Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Динара Ашимова: "Датка даңкы унутулбайт!"

29-11-2023
15:46

"2024-жылы Кара-кыргыз автономиялуу областынын негизделгендигине 100 жыл толот. Ушул кылым карыткан маарекени белгилөөнүн алкагында тарыхый улуу инсандарыбыздын да бейнесин ачып берүү шарт. Мисалы, Алымбек датканын 2024-жылы 225 жылдыгы болот. Баатырдын даңазалуу маарекесин өткөрүп, анын элге кылган эмгегин эске алуубаз кажет", - деп билдирди депутат Динара Ашимова бүгүн, 29-ноябрда "Парламент" радиосуна курган маегинде.   

Уктуруунун жүрүшүндө депутат Алымбек датканын даңкын далайга кетирген тарыхый фактыларга токтолуп, улуу инсандын унутулгус эрдиктери тууралуу илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп, тарыхый китептер жазылышы керектигин айтты. Кала берсе, кино тасмада да Алымбек датканын чечкиндүү иштери иретке салынуусу заман талабы экендигине токтолуп, кийинки муундарга тарыхый тамырыбыздан кабар берүү негизги парзыбыз, - деп белгиледи эл өкүлү.  

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү