Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Гүлшаркан Култаева: "Кесипкөй адистерди даярдоого олуттуу көңүл бурулат"

08-12-2023
11:43

"Ата-Журт Кыргызстан"  парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Гүлшаркан Култаева бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңеш Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү менен УТРКнын Биринчи радиосу биргелешип уюштурган "Эл өкүлү" программасына катышты. Анда эл өкүлү Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгү менен тааныштырып, бюджет темасындагы, салык саясатындагы, курулуш тармагындагы позицияларын билдирди.

Депутат мыйзам чыгаруу процессине токтолуп,  кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорлорунун өзгөчөлүктөрүн атады. Мисалы, "Жол фонду жөнүндөгү" мыйзамды талкуулаган учурда кошумчалаган сунуштары менен тааныштырган эл өкүлү, - аталган фонддогу каражаттардын эсебинен кесипкөй кадрларды даярдоо ишине көңүл бурулсун, - деп демилгелеген.

Уктуруунун жүрүшүндө парламентарий айым бүгүн, 8-декабрь - кыргыз телекөрсөтүү тармагындагы кызматкерлердин кесиптик майрамы экендигин белгилеп, калыстыктан тайбаган аталган тармактын адистерин майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле депутат радиоугармандардын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга каралган жардамдарга, ички жолдордун абалына, кыздардын адеп-ахылагына, студенттерге түзүлгөн шарттарга  тиелешүү болгон бир топ суроолоруна жооп берди.  

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү