Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Мурадил Сыдыков: "Капиталдык салымдар беренесине каралган баштапкы сумма 10 млрд. сомго чыкты"

24-11-2023
11:07

Жогорку Кеңеш депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңеш Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү менен УТРКнын Биринчи радиосу биргелешип уюштурган "Эл өкүлү" программасына катышты. Анда эл өкүлү Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгү менен тааныштырып, анын ичинде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети тарабынан аткарылып жаткан иштерди баяндады.

Радиоугармандардын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга каралган жардамдар, кабыл алынган мыйзамдардын жүзөгө ашырылуусуна байланышкан суроолоруна жооп берди. 

Эл өкүлү уктуруунун жүрүшүндө турак-жайга болгон укук жагдайларына, аларга каралган мунапыс шарттарына түшүндүрмө берип, ошондой эле курулуш тармагына мүнөздүү болгон негизги стандарттык талаптарга да токтолду.

Радиоугуучулардын жолдордун сапатына, коомдук транспорттордун ички каттамдарына, өндүрүштү өнүктүрүү негиздери менен катар республикалык бюджеттин көлөмүнө тиешелүү болгон бир топ суроолоруна жооп берди.  

“Бюджет маселесине келгенде капиталдык салымдар беренесине каралган баштапкы 5 млрд. сомдук каражатты комитет сунуштары эске алынып, 10 млрд. сомго чыгардык. Бирок, иш жүзүндө туруп калган курулуш жайларын жандандырууга бюджеттин өзгөртүүлөрүн эске алганда 2023-жылы 16 млрд. сом жумшалган. Демек, бул иштин натыйжасын камсыздоо аракеттеринин 3 эсеге көп каржылангандыгын далилдейт. Жалпысынан, бул сумма 600гө жакын объектилердин курулуш иштерине сарпталуучу каражат”, - деп билдирди М.Сыдыков.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү