү же оозеки айтылган суроо-талаптары жыйналыштын стенограммасынын негизинде атайын бланкта таризделет, ага депутат жеке өзү кол коет, суроо-талаптардын жана аларга берилген жооптордун бирдиктүү реестринде катталат жана тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

 

111-берене. Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмалары

1. Жогорку Кеңеш Төрагага, анын орун басарларына, комитеттерге, комиссияларга, Аппараттын Жетекчисине тапшырма берүүгө укуктуу. Тапшырмалар маалымат берүү же болбосо каралып жаткан маселелер боюнча тиешелүү чараларды көрүү максатында төмөнкүлөрдүн сунуштары боюнча жазуу жүзүндө берилет:

1) жыйналышта төрагалык кылуучунун;

2) фракциялардын;

3) депутаттык топтордун;

4) депутаттардын.

2. Протоколдук тапшырманын жазуу жүзүндө киргизилген жана демилгечи тарабынан кол коюлган текстин Жогорку Кеңештин жыйналышында демилгечи жарыя кылат.

3. Каршы пикирлер болгондо тапшырма берүү жөнүндө сунуш добушка коюлат. Чечим катышып олтурган, добуш берүүгө катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Тапшырманы кабыл алуу жыйналыштын протоколунда чагылдырылат. Протоколдук тапшырма кол коюлгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде аткаруучуга жөнөтүлөт, ал тапшырма алынган күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен же Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленген башка мөөнөттө тапшырманын демилгечисине аны аткаруунун натыйжалары жөнүндө маалымдайт.

 

20-глава. Комитеттер мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырышы

112-берене. Мыйзамдар жана Жогорку Кеңештин чечимдери бузулган учурларда комитеттер чечимдерди кабыл алышы

1. Комитеттер мыйзамдарды жана Жогорку Кеңештин чечимдерин жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон бузууларды тапкан учурларда аларды четтетүү жөнүндө чечим чыгарылат.

2. Чечимде бузулуп жаткан жобо, табылган бузуулардын мүнөзү, аларды четтетүү боюнча сунуштар көрсөтүлөт. Ушул маселелер боюнча комитеттин чечими Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизүү үчүн Координациялык кеңешке жөнөтүлөт.

3. Комитеттин чечими жана бузууга жол берген кызмат адамынын жүйөлөнгөн жообу Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга тийиш.

4. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бийликтерди бөлүштүрүү принцибине ылайык мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен комитеттер тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

113-берене. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда комитеттердин укуктары

1. Комитеттер өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, каралган же алардын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана алардын кызмат адамдарына мыйзамдардын жоболорун жана Жогорку Кеңештин чечимдерин бузуу же болбосо аткарбоо фактылары боюнча, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ болгон башка маселелер боюнча кайрылууга укуктуу.

2. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын текшерүүдө комитеттер өздөрү жүргүзүп жаткан иш-чараларга катышууга контролдоо-көзөмөлдөө функциялары берилген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле мамлекеттик эмес аудитордук кызматтардын өкүлдөрүн жана айрым адистерди тартууга укуктуу.

3. Комитеттер мамлекеттик органдардан жана мамлекеттик бюджеттен каржылоону алган же мамлекеттик органдын функцияларын же болбосо функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырып жаткан уюмдардан, менчиктин мамлекеттик үлүшү бар ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан документтерди жана материалдарды суратып алууга, ошондой эле алардын кызмат адамдарын жыйналыштарга чакырууга укуктуу.

4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары комитеттерге алар сураткан документтерди, материалдарды, маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

5. Суратылган документтердин жана материалдардын түп нускалары же жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Жогорку Кеңештин комитеттерине бир айдан ашпаган мөөнөттө берилиши керек.

 

114-берене. Мыйзамдарга жана Жогорку Кеңештин чечимдерине мониторинг жана баа берүү

1. Жогорку Кеңештин комитеттери мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышына контролду жүргүзүү максатында кабыл алынган мыйзамдарга жана алардын тармагына тиешелүү чечимдерге жыл сайын мониторинг жүргүзөт жана баа берет.

2. Кабыл алынган мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү максатында комитеттер мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардан маалыматты суратууга укуктуу, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди тарта алат.

3. Жүргүзүлгөн мониторингдин жана баа берүүнүн натыйжалары отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

 

21-глава. Парламенттик угуулар

115-берене. Парламенттик угуулар

1. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер жана комиссиялар өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча парламенттик угууларды демилгелейт жана өткөрөт.

2. Парламенттик угууларда мыйзам долбоорлору, эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо боюнча мыйзамдардын долбоорлору, республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору жана аны аткаруу жөнүндө отчет, мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышы, башка маселелер талкууланат.

3. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук статусун камсыз кылуу жөнүндө, бюджет, салыктар жана башка милдеттүү жыйымдар жөнүндө, жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү жөнүндө, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузууларга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү милдеттүү болуп саналат.

 

116-берене. Парламенттик угуулар жөнүндө коомчулукка маалымдоо

1. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер жана комиссиялар парламенттик угуулардын темалары, аларды өткөрүүнүн убактысы жана орду бекитилгенден кийин, парламенттик угууну өткөргөнгө чейин 5 күндөн кечиктирбестен маалыматты Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат, аны жалпыга маалымдоо каражаттарына берет.

2. Парламенттик угууларга чакырылган адамдардын курамы парламенттик угууларды демилгелеген фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер жана комиссиялар тарабынан аныкталат.

 

117-берене. Парламенттик угууларга катышуу

1. Парламенттик угуулар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери үчүн ачык.

2. Президент, Министрлер Кабинети, Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Судьялар кеңешинин төрагалары, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Башкы прокурор, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагалары, Акыйкатчы (Омбудсмен), Координациялык кеңештин төрагасы жана Улуттук борбордун директору парламенттик угууларга катышууга укуктуу. Башка кызмат адамдары парламенттик угууларга бул угуулардын демилгечилеринин чакыруусу боюнча катыша алат.

 

118-берене. Парламенттик угууларды өткөрүү тартиби

1. Парламенттик угууларды аларды өткөрүүнү демилгелеген фракциянын лидери, депутаттык топтун жетекчиси, комитеттин же комиссиянын төрагасы алып барат.

2. Төрагалык кылуучу депутаттарга жана чакырылган адамдарга сүйлөө үчүн сөз берет, талкуулоонун тартибине көз салат, билдирүүлөр менен сөз сүйлөйт.

3. Парламенттик угуулардын узактыгын талкууланып жаткан маселелердин мүнөзүнө таянуу менен Жогорку Кеңештин фракциясы, депутаттык тобу, комитети жана комиссиясы аныктайт.

4. Эгерде Жогорку Кеңеш башка чечим кабыл албаса, Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагында парламенттик угууларды өткөрүүгө жол берилбейт.

5. Парламенттик угуулар төрагалык кылуучунун кириш сөзү менен башталат, ал катышып отургандарга талкуулана турган маселенин маңызы, жыйналышты өткөрүүнүн тартиби, чакырылган адамдардын курамы жөнүндө маалымдайт. Андан кийин талкуулануучу маселе боюнча баяндама үчүн фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин же комиссиянын өкүлүнө 20 мүнөткө чейин сөз берилет, андан соң депутаттар жана чакырылган адамдар сөз сүйлөйт.

6. Чакырылган адамдардын бардыгы төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана сөз сүйлөйт.

7. Парламенттик угууларда баяндамачылар жана чакырылган адамдар сөз сүйлөгөндөн кийин катышуучулардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки суроолору жана аларга жооптор берилет.

8. Парламенттик угуулардын катышуучулары сүйлөп жаткандардын сөздөрүн кыйкырыктар, кол чабуулар менен үзгүлтүккө учуратууга, парламенттик угуулардын регламентин бузууга укуксуз. Төрагалык кылуучу тартип бузуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.

 

119-берене. Парламенттик угуулардын сунуштамалары

1. Парламенттик угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен талкууланып жаткан маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат. Парламенттик угуулардын сунуштамалары аларды өткөрүүнү демилгелеген фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер, комиссиялар тарабынан каралат.

2. Парламенттик угуулар аудиотүзүлүшкө жазылат жана кагазга түшүрүлөт. Угуулардын стенограммасына төрагалык кылуучу же башка жооптуу адамдар кол коет.

3. Парламенттик угуулардын сунуштамалары Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат жана басма сөздө жарыяланышы мүмкүн.

 

 

VII БӨЛҮМ

ЖОГОРКУ КЕӉЕШ ӨЗҮНҮН КАРАМАГЫНДАГЫ МАСЕЛЕЛЕРДИ КАРООСУ

22-глава. Айрым мамлекеттик маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу

120-берене. Согуш жана тынчтык, өзгөчө, согуштук абалды киргизүү,  Кыргыз Республикасына баскынчылык же түздөн-түз баскынчылык коркунучу болгон учурда согуш абалын жарыялоо маселелерин кароо

1. Президент согуш жана тынчтык, өзгөчө, согуштук абалды киргизүү, Кыргыз Республикасына баскынчылык же түздөн-түз баскынчылык коркунучу болгон учурда согуш абалын жарыялоо маселелери боюнча жарлыкты Жогорку Кеңешке жөнөтөт.

2. Жогорку Кеңеш Президенттин жарлыгын комитеттерде алдын ала кароосуз бекитүү же жокко чыгаруу боюнча чечимди ал келип түшкөн учурдан тартып
24 сааттын ичинде, ал эми айрым жерлерде өзгөчө абалды киргизүү маселелери
боюнча – ал келип түшкөн учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен карайт жана чечим кабыл алат.

3. Эгерде табигый кырсыктардын, арылуу мүмкүн болбогон башка кыйынчылыктардын натыйжасында белгиленген мөөнөттө кворумдун болушу камсыз кылынбай калса же болбосо жыйналыш Жогорку Кеңештин имаратында өтүшү мүмкүн болбосо, Төрага Бишкек шаарындагы же башка шаардагы башка жайды тандап алат, ал жөнүндө депутаттарга жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен кабарландырылат.

4. Кыргыз Республикасына баскынчылык же түздөн-түз баскынчылык коркунучу болгон учурда Жогорку Кеңеш өзгөчө, согуштук абалды киргизүү жөнүндө, согуштук абал жарыялоо жөнүндө Президенттин жарлыгын жана анда каралган чараларды толугу менен, тигил же бул бөлүгүн бекитиши же аны четке кагышы мүмкүн.

5. Президенттин жарлыгын бекитүү же жокко чыгаруу жөнүндө токтом депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6. Кабыл алынган чечим жөнүндө Жогорку Кеңеш 3 сааттын ичинде Президентке маалымдайт жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш аны конституциялык мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталган мөөнөттө бекитпесе, өзгөчө, согуштук абалды киргизүү жөнүндө, Кыргыз Республикасына баскынчылык же түздөн-түз баскынчылык коркунучу болгон учурда согуштук абалды жарыялоо жөнүндө Президенттин жарлыгы күчүн жоготот.

 

121-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо

1. Жогорку Кеңеш Президенттин сунушу боюнча тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карайт.

2. Президенттин сунушун Төрага корутунду даярдоо үчүн жооптуу комитетке токтоосуз жөнөтөт.

3. Жооптуу комитеттин жыйналышына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер, юстиция маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар органдардын жетекчилери чакырылат.

4. Корутунду Президенттин сунушу киргизилген учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен жооптуу комитет тарабынан даярдалууга тийиш.

5. Жогорку Кеңеш тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени тиешелүү сунуш келип түшкөн учурдан тартып
5-күндөн кечиктирбестен чечет.

6. Жогорку Кеңеш өз жыйналышына Президентти, Министрлер Кабинетинин Төрагасын, коргоо министрин, улуттук коопсуздук, тышкы иштер, ички иштер, юстиция маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын, башка кызыкдар органдардын жетекчилерин чакырат.

7. Жогорку Кеңештин жыйналышында маселени кароо Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн баяндамасынан башталат.

8. Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат жана ал кабыл алынган учурдан тартып бир күндүн ичинде Президентке жөнөтүлөт.

 

23-глава. Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоо, бекитүү, дайындоого, бошотууга, кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү

122-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоо, бекитүү, дайындоого макулдук берүү жол-жобосу

1. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган мамлекеттик кызмат орундарына шайлоо жөнүндө, дайындоого макулдук берүү жөнүндө, шайлоону жактыруу жана бекитүү жөнүндө маселелерди тиешелүү сунушту алган күндөн тартып 14 жумуш күндөн кечикпеген мөөнөттө карайт жана чечет.

Талапкерлерди кароо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлер Жогорку Кеңешке кызмат адамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 20 күндөн кечиктирбестен же, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен киргизилет.

3. Жогорку Кеңешке сунушталган талапкерлер тиешелүү сунушту алган күндөн тартып 14 жумуш күндөн кечиктирбестен милдеттүү тартипте жооптуу комитетте талкууланат, ал ар бир талапкер боюнча корутунду даярдайт.

Талапкерлер, чакырылган учурда, комитеттин жыйналышына катышууга жана берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.

4. Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн дайындоого депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.

5. Жогорку Кеңеш Сот адилеттиги иштери боюнча кенештин сунушунун негизинде Президенттин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен шайлайт.

6. Жогорку Кеңеш Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын судьялардын ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындоого депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.

7. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду дайындоого Президенттин сунушу боюнча депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.

8. Жогорку Кеңеш жашыруун добуш берүү менен төмөнкүлөрдү шайлайт:

1) Улуттук банктын төрагасын – Президенттин сунушу боюнча;

2) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымын – Президенттин сунушу боюнча, жарымын – фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын демилгеси боюнча;

3) Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн бирин – Президенттин сунушу боюнча, үчтөн экисин – фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын демилгеси боюнча;

4) Акыйкатчыны (Омбудсменди) – парламенттик фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын сунуштамасы боюнча;

5) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын – Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча;

6) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен бир өкүлдү – фракциялардын жана депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын сунушу боюнча; Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнүн талапкерлеринин ичинен бир өкүлдү – юристтердин коомдук бирикмесинин сунушу боюнча.

9. Фракциялар, депутаттык топтор жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына бир өкүлдү шайлоо үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен талапкерди сунуш кылат.

10. Юристтердин коомдук бирикмеси Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына 4кө чейинки талапкерди сунуш кылууга укуктуу.

11. Президент, Судьялар кеӊеши, Элдик Курултай тарабынан сунуш кылынган талапкерлер менен бирге шайланган талапкерлер жашыруун добуш берүү менен бирдиктүү тизме менен бекитилет.

12. Талапкерлерди көрсөтүлгөндөн кийин тармактык комитет Жогорку Кеңештин кароосуна талапкерлердин тизмесин шайлоо үчүн алып чыгат.

13. Ар бир талапкер шайлоого чейин өзүнүн талапкерлигин алып салууга укуктуу.

14. Эгерде шайлоого бир талапкер катышса жана ал шайланбай калса, жаңы талапкерлер сунушталат жана жаңы шайлоо өткөрүлөт.

15. Эгерде шайлоого эки талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын албаса, добуштардын алда канча көп санын алган талапкер боюнча кайра добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде ал бул учурда да добуштардын зарыл санын албаса, анда жаңы талапкерлер сунушталат жана жаңы шайлоо өткөрүлөт.

16. Эгерде шайлоого бирдей сандагы добуштарды алган эки талапкер катышса, анда жаңы талапкерлер сунушталат жана жаңы шайлоо өткөрүлөт.

17. Эгерде шайлоого экиден ашуун талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын албаса, алда канча көп сандагы добуш алган эки талапкердин ортосунда добуш берүүнүн кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын зарыл санын албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер боюнча кайра добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде талапкер бул учурда да добуштардын зарыл санын албаса, анда жаңы талапкерлер сунуш кылынат жана жаңы шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кийинки турга өткөн талапкер өз талапкерлигин алып салса, анда көп добуш алган кийинки талапкер үчүн добуш берүү өткөрүлөт.

18. Ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кызмат адамдарын шайлоо жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен таризделет.

19. Эгерде Жогорку Кеңеш сунуш кылынган талапкерди дайындоого макулдук бербесе, фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар жана юристтердин коомдук бирикмелери 15 календардык күндүн ичинде башка талапкерди сунуш кылууга милдеттүү.

20. Жогорку Кеңеш сунуш кылынган талапкерлерге макул болбогон учурда Президент, Судьялар кеңеши, Элдик Курултай жана юристтердин коомдук бирикмелери 15 жумуш күндүн ичинде жаңы талапкерлерди көрсөтүүгө милдеттүү.

 

123-берене. Кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу

1. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана анын орун басарларынын, Башкы прокурордун өз каалоосу боюнча кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынат жана токтом менен таризделет.

2. Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотууга депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.

3. Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдү кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечимди ачык добуш берүү менен кабыл алууга укуктуу:

1) Башкы прокурорду, Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын – депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен;

2) Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарларын – депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен.

4. Кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушту бул сунушту негиздөө менен төмөнкүлөр берет:

1) Президент – Башкы прокурорго карата;

2) Президент – Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларына карата;

3) Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президент – Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларына карата;

4) Президент – Улуттук банктын төрагасына карата;

5) Президент – Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын жарымына карата;

6) Жогорку Кеңеш – Борбордук шайлоо комиссиясынын кумармынын жарымына карата;

7) Президент – Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн бирине карата;

8) Жогорку Кеңеш – Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн экисине карата;

9) фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар – Акыйкатчыга (Омбудсменге) карата;

10) Акыйкатчы (Омбудсмен) – өзүнүн орун басарларына карата.

5. Эгерде депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмеси жашыруун добуш берүү менен тиешелүү чечимди жактап добуш берсе, Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотууга Президентке макулдук Жогорку Кеңеш тарабынан берилди деп эсептелет.

6. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен жактырат.

7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушту тармактык комитет 10 күндүк мөөнөттө, бирок сунушту алгандан кийин 7 күндөн эрте эмес карайт.

Башка комитеттер, фракциялар жана депутаттык топтор талкуулоо өткөрүүгө жана жооптуу комитет тарабынан маселе каралганга 3 күн мурда жооптуу комитетке корутунду берүүгө укуктуу.

8. Жогорку Кеңеш кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин 5 күндөн кечиктирбестен карайт.

9. Эгерде Жогорку Кеңештин сессиясы көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин жабылса, маселе ушул берененин 7 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактоо менен кезексиз сессияда каралууга жана чечилүүгө тийиш.

 

124-берене. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын кызмат ордунан убактылуу четтетүү

Жогорку Кеңеш Президенттин сунушу боюнча депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

 

125-берене. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотуу жөнүндө сунуштарды кароонун тартиби

1. Фракция, депутаттык топ же бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотуу жөнүндө маселени демилгелөөгө укуктуу.

2. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотуу тууралуу маселелерди сунуш түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен карайт жана чечет.

3. Көрсөтүлгөн сунуш алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирилбестен милдеттүү түрдө жооптуу комитетте талкууланат, ал ушул маселе боюнча корутунду даярдайт жана аны Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү жана кезексиз тартипте кароо үчүн Координациялык кеңешке жөнөтөт.

4. Башка комитеттер, фракциялар жана депутаттык топтор тиешелүү сунушту талкуулоого жана жооптуу комитетте маселе каралганга чейин өзүнө карата сунуш киргизилген кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтото туруу жөнүндө корутундуну жооптуу комитетке мөөнөт аяктаганга чейин 2 календардык күн мурда берүүгө укуктуу.

5. Ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө киргизилген сунуш боюнча чакырылган учурда кызмат адамы комитеттин, фракциянын, депутаттык топтордун жыйналыштарына катышууга жана берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.

6. Жогорку Кеңеш маселени толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт. Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын айрым жетекчилерин бошотуу жөнүндө токтом депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

7. Президентти кезектеги шайлоону өткөрүүгө чейин 4 ай калганда Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын айрым жетекчилерин бошотуу жөнүндө маселени кароого укуксуз.

8. Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын айрым жетекчилерин бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин Президент 10 календардык күндүн ичинде кабыл алууга же Жогорку Кеңештин чечимине макул болбоого укуктуу.

9. Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын айрым жетекчилерин бошотуу жөнүндө чечимди 2 айдын ичинде кайталап кабыл алган учурда, Жогорку Кеңештин сунушун эске алуу менен Президент мыйзамга ылайык Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын айрым жетекчилерин кызматтан бошотуу жөнүндө маселени карайт.

 

126-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү

1. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарларын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берет.

Башкы прокурорду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселе Президенттин сунушу боюнча каралат.

Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана (же) анын орун басарларын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселе Башкы прокурордун тиешелүү сунушу болгон учурда каралат.

2. Сунушту кароо үчүн ушул Регламентте каралган тартипте териштирүү боюнча комиссия түзүлөт. Комиссия сунушту карайт жана өзү түзүлгөн күндөн тартып 21 күндөн кечиктирбестен өз корутундусун Жогорку Кеңешке жөнөтөт.

3. Сот тартибинде салынуучу укук бузуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине жана жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени кароодо комиссия Башкы прокуратуранын өкүлүн, ошондой эле маселеси чечилип жаткан адамды угууга милдеттүү.

4. Комиссиянын маалымдамасы жана мамлекеттик кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимдин долбоору Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизилет.

5. Бул маселени кароодо, ошондой эле сунуш кылынган долбоордо чечимдер сунушта көрсөтүлгөн фактыларды гана чечмелөө, баалоо же тактоо менен чектелет.

Токтом депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин жашыруун добуш берүүсү менен кабыл алынат.

 

127-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун жана мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуунун тартиби

1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 ай мурда Координациялык кеңештин төрагасы бул жөнүндө Төрагага кабарлайт жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин жаңы мүчөлөрүн шайлоону сунуш кылат.

2. Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерлерди депутаттар, фракциялар, депутаттык топтор сунуш кылышы мүмкүн.

3. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук Борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин жыйналышында шайланат.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары анын ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

5. «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүн кайра чакыртып алууну жүзөгө ашырат. Бул учурда Жогорку Кеңеш Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин корутундусу болгондо депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечет.

 

 

24-глава. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жана кайра чакыртып алуу

128-берене. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жана кайра чакыртып алуу

1. Жогорку Кеңеш фракциялардын, депутаттык топтордун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын пропорциялуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен өзүнүн өкүлдөрүн консультациялык-кеңеш берүүчү органдарга дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш өзүнүн курамынан Төраганын сунушу боюнча Жогорку Кеӊештин Министрлер Кабинетиндеги туруктуу өкүлүн дайындайт жана бошотот.

3. Жогорку Кеӊештин өкүлдөрүнүн талапкерлери фракциялардын, депутаттык топтордун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын сунушу боюнча жооптуу комитет тарабынан киргизилет.

4. Жогорку Кеӊештин өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө же кайра чакыртып алуу тууралуу маселе боюнча Жогорку Кеңеш ачык добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат.

5. Жогорку Кеңештин Министрлер Кабинетиндеги жана консультациялык-кеңеш берүүчү органдарындагы өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу комитеттин төрагасын жана анын орун басарларын кайра чакыртып алуу үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Төрага Жогорку Кеӊеш тарабынан бекитилген жобоого ылайык Аппараттын кызматкерлеринин ичинен Конституциялык соттогу туруктуу өкүлдү Аппарат Жетекчисинин сунушу боюнча дайындайт жана бошотот.

 

 

25-глава. Кайрылууларды, билдирүүлөрдү, сөздөрдү жана ар жылдык баяндамаларды угуу

129-берене. Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын угуу

1. Президент Жогорку Кенешке жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет.

2. Жогорку Кеңеш Президенттин кайрылуусун жана маалыматын угат, алар талкууланбайт жана добуш берүүгө коюлбайт. Суроолордун жана жооптордун жол-жобосу колдонулбайт.

3. Чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, парламенттик делегациялардын жетекчилери жана башка өкүлдөрү сүйлөй турган Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Акыйкатчы (Омбудсмен), чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын башчылары жана баруу программасына ылайык башка кызмат адамдары чакырылат.

 

130-берене. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамалары

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо үчүн парламенттик контроль Акыйкатчыга (Омбудсменге) жүктөлөт.

2. Ар бир жылдын 1-апрелине чейин Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы жөнүндө Жогорку Кеңешке ар жылдык баяндаманы берет.

3. Улуттук борбор жыл сайын 1-мартка чейин Жогорку Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө баяндама жана өткөн жыл үчүн финансылык отчет берет.

Ар жылдык баяндама кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу чөйрөсүнүн абалы жөнүндө жалпы баа берүүлөрдү, корутундуларды жана алардын алдын алуу боюнча сунуштамаларды камтууга тийиш. Ар жылдык баяндамада Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылган, анын сунуштамаларын этибарга албаган мамлекеттик органдар (кызмат адамдары) көрсөтүлүүгө тийиш.

Зарыл болгондо Улуттук борбор эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жерлерде табылган жана дароо чечүүнү талап кылган адам укуктарын одоно бузуу фактылары боюнча атайын баяндаманы (баяндамаларды) Жогорку Кеңешке бере алат.

4. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамалары тармактык комитет тарабынан каралгандан кийин Жогорку Кеңеш алардын баяндамаларын биринчи эле жыйналышта угууга милдеттүү.

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндама менен сөз сүйлөө датасын Жогорку Кеңеш ар айлык иш планында аныктайт.

Парламенттик фракциялар, депутаттык топтор жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар баяндамага карата өздөрүнүн мамилесин аныктоо үчүн сөз сүйлөй алат.

5. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Башкы прокурор, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылат.

6. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамаларын угуунун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамаларын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан аткарылышынын максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө жана тиешелүү чечим кабыл алууга тийиш.

 

131-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасы

1. Ар бир жылдын 1-июнуна чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жогорку Кеңешке шайлоолорду, референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн практикасы жөнүндө; жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө; шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө ар жылдык баяндаманы жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштарын берет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын баяндама менен сөз сүйлөөсүнүн датасын Жогорку Кеңеш ар айлык иш планында аныктайт.

Парламенттик фракциялар, депутаттык топтор жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар баяндамага карата өз мамилесин аныктоо үчүн сүйлөй алат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылат.

3. Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын баяндамасын эске алат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзам чыгаруу сунуштарын мындан ары ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим чыгарат.

 

26-глава. Президентти шайлоону дайындоо. Анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

132-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти шайлоону дайындоо

1. Президентти шайлоо Жогорку Кеңештин токтому менен дайындалат, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

2. Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө токтомдун долбоору Жогорку Кеңештин жыйналышына тиешелүү комитет тарабынан коюлат.

3. Президентти кезектеги шайлоо Президент шайланган анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн жылдын октябрынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.

4. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияда каралган учурларда Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып
3 айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү төрттөн бирге кыскарат.

5. Эгерде Жогорку Кеңеш ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындабаса, Президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды деп эсептелет. Мындай учурларда шайлоо дайындалган күн деп шайлоону дайындоо мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күн эсептелет.

6. Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому
2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

 

133-берене. Президенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

1. Президенттин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

1) өз арызы боюнча кызматтан кеткен учурда;

2) оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;

3) каза болгон учурда;

4) Конституцияда каралган тартипте кызмат ордунан четтетилген учурда.

2. Өз арызы боюнча кызматтан кеткен учурда Президенттин ыйгарым укуктары Жогорку Кеңешке жазуу жүзүндө арыз берилген же ал өзү эл алдында билдирүү жасаган учурдан тартып токтотулган болуп эсептелет. Кызматтан кетүү жөнүндө Президенттин арызы Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынат жана протокол менен таризделет.

3. Президент каза болгон учурда Жогорку Кеңеш тарабынан каза болуу фактысы эске алынат жана протокол менен таризделет.

4. Президенттин оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбой калгандыгы жөнүндө маселени фракция же депутаттык топ коюуга укуктуу. Комитеттин корутундусунун негизинде Жогорку Кеңеш 5 календардык күндүн ичинде депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен мамлекеттик медициналык комиссия түзүү жөнүндө токтом кабыл алат. Жогорку Кеңеш мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде корутунду берилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

 

27-глава. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу. Депутаттын көз карандысыздыгынын кепилдиктери. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңеш тарабынан макулдук берүү

134-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткону жөнүндө анын жазуу жүзүндө арыз берүүсү;

2) жарандыктан чыгуу же болбосо башка жарандыкты алуу;

3) депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу;

4) башка ишке өтүү же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган иштен кетпегендиги;

5) шайлоону жараксыз деп таануу;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка туруктуу жашоого кетүү;

7) сот тарабынан депутатты аракетке жөндөмсүз деп таануу;

8) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;

9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү жок болушу;

10) анын дайынсыз жок же каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

11) депутаттын каза болушу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиз пайда болгон күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт.

4. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү негиздер белгиленген күндөн тартып
5 күндүк мөөнөттө төмөнкүлөр тарабынан берилет:

1) тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан – ушул берененин 1-бөлүгүнүн
2, 6 жана 11-пункттарында каралган учурларда;

2) сот тарабынан – ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5, 7-8 жана 10-пункттарында каралган учурларда;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан – ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4 жана
9-пункттарында каралган учурларда.

 

135-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңеш тарабынан кароо

1. Регламенттин маселелери карамагында болгон комитет ушул Регламенттин
134-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4 жана 9-пункттарында каралган учурларда депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карайт. Ушул негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту ошондой эле депутат мүчөсү болуп саналган фракция же депутаттык топ комитеттин кароосуна киргизүүгө укуктуу. Маселени кароо тиешелүү маалымат же арыз түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

2. Бул маселени кароодо комитет документтерди изилдейт, фракциянын же депутаттык топтун өкүлдөрүн, өзүнө карата мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизилген депутатты угат.

3. Комитет чечим кабыл алат жана көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн аны Координациялык кеңешке жөнөтөт.

4. Жогорку Кеңеш маселени толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

 

136-берене. Депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби

1. Жогорку Кеңеш депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени карайт.

2. Жогорку Кеңеш депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө тиешелүү арыз келип түшкөн күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте карайт. Арызды кароонун мөөнөтү бир айдан ашпайт.

3. Убактылуу комиссия мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени кароодо өзүнө карата мандатын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе каралып жаткан депутатты, шайлоочулардын чогулушунда дайындалган өкүлдөрдү, арыз берген өкүлдү угат, баа берет же арызда көрсөтүлгөн фактыларды тактоо менен гана чектелиши мүмкүн.

4. Убактылуу комиссия шайлоочулардын тиешелүү арызын кароонун натыйжалары боюнча депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени даярдоо жана алдын ала кароо үчүн чечимди тиешелүү комитетке жөнөтөт.

5. Жогорку Кеңеш тарабынан маселени кароо убактылуу комиссиянын өкүлүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө анын баяндамасы менен башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча өтөт.

Маселени кароодо жарыш сөздөргө фракциялардын, депутаттык топтордун өкүлдөрү жана өзүнө карата депутаттык мандатын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе чечилип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты катышат.

6. Жогорку Кеӊеш депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө убактылуу комиссиянын чечимин жактыруу же четке кагуу тууралуу токтомду депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алат.

7. Жогорку Кеңеш токтомду 3 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.

8. Жогорку Кеңештин депутаттык мандатты кайра чакыртып алууга макулдук берүүдөн баш тартуусу депутатка карата депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө арыз четке кагылган болуп эсептелерин билдирет.

 

137-берене. Депутаттын көз карандысыздыгынын кепилдиктери

1. Жогорку Кеңештин депутаты эл шайлаган адам катары элдин жана мамлекеттин коргоосунда турат. Өз мандатынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаты кызматтык милдеттерин аткарууда болду деп эсептелет.

2. Жогорку Кеңештин депутатына анын ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде төмөнкүдөй көз карандысыздык кепилдиктери жайылтылат:

1) өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде, ошондой эле андан кийин ал депутаттык ишине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес;

2) кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурларды кошпогондо, ал кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган негиздер боюнча кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө, жекече текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес;

3) ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу болмоюнча кылмыш жасагандыгына шектелгендиги боюнча камакка алынышы жана сотко чейинки тергөө аракеттерине жана иш-чараларына тартылышы, ошондой эле ага карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чаралары колдонулушу мүмкүн эмес.

Башкы прокурор же болбосо ишти карап жаткан сот сотко чейинки тергөө аракеттерин жана иш-чараларын жүргүзүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга макулдук алуу үчүн тиешелүү сунуштаманы Жогорку Кеңешке токтоосуз киргизет.

3. Кылмыш жасагандыгына шектелгендиги боюнча кармалган, ар кандай укук коргоо органына мажбурлап жеткирилген Жогорку Кеңештин депутаты, эгерде Жогорку Кеңештин депутатынын ким экендиги кармоо учурунда белгисиз болсо, анын ким экендиги аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга тийиш.

4. Депутатка кол салгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.

 

138-берене. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселенин Жогорку Кеңеш тарабынан каралышынын тартиби

1. Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат.

Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор токтоосуз түрдө Жогорку Кеңешке тиешелүү сунушту киргизет.

2. Жогорку Кеңештин депутатын айыпкер, анын ичинде мурда козголгон иштер боюнча айыпкер катары тартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугун алгандан кийин гана Башкы прокурор тарабынан бекитилет.

Жогорку Кеңештин депутатын айыпкер, анын ичинде мурда козголгон иштер боюнча айыпкер катары тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Жогорку Кеңешке тиешелүү сунушту киргизет.

3. Ушул Регламентте жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурордун, соттун сунушу келип түшкөндө Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө маселени 48 сааттын ичинде кезексиз тартипте карайт.

Атайын депутаттык комиссия сунушту бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен карайт. Зарыл болгондо Башкы прокурордон жана соттон кошумча материалдар талап кылып алынышы мүмкүн.

Атайын депутаттык комиссия маселени кароодо маселеси чечилип жаткан депутатты, прокуратуранын, соттун же арыз ээсинин (жеке айыптоочунун) өкүлүн угууга жана чечимдин долбоорунда чечмелөө, баа берүү же сунушта көрсөтүлгөн фактыларды гана тактоо менен чектелүүгө милдеттүү.

Башкы прокурордун же соттун сунушун кароонун жыйынтыктары боюнча атайын депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн маалымдаманы жана комиссиянын чечиминин долбоорун Координациялык кеңешке жөнөтөт.

4. Жогорку Кеңеш тарабынан маселени кароо атайын комиссиянын өкүлүнүн анын ишинин натыйжалары жөнүндө баяндамасы менен башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүргүзүлөт.

Маселе боюнча жарыш сөздөргө фракциялардын, депутаттык топтордун өкүлдөрү, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар жана өзүнө карата кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселе чечилип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты катышат.

5. Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү аны жактап добуш берсе, Башкы прокурордун же соттун сунушун канааттандыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынган болуп эсептелет.

6. Башкы прокуратура жана сот Жогорку Кеңештин жүйөлөштүрүлгөн токтому кабыл алынгандыгы жөнүндө 3 күндүк мөөнөттө кабарландырылат.

Негиздер болгондо Жогорку Кеңеш өз чечимин кайра карай алат.

7. Башкы прокурор же сот иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып
3 күндүк мөөнөттө ишти териштирүүнүн же кароонун натыйжалары жөнүндө Жогорку Кеңешке кабарлоого милдеттүү.

8. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартышы бул депутатка карата кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.

 

139-берене. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө токтомду күчүн жоготту деп таануу

Мурда Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген депутатка карата кылмыш иши токтотулгандыгы жөнүндө маалымдама Жогорку Кеңешке келип түшкөн учурда, Жогорку Кеңеш мурда кабыл алынган токтомду күчүн жоготту деп таануу жөнүндө токтомду жакынкы жыйналышта депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат. Кабыл алынган токтом токтоосуз түрдө Башкы прокурорго, ошондой эле зарылчылык болгон учурда тиешелүү сотко жөнөтүлөт.

 

28-глава. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуусу. Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо

140-берене. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуусу

1. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Депутаттар өзүн-өзү таркатуу жөнүндө негизделген сунушту депутаттардын жалпы санын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизүүгө укуктуу. Төрага аны алдын ала кароо үчүн
2 күндүн ичинде бардык фракцияларга, депутаттык топторго, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттарга жөнөтөт, алар маселени алдын ала кароо жана даярдоо үчүн 7 күндүн ичинде жооптуу комитетке сунуштарды жөнөтөт. Жооптуу комитет маселени кароонун датасын аныктоо үчүн өзүнүн чечимин Координациялык кеңешке жөнөтөт.

2. Жогорку Кеңеш тарабынан өзүн-өзү таркатуу жөнүндө маселени кароо толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Талкуулоо аяктагандан кийин, бирок талкуулоо башталгандан тартып
3 күндөн кечиктирбестен, Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө сунушу боюнча добуш берүү жүргүзүлөт.

4. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

5. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө токтом кабыл алынса, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркаткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө Президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мында шайлоо мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындаган күндөн тартып 45 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.

6. Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин биринчи жыйналышына чейин аткарат.

 

29-глава. Депутаттардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышуучулардын этикасы жана тартиби

141-берене. Депутаттык этика

1. Жогорку Кеңештин ар бир депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан
ары – кызыкчылыктардын кагылышуусу) оолак болууга милдеттүү.

2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурда депутат өзүн Депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгү коомчулукта шектенүү пайда кылбашы жана коомчулук буга ишенүүгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн баарын жасоого тийиш.

3. Жогорку Кеңештин, комитеттин, фракциянын, депутаттык топтун, комиссиянын жыйналышында белгилүү бир маселени караганга чейин же аны кароонун жүрүшүндө ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар депутат кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө төрагалык кылуучуга билдирүүгө жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн өзүн-өзү четтетүүгө милдеттүү.

4. Мындай жоболорду депутат бузган учурда регламент маселелери карамагында турган комитет Жогорку Кеңештин кароосуна тиешелүү корутундуну сунуш кылууга тийиш.

5. Жыйналыштарда сүйлөп жаткан депутат депутаттык этиканын ченемдерин сактоого: өтө орой сөздөрдү, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонбоого, кимдир-бирөөгө карата ар-намысына, кадыр-баркына жана ишмердик беделине доо кетирүүчү негизсиз айыптоолорго, сөздөргө жол бербөөгө, билип туруп жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого милдеттүү.

 

142-берене. Жогорку Кеңештин имаратында тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштар залы Жогорку Кеңештин жыйналыштарын өткөрүүчү расмий жай болуп саналат, ал жерде катышып отургандар тартипти, этиканы жана жүрүм-турумдун белгиленген ченемдерин сактайт.

2. Жогорку Кеңештин жыйналыш күндөрүндө депутаттар жана анын жыйналыштарына катышып жаткан адамдар Жогорку Кеңештин ишинин расмий мүнөзүнө ылайык келген кийим кийип жүрүүгө тийиш.

3. Депутаттарга, ошондой эле чакырылган жана Жогорку Кеңеште аккредиттелген адамдарга Жогорку Кеңештин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салынат.

4. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналышына чакырылгандарга, ошондой эле аккредиттелген адамдарга жыйналышты өткөрүүгө тоскоол болуучу плакаттарды, лозунгдарды, үн күчөткүчтөрдү, башка буюмдарды алып кирүүгө жана пайдаланууга тыюу салынат. Бул адамдар тартипти сактоого, тартипти бузбоого, жыйналыштар залында өтүп жаткандарга карата өзүнүн мамилесин көпчүлүктүн алдында билдирүүдөн карманууга тийиш.

5. Белгиленген тартипти бузган учурда көрсөтүлгөн адамдар залдан мажбурлап чыгарып салынат.

 

143-берене. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

1. Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен Жогорку Кеңештин жыйналышын өткөрүүгө жолтоо кылса, төрагалык кылуучунун эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же жыйналыштын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланып жаткан темадан четтесе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) эскертүү;

2) конкреттүү маселени кароодо микрофонду өчүрүү аркылуу сөз бербөө;

3) өтүп жаткан жыйналыштын аягына чейин сөз бербөө.

2. Ушул берененин жоболорун биринчи жолу бузганда, төрагалык кылуучу ушул Регламентте белгиленген тартипти сактоо талабы менен эскертүү берет. Кайрадан жана андан кийин тартип бузган учурда ага карата ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган таасир этүү чаралары колдонулат.

3. Эгерде депутат башка адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айтса жана жаңсоолорду пайдаланса, кара күч колдонсо, ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү органдарга берилет.

4. Депутатка жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышып отургандарга карата колдонулуучу чаралар жыйналыштын протоколунда белгиленет.

5. Регламенттин маселелери карамагында турган комитет тармактык комитеттердин төрагаларынын, Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн маалыматтарынын негизинде Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйналыштарына депутаттардын катышуусунун жыйынтыгын ай сайын чыгарат.

Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча комитет жүйөлүү себептерсиз жыйналыштарга катышпаган депутаттардын тизмесин Төрагага берет, ал катышпай калган ар бир күн үчүн депутаттык ай сайын төлөмдөрдүн ондон бир бөлүгүн кемитүү жөнүндө тескеме чыгарат.

Жүйөлүү себепсиз катышпай калган депутаттардын тизмелерин комитеттин өкүлү Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыя кылат жана жарыя кылынган күндөн тартып бир күндүн ичинде расмий сайтка жарыялайт.

6. Комитеттердин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комиссиялардын жыйналыштарында тартипти сактоо максатында алардын төрагалары Жогорку Кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылуучу сыяктуу эле укуктарга ээ жана ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чараларды колдоно алат. Комитеттердин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комиссиялардын жыйналыштарында депутаттарга карата колдонулуучу чаралар жыйналыштардын протоколунда белгиленет жана ошол депутаттар мүчөсү болуп саналган фракцияларга, депутаттык топторго карап чыгуу үчүн берилет.

7. Регламенттин маселелери карамагында турган комитеттин мүчөлөрү фракциялардын, депутаттык топтордун мүчөлөрүнүн жүрүм-турум этикасы боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун жыйналыштарына катышууга укуктуу.

 

30-глава. Эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык

 

144-берене. Парламенттер аралык кызматташтык

1. Жогорку Кеңеш башка мамлекеттердин парламенттери жана эл аралык парламенттик уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзө алат, аларга ыйгарым укуктуу адамдар кол коет жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.

2. Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик, парламенттик, өкмөттүк жана башка делегациялардын курамында, ошондой эле жеке чакыруулар боюнча эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтыкка катышат.

3. Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштарын координациялоону эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык планына жана Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планына ылайык тармактык комитет жүзөгө ашырат.

 

145-берене. Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

1. Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн Аппарат Жетекчисинин жана Аппарат Жетекчисинин орун басарынын кызмат ордун ээлеген адамдардын, ошондой эле эл аралык жана парламенттер аралык маселелер карамагында турган Аппараттын кызматкерлеринин ичинен, Аппарат Жетекчисинин тармактык комитет менен макулдашылган сунуштамасы боюнча Төрага дайындайт жана бошотот.

2. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн статусу, ыйгарым укуктарынын көлөмү, алардын ишин материалдык жана каржылык жактан камсыз кылуу Жогорку Кеңеш бекитүүчү жобо менен аныкталат.

 

146-берене. Парламенттер аралык уюмдардын сунуштоочу мыйзамдык актыларын кароо

1. Парламенттер аралык уюмдар иштеп чыккан сунуштоочу мыйзамдык актылар (моделдик мыйзамдар) ошол актылар менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясында болгон комитеттер, ошондой эле карамагына парламенттер аралык кызматташуу маселелери таандык болгон комитет тарабынан каралат.

2. Жогорку Кеңеш комитеттердин корутундуларынын негизинде моделдик мыйзамдар боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алышы мүмкүн:

1) аларды эске ауу;

2) сунуштоочу мыйзамдык актылардын негизинде мыйзам долбоорун иштеп чыгууну Жогорку Кеңештин тармактык комитетине тапшыруу.

 

147-берене. Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу парламенттик делегациялар

1. Жогорку Кеңештин парламенттер аралык комиссияларынын, достук топторунун жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу парламенттик делегацияларынын негизги милдеттери, функциялары, аларды түзүүнүн жана ишинин тартиби жобо менен жөнгө салынат жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

2. Чет өлкөлөргө жөнөтүлүп жаткан расмий парламенттик делегациялардын курамдарынын долбоорлорун парламенттик фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын, достук топтордун сунуштарын эске алуу менен тармактык комитет түзөт жана Координациялык кеңеш бекитет.

3. Чакыруулардын негизинде эл аралык келишимдерге, макулдашууларга, программаларга ылайык депутаттын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгуусу тармактык комитеттин чечими боюнча Төраганын тескемесине ылайык жүзөгө ашырылат.

Бардык чыгымдарды чакырып жаткан тараптын төлөөсү менен жекече чакыруу боюнча депутаттын чет өлкөгө иш сапарга чыгуусу Төраганын тескемесинин негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Чет өлкөлүк парламенттердин, парламенттер аралык уюмдардын делегацияларын кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңеш каржылык жана уюштуруу-техникалык камсыз кылуунун бирдиктүү тартибин бекитет, ал парламенттер аралык комиссиялардын алкагында же расмий парламенттик делегациялардын курамында чет өлкөлөргө жөнөп жаткан депутаттарга жайылтылат.

 

VIII БӨЛҮМ

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ШАЙЛООЧУЛАР, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ

31-глава. Шайлоочулар менен иштөө

148-берене. Шайлоочулар менен иштөөнүн формалары жана методдору

Жогорку Кеңеш, анын органдары, депутаттар сессия учурунда жана сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүлөр аркылуу уюштурат:

1) шайлоочуларды кабыл алуу;

2) сунуштарды, арыздарды, өтүнүчтөрдү кароо;

3) чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды, тегерек столдорду, семинарларды, кеңешмелерди, жыйналыштарды, анын ичинде көчмө жыйналыштарды, ачык эшиктер күнүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;

4) жарандардын жана алардын бирикмелеринин мыйзам чыгаруу сунуштарын кароо жана кабыл алуу;

5) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын укуктарын бузушу боюнча парламенттик териштирүү жүргүзүү жөнүндө жарандардын кайрылууларын кароо;

6) мыйзам долбоорлору жана коомдук маанилүү маселелер боюнча парламенттик угууларды өткөрүү;

7) шайлоочулардын даттануулары боюнча парламенттик жана депутаттык суроо-талаптарды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүү.

 

149-берене. Шайлоочулар менен иштөө тартиби

1. Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун, депутаттарынын региондордогу шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар алар менен жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.

2. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жоболору, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдиктеринин маселелери ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.

3. Фракция, депутаттык топ өзүнүн мүчөлөрүнүн шайлоочулар менен иштөө жана төмөнкү маселелер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүк функцияларын аткаруу боюнча ишин уюштурат:

1) фракциянын, депутаттык топтун дарегине келип түшкөн кайрылууларды, сунуштарды, арыздарды өз учурунда, объективдүү жана толук кароо, алар боюнча зарыл чараларды көрүү жана бул маселелер боюнча Жогорку Кеңештин комитеттери менен өз ара аракеттенүү;

2) ошол фракциянын, депутаттык топтун дарегине шайлоочулар кайрылганда, фракциянын, депутаттык топтун мүчөсү болуп саналган депутаттардын шайлоочуларды жеке кабыл алуусу;

3) депутаттардын дарегине келип түшкөн кайрылууларды өз учурунда, объективдүү жана толук кароо максатында алар боюнча маселелерди чечүүдө аларга көмөк көрсөтүү жана алар боюнча зарыл чараларды көрүү;

4) депутаттарга тиешелүү региондорду бекитип берүү жолу менен өлкөнүн ар кайсы региондорунда жашаган шайлоочулар менен депутаттардын – фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жолугушууларын өткөрүү;

5) фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча жана катышуусу менен мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;

6) конкреттүү депутаттардын атына жана фракциянын, депутаттык топтун дарегине келип түшкөн кайрылууларды жалпылоо жана талдоо;

7) фракциянын, депутаттык топтун катышуусу менен өткөрүлгөн, өкүлчүлүк функцияларды аткарууга багытталган иш-чараларды жалпылоо жана талдоо;

8) жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн жана Жогорку Кеңештеги фракциялардын, депутаттык топтордун ишинин абалы жөнүндө шайлоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымдоо.

4. Фракциялардын, депутаттык топтордун, депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби шайлоочулар менен иштөө жөнүндө жобо менен аныкталат.

 

150-берене. Жогорку Кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташуусу

1. Ушул Регламент жана иш пландар менен аныкталган иштин формаларына жана методдоруна ылайык Жогорку Кеңеш, анын органдары, депутаттар төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттик органдар менен;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, анын ичинде шаардык, райондук, айылдык кеңештер менен;

3) Министрлер Кабинетинин коомдук кеңештери жана аларга караштуу органдар менен;

4) улуттук, этностук, диний, атайын жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен;

5) эл аралык уюмдар жана фонддор менен;

6) саясий партиялар менен.

2. Жыл сайын Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү Жогорку Кеңеш бекитүүчү жобого ылайык Жогорку Кеңештин, анын органдарынын, депутаттардын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт.

3. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылдык талдоосу Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттар тарабынан каралат.

 

 

32-глава. Жогорку Кеңештин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу

151-берене. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишиндеги ачыктык жана айкындык

1. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар тараптар депутаттарга, комитеттерге, жумушчу топторго Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралганга чейин мыйзам долбооруна карата сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар тараптар мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөттө экинчи окууга карата депутаттар же мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери аркылуу Жогорку Кеңешке сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

3. Жооптуу комитеттер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мыйзамдардын долбоорлорун талкуулоо үчүн өзүнүн жыйналыштарына жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн чакырууга;

2) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун ишине көз карандысыз эксперттерди тартууга.

4. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлору жагынан иштөө үчүн тартылган эксперттер менен мөөнөттүү эмгек келишимдерин каралган фонддордун чегинде түзүүгө укуктуу.

5. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу, аткаруу жана сунуштамаларды иштеп чыгуу мониторингин жүргүзүү боюнча туруктуу иштөөчү коомдук кеңешти уюштурууга укуктуу, анын түзүмү жана ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш бекитүүчү жобо менен аныкталат.

 

152-берене. Коомдук экспертиза

1. Көз карандысыз эксперттер, илим-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрү, жарандык коомдун уюмдары депутаттардын кароосунда турган мыйзамдын долбоору боюнча коомдук экспертизанын натыйжаларын (эксперттик корутундуларды, талдоолорду, пикирлерди, баа берүүлөрдү, сунуштарды, анын ичинде укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана экспертизалардын башка түрлөрүн) Жогорку Кеңешке, фракцияларга, депутаттык топторго жана комитеттерге жөнөтө алат.

2. Комитеттерге берилүүчү сунуштар кыска, так туюндурулуп, экспертизанын, сунуштаманын предметин талдоону жана уюм же арыз берүүчү жак жөнүндө кыскача маалыматтарды камтууга тийиш.

3. Коомдук экспертиза жооптуу комитет тарабынан жыйналышта каралат, ага түшүндүрмөлөрдү берүү, сунуштарды киргизүү жана кошумча маалыматты берүү үчүн экспертиза жүргүзгөн адамдар чакырылат.

4. Коомдук экспертизанын натыйжаларын кароонун жыйынтыктары боюнча комитет арыз ээлерине кабыл алынган же четке кагылган сунуштар жөнүндө негизделген жоопту жөнөтөт.

 

153-берене. Жарандык коомдун уюмдары менен иштөөдө Жогорку Кеңештин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуунун формалары жана методдору

1. Жарандар жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү Жогорку Кеңеш бекитүүчү жободо каралган тартипте Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга укуктуу.

2. Жогорку Кеңештин иши менен таанышуу жана анын ишинин айкындыгын камсыз кылуу үчүн жарандар жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун уюмдарынын, окуу жайлардын өкүлдөрү атайын жобо менен аныкталган тартипте Жогорку Кеңешке келүүгө укуктуу.

3. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен иштөөдө Жогорку Кеңеш жана анын органдары:

1) аларга өзүнүн иши жөнүндө маалымдайт;

2) өздөрү кабыл алган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышына контролду жүзөгө ашырууга аларды тартат;

3) жарандык демилгелерди кубаттайт;

4) биргелешкен дискуссияларды, дебаттарды, акцияларды, кампанияларды жана башка иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт.

4. Төрага же анын орун басарлары кызматташуунун натыйжалуулугун баалоо, кызматташуунун жаңы багыттары жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жана биргелешкен иш-чараларды Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планына киргизүү максатында жарандык коомдун уюмдары менен ар жылдык жолугушууларды өткөрөт.

5. Парламенттик угуулардын, конференциялардын, тегерек столдордун, семинарлардын, кеңешмелердин, жыйналыштардын, анын ичинде көчмө жыйналыштардын жана жарандык коомдун уюмдарынын катышуусу менен өткөрүлүүчү башка иш-чаралардын аудиожазуусу жана стенограммасы бир жумалык мөөнөттө Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

 

154-берене. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу

1. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио аркылуу берүү жолу менен, мамлекеттик жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, ошондой эле Жогорку Кеңештин расмий сайты аркылуу камсыз кылынат.

Телекөрсөтүү жана радио боюнча берилүүчү маалыматтардын убактысы жана көлөмү Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталат.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитациялоо шартында Жогорку Кеңештин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарына катыша алат.

Аккредитациялоо шарттары жана тартиби, андан ажыратуунун негиздери Төрага бекитүүчү жободо каралат.

3. Жогорку Кеңештин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарын видеого жана фотого тартууну, ошондой эле аудиого жазууну жүргүзүү Жогорку Кеңеш белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

 

155-берене. Жогорку Кеңештин расмий сайты

1. Жогорку Кеңештин расмий сайты Жогорку Кеңеш, анын органдарынын жана түзүмдөрүнүн иши, бекитилген иш пландары жөнүндө дайыма жаңыланып туруучу маалыматты, статистикалык, талдоо маалыматтарын жана материалдарын, коштоочу документтери менен мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорунун электрондук версияларын, келип түшкөн жана комитеттерде каралып жаткан отчетторду, корутундуларды, маалымдамаларды, ачык жыйналыштардын протоколдорун, стенограммаларын ж.б. камтыйт.

2. «Парламент жөнүндө», «Түзүм», «Мыйзам чыгаруу иши», «Парламенттик контроль», «Басма сөз борбору», «Коомчулук менен байланыш», «Пайдалуу шилтемелер», «Эл аралык ишмердүүлүк» бөлүмдөрүнө маалыматтык материалдарды жайгаштырууну Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жүзөгө ашырат.

3. Маалыматтарды жайгаштырууга контролду Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жүзөгө ашырат.

4. «Фракциялар», «Депутаттык топтор», «Комитеттер», «Депутаттар» бөлүмдөрүнө маалыматтарды жайгаштырууну фракциялардын, депутаттык топтордун катчылыктарынын, комитеттердин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана депутаттардын консультанттары жүзөгө ашырат.

Контролду фракциялардын, депутаттык топтордун катчылыктарынын, комитеттердин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, депутаттар жүзөгө ашырат.

5. Расмий сайттын ишине жалпы контролду Аппарат Жетекчисинин орун басары жүзөгө ашырат.

6. Радио- жана видеоблогдорду Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы даярдайт жана расмий сайтка жайгаштырат.

7. Бул блогдорду техникалык жактан камсыз кылуу Аппараттын маалыматтык технологиялар бөлүмүнө жүктөлгөн.

8. Жогорку Кеңештин жетекчилиги менен макулдашмайынча расмий сайттын бөлүмдөрүнүн аталыштарына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн эмес.

 

 

IX БӨЛҮМ

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ

33-глава. Жогорку Кеңештин Аппараты. Жогорку Кеңешти материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу

156-берене. Жогорку Кеңештин Аппараты

1. Жогорку Кеңештин, анын органдарынын жана түзүмдөрүнүн ишин укуктук, уюштуруучулук, документтик, маалыматтык жана башка жактан камсыз кылууну Аппарат жүзөгө ашырат.

2. Аппараттын түзүмүн Төрага бекитет.

Аппараттын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн укуктук статусу Төрага бекитүүчү жобо менен аныкталат.

3. Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган узактыгы 30 календардык күн болгон акы төлөнүүчү ар жылдык эмгек өргүүсү, ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул жана эмгек акыга үстөк берилет.

Мамлекеттик кызматта иштеген стажы 5, 10, 15 жана 20 жыл болгондо Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерине акы төлөнүүчү ар жылдык эмгек өргүү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте тиешелүү түрдө 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерине эмгек жана социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдар жайылтылат.

4. Аппараттын кызматкерлеринин штаттык санын, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун шарттарын, ошондой эле аларды күтүүгө чыгымдарды белгиленген чыгымдар сметасынын чегинде Төрага аныктайт жана Жогорку Кеңеш бекитет.

5. Жогорку юридикалык билими бар Жогорку Кеӊештин Аппаратынын, Жогорку Кеӊештин комитеттеринин бөлүмдөрүнүн, фракциялардын, депутаттык топтордун катчылыктарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутаттарынын кеӊешчилеринин, консультанттарынын жана жардамчыларынын иштеген убактысы юридикалык кесип боюнча иш стажына кошулат.

 

157-берене. Аппараттын кызматкерлерин дайындоо жана бошотуу

1. Аппараттын кызматкерлерин кызматка дайындоо жана бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга жана эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Аппарат Жетекчисин Төрага дайындайт. Аппарат Жетекчисинин сунушу боюнча Төрага анын орун басарларын дайындайт.

3. Төрага Аппарат Жетекчисин жана анын орун басарларын бошотот.

4. Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга жана эмгек мыйзамдарына ылайык Аппарат Жетекчисинин сунушу боюнча Төраганын тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.

5. Апппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Аппараттын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сунушу боюнча Аппарат Жетекчисинин тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.

6. Фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын жетекчилери тиешелүү фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлеринин сунушу боюнча Төраганын тескемеси менен дайындалат жана бошотулат.

Фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын кызматкерлери тиешелүү фракциянын же депутаттык топтун катчылыгынын жетекчисинин сунушу боюнча Аппарат Жетекчисинин тескемеси менен кызматка дайындалат жана бошотулат.

7. Жогорку Кеңештин депутаттарынын консультанттары жана жардамчылары тиешелүү депутаттын сунушу боюнча Аппарат Жетекчисинин тескемеси менен кызматка дайындалат жана бошотулат.

8. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин, Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган жана жаңы курамы шайланган учурда, депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, депутаттардын консультанттарын жана жардамчыларын, фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын кызматкерлерин кошпогондо, Аппараттын кызматкерлеринин иши токтотулбайт.

Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурда депутаттардын консультанттары жана жардамчылары, фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын кызматкерлери мыйзамдарда каралган тартипте компенсация алат.

 

158-берене. Комитеттин бөлүмү

1. Жогорку Кеңештин комитетинин ишин камсыз кылууну комитеттин бөлүмү жүзөгө ашырат, ал Аппараттын туруктуу иштеген түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Комитеттин бөлүмү өз ишин Төрага бекитүүчү Аппарат, комитеттин бөлүмү жөнүндө жоболордун негизинде жүзөгө ашырат.

3. Комитеттин бөлүмү:

1) укуктук, талдоочулук колдоо көрсөтүүнү, уюштуруучулук камсыз кылууну жана комитеттин иш кагаздарын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

2) Аппарат жана комитеттин бөлүмү жөнүндө жоболор менен аныкталган башка функцияларды аткарат.

 

159-берене. Фракциялардын, депутаттык топтордун катчылыктары

1. Фракциянын, депутаттык топтордун ишин камсыз кылууну фракциянын, депутаттык топтун катчылыгы жүзөгө ашырат, ал Аппараттын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, фракциянын, депутаттык топтун иштеп турган мезгилинде иштейт жана өз ишин Аппарат жөнүндө жобонун, ошондой эле фракциянын лидеринин, депутаттык топтун жетекчисинин сунушу боюнча фракция, депутаттык топ бекитүүчү фракциянын, депутаттык топтун катчылыгы жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырат.

2. Фракциянын, депутаттык топтун катчылыктары:

1) укуктук, талдоочулук колдоону, уюштуруучулук камсыз кылууну жана иш кагаздарын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

2) Аппарат жана фракциянын, депутаттык топтун катчылыгы жөнүндө жоболордо аныкталган башка функцияларды аткарат.

 

160-берене. Жогорку Кеңешти жана анын органдарын материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу

1. Жогорку Кеӊештин мамлекеттик кызмат адамдарынын, Жогорку Кеӊештин Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин санынын чеги жана эмгек акы төлөө шарттары Жогорку Кеӊеш тарабынан аныкталат.

Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеӊештин Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгек акы төлөө шарттары жана өлчөмдөрү бирдей сандык мааниде белгиленет.

2. Жогорку Кеӊештин жана анын органдарынын ишин материалдык-техникалык жана каржылык камсыздоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.

3. Жогорку Кеӊешти каржылык камсыздоо үчүн Жогорку Кеӊештин кийинки бюджеттик жылга бюджетинин долбоору иштелип чыгат жана Министрлер Кабинетине үстүдөгү жылдын 1-июлуна чейин жөнөтүлөт.

4. Жогорку Кеӊештин жылдык бюджетинде Жогорку Кеӊештин ишин камсыздоого, анын ичинде депутаттардын мыйзамдарда каралган ишин камсыздоого чыгымдардын айрым беренелери алдын ала каралат.

5. Жогорку Кеӊештин ишин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөр түзүлөт:

1) Төраганын резервдик фонду;

2) депутаттын фонду.

Депутаттык ишти каржылоо үчүн саналып өткөн фонддор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын чектеринде жыл сайын түзүлөт. Тиешелүү жылга көлөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда аныкталат.

6. Көрсөтүлгөн фонддордон каражаттарды чыгымдоонун суммасы жана тартиби Жогорку Кеӊеш тарабынан аныкталат.

 

161-берене. Жогорку Кеңештин иш процесстерин жана жол-жоболорун санариптештирүү

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары, документтерди жүгүртүү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана мамлекеттик жарандык кызматчыларынын өздүк иштери санариптик технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт.

2. Санариптик технологияларды колдонуу резервдик сактоо тутумун өзүнө камтыган маалыматтарды иштетүүнүн негизги жана резервдик борборлорунун милдеттүү түрдө болушун болжолдойт.

3. Маалыматтарды иштетүү, сактоо аппараттык-программалык комплекстер аркылуу жүзөгө ашырылат, алар өзүнө сервердик жабдууну, маалыматтарды сактоо тутумун жана программалык камсыздоону камтыйт.

4. Маалыматтарды берүү түзүмдөштүрүлгөн кабелдик тутум жана тармактык жабдуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

5. Маалыматтарды коргоо үчүн коопсуздуктун аппараттык, программалык жана аралаш тутумдары колдонулууга тийиш.

6. Жогорку Кеңеште жыйналыштар конференц-тутумдарды, жыйналыштар залын коштоо жана электрондук добуш берүү тутумдарын колдонуу менен өткөрүлөт.

7. Жогорку Кеңеште документтерди жүгүртүү электрондук документ жүгүртүү тутумунун жардамы менен жүзөгө ашырылат, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) мыйзам долбоорлорунун маалымат базасынын тутумун;

2) мамлекеттик жарандык кызматчылардын бирдиктүү маалымат базасынын
«Е-кызмат» тутумун (тутумда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын бардык электрондук өздүк иштери бар);

3) маалыматтык тутумдарды (Жогорку Кеңештин ишине тиешелүү маалыматтык агымдарды алмашуу процессин оптималдаштыруу);

4) электрондук формада актуалдуу маселелерди чечүүгө жарандарды жана бизнести катыштыруу максатында мыйзам долбоорлорун онлайн-талкуулоону, онлайн-чөйрөдөгү коомдук угууларды, ошондой эле депутаттардын шайлоочулар менен онлайн-өз ара аракеттенүүсүн.

8. Жогорку Кеңеште санариптик технологияларды пайдалануу үчүн инфратүзүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

 

162-берене. Жогорку Кеңештин документтерин жүгүртүү

1. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин документтерин жүгүртүү мамлекеттик тилде кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүлөт.

2. Электрондук документ жүгүртүү мыйзамдарда белгиленген тартипте электрондук санариптик колтамга менен камсыз кылынышы мүмкүн.

3. Депутат (депутаттар) тарабынан мамлекеттик тилде иштелип чыккан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилгенге чейин расмий тилге которулууга тийиш.

 

163-берене. Ушул Регламенттин күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө киришине байланыштуу төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102);

2) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 40 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2121-ст.);

3) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 15-июнундагы № 82 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2393-ст.);

4) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын
12-июлундагы № 105 Мыйзамынын 7-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2716-ст.);

5) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы № 133 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 919-ст.);

6) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-октябрындагы  № 193 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 1028-ст.);

7) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 208 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 10, 1132-ст.);

8) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-декабрындагы № 220 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1239-ст.);

9) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 91-ст.);

10) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 96-ст.);

11) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 5-мартындагы № 39 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 3, 165-ст.);

12) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 10-июлундагы № 129 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 705-ст.);

13) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 82 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 357-ст.);

14) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 108 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 524-ст.);

15) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» жана «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 5-январындагы № 2 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж.,
№ 1, 2-ст.);

16) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 42 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 293-ст.);

17) «Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 869-ст.);

18) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-июлундагы № 137 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 739-ст.);

19) «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 751-ст.);

20) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 8-августундагы № 172 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 774-ст.);

21) «2015-жылдын 20-майындагы № 106 «Аскердик абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамынын 7-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 12, 1013-ст.);

22) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 503-ст.);

23) «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын 8-беренеси («Эркин-Тоо» газетасы, 2020-жылдын 3-апрели, № 32).

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүү үчүн зарыл чараларды көрсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                                      С.Н. Жапаров