Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Мирлан Самыйкожо: "Чүй облусу менен ордо калаанын тургундары Кара-Кече көмүрүн колдонуу укугунан ажыратылбайт"

14-09-2023
17:24

Жогорку Кеңеш депутаты Мирлан Самыйкожо бүгүн, 14-сентябрда "Парламент" радиосуна курган маегинде Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 10-11-сентябрда Нарын облусуна болгон көчмө жыйында каралган маселелерден маалымат берди.

“Кара-Кече кенин жеринде көрүп иш жагдайынан кабар алып келдик. Эгер азыркы андагы абал дагы да сактала берсе, анда элдин кышта кыйынчылыкка кабылуу коркунучу бар. Ошондуктан, жагдайды жашыра бербей, чукул чараларды көрүү керек. Мисалы, кендеги иштеп жаткан менчик фирмалардын түйшүгүн мамлекеттик деңгээлде иш алып барган “Кыргызкөмүр” ишканасы тартып кете алабы? Каражат жагынан карыз кыйынчылыгы жаралбайбы? Ушунун бардыгы тыкыр иликтенип чыгуусу керек”, - деди депутат.

"Кара-Кече көмүрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагына киргизилбейт, - деген маалыматтар тарагандыгы белгилүү. Бирок, бул суроону тармактык комитет тактаган соң, андай кадамдарга жол берилбестиги анык болду. Тагыраагы, Чүй облусу менен ордо калаанын тургундары Кара-Кече көмүрүн колдонуу укугунан ажыратылбайт", - деп ырастады эл өкүлү.

Ошондой эле бул жолку тармактык комитеттин жыйынында Энергетика министрлигинин алдына көмүр баасын көзөмөлгө алып, кымбаттоолорго жол берилбесин, - деген талап коюлду. Андын тышкары, оор жүк ташуучу унаалардын жолдун абалына доо кетирбеши үчүн салмак-чендерин көзөмөлгө алуучу таразалардын орнотулушу шарт, - деп белгиледи депутат.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү