Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү" мыйзам долбоору демилгеленүүдө

11-12-2023
17:52

Депутат Айсаракан Абдибаева тарабынан "Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү" мыйзам долбоору демилгеленүүдө. Ушул  долбоордун маани-маңызын түшүндүрүп, "Парламент" радиосунун түз эфиринде демилгечи депутат, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары Айсаракан Абдибаева, депутат, Социалдык саясат комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева жана Кыргыз экпортерлеру менен импортерлорунун Ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова болду.

"Элдин саламаттыгын чыңдоо үчүн ичкен тамак-ашка олуттуу маани берүү керек. Акыркы мезгилде ден соолукка пайдалуу азыктарды тыкыр лабораториялык изилдөөдөн өткөндөн кийин гана колдонуу талабы күчөдү. Дарт чакыра турган азыктарды Бажы органдары мамлекет аймагына киргизбөөдө көзөмөлдүктү колго алышы керек. Азыркы даярдалып жаткан мыйзам долбоорунун негизги концепциясы - саламаттыгы чың улут үчүн шарт түзүүгө багытталган", - деп билдирди демилгечи депутат Айсаракан Абдибаева.

Уктурууга катышкан депутат Винера Раимбачаева туура эмес тамактануудан келип чыккан патологиялык ооруларды санап, ашыкча салмактуулуктан тартып, жүрөк-кан тамыр ооруларына чейин жайылып жаткан илдеттердин кесепеттерине токтолду. Ошону менен катар мектептердин айланасында жайгашкан чакан күркөлөрдүн текчесиндеги зыяндуу азыктар жүгүртүүгө чыгарылбасын, - деген талаптар коюлган менен бул жаатка жетиштүү көңүл бурулбай жаткандыгына тынчсызданды. Жаш муундардын ден соолукка зыян келтирген адаттарга арбалып жаткандыгы да келечегибиз үчүн кооптонууларды жаратып жаткандыгын айткан депутат,- энергетикалык суусундуктар менен электрондук чылымдар сыяктуу продукцияларга тыюу салуу зарылчылыктарын белгиледи. Ошондой эле бул багытта даярдалып жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат берди. 

Кыргыз экпортерлеру менен импортерлорунун Ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова тамак-аштардын коопсуздугу сапатка түздөн-түз тиешелүү экендигин ырастап, соңку мезгилде ошол ченемдердин так сакталбагандыгынан улам дарттын далай түрлөрү балдардан тартып  ар бир инсандын жашоосун тооруп жаткандыгын айтты. "Ал гана эмес, жарык дүйнөгө келе элек эненин курсагындагы түйүлдүккө да туура эмес, сапатсыз тамак-аштарды колдонуу терс таасирин тийгизип жаткандыгы ар түрдүү патологияларды пайда кылып, мунжу ымыркайлардын төрөлүшүнө алып келүүдө", - деген адис тамак-аштардын лабораториялык изилдөөлөрү тыкыр колго алынышы керектигин кошумчалады. 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү