Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Р. Жакышов: "Эл жайыт комитеттери жоюлса, - деп суранышууда"

05-06-2023
16:55

Жогорку Кеңеш депутаты Русланбек Жакышов бүгүн, 5-июнда "Парламент" радиосуна курган маегинде кунары качкан жайыттардын жагдайына токтолуп, маалкатпай чечилчү маселенин маанилүүлүгүн белгиледи.

“Жайыттар эс албай, кунары качты. Бирок, жайлоого чыгып жаткан мал башына алынуучу төлөмдөр бар. Ал каражаттар кайда коротулуп жатканы белгисиз. Мүмкүн болсо ошол топтолгон акчалар жайыттарга баруучу жолдорду оңдоого, көпүрөлөрдү салууга жумшалса, жайлоого чыккандарга ыңгайлуу болмок”, - деп “Ишеним” парламенттик фракциясынын Ысык-Көл облусунда өткөн көчмө жыйынында көпчүлүк койгон негизги талаптардын бири болду, - дейт депутат.

Мындай көрүнүш Ысык-Көл регионунда гана эмес, башка дубандарда да кезигип жүргөнүн угуп жатабыз. Элдин суранычы, жайыт комитеттерин жоюп, анын ордуна 453 айыл өкмөтүнө бирден жайыт адиси деген штат бирдигин ачып берсе ишке пайдалуу болмок.

Андан тышкары жайыттарда жайылып кеткен эч пайдасыз бадалдардан арылуу өнөктүгүн колго алуу керек. Буга Суусамыр тараптагы талаалардагы көрүнүштөр мисал, - дейт Р.Жакышов.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү