Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Айсаракан Абдибаева: “Байыртадан эле кыргызда кыздын аты улук, кыз сыйлабас –макулук!” – деп айтылып келет”

22-12-2023
18:10

Депутат, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары Айсаракан Абдибаева Жогорку Кеңештеги Айым депутаттардын форумунун жылдык жыйынында каралган маселелер боюнча маалымат берип, бүгүн 22-декабрда “Парламент” радиосунда болду.

Эл өкүлү мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө токтолуп, Жогорку Кеңеш тарабынан аялзатынын коомдогу ролун жогорулатууга багытталган мыйзамдык базалар туурасында айтып берди.  Ошол эле мезгилде аялдардын укуктарын коргоо, каржы сабаттуулугун жогорулатуу негиздерине кайрылды. “Аял бактылуу жашаган үй-бүлөдө бактылуу уул-кыздар өсүп чыгарын нарк-насилдүү идеологиябыз далилдеп келет. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы мыйзам негиздерин бекемдеп, эгерде аялзатын ызалантып, кордогон, үнүн өктөм чыгарып ыдык көрсөткөндөрдү айыпка жыгуу механизмдери иштелип жатат. Бул арга кеткендеги көрүнүш. Болбосо, качан эле  кыргыз элинде зордук-зомбулук маселеси болчу эле? Байыртадан эле “Кыргызда кыздын аты улук, кыз сыйлабас –макулук!” – деп айтылып келет”, - деп билдирди депутат. "Айымдардын аткаруу бийлигинде жетиштүү санда иштөөсү көп болсо калыстык, жоопкерчилик жогору болот эле", - деп кошумчалаган депутат А.Абдибаева , - үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы туруу багытындагы эл аралык талкууларга да жигердүү катышып келе жаткандыгын белгиледи.

Уктурууга катышкан Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештеги Айым депутаттардын форумунун жылдык жыйынынын делегаты Турдукан Жумабекова узап жаткан жылдагы маанилүү маарекелердин бири кыргыз парламентинин 85 жылдыгы менен коштолгондугун бөлүп көрсөттү. Аялзатынын коомдогу ордуна кайрылган ал: “Кезегинде Жогорку Кеңештин IV чакырылышы эне-балага шарт түзүүнүн мыйзамдык базасын чыңдап, үй-бүлөнүн шартына карап, эгер зарылчылык жаралса ымыркайдын атасына да бала багуу үчүн эмгек өргүүсүн берүү шарттары кабыл алган”, - деп белгиледи.

Ошондой эле бул жолку радиоуктурууга Шералы Назаркулов атындагы эл аралык коомдук фонддун төрайымы Назгүл Абдыкеримова  жана юрист-эксперт Нарынкүл Арзыматова катышып,  жер-жерлерден келген ар кыл тармактын өкүлдөрү, жигердүү активист айымдар тарабынан айтылган сунуштарды ишке ашырууга салымдаш боло тургандыктарын билдиришти.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү