Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖРТ төлөмдөрү эмнеге кымбаттады?

22-05-2023
15:36

Социалдык саясат боюнча комитет бүгүн, 22-майдагы жыйынында билим берүү тармагына тиешелүү маселелерди талдап, мектептердин жетишер-жетишпестигин, андагы жалпы абалды, билим сапатын карап, КР Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигине бир топ суроолорду жолдоду. Анын катарында жалпы республикалык тестирлөө, региондордогу мектептердин сыйымдуулугунун начардыгы, ЖОЖдорго тапшыруудагы төлөмдөр маселеси көтөрүлдү. Бул багытта маалымат берип, ЖК депутаты Максатбек Сарбагышев бүгүн "Парламент" радиосунда болду.

Эл өкүлүнүн айтымында, жалпы республикалык тестирлөө процесстери жеке уюмдун уюштуруусу менен өтүп жатканы канчалык адилеттүү? Андан көрө, бул ишти Билим берүү министрлиги өз көзөмөлүнө алса туура болмок. Антпегенде, жылыга тесттен өтүү үчүн төлөнүүчү эсеп былтыркы жылы 370 сом болсо, быйылкы жылга ал 470 сом болуп кымбаттаптыр. Мындай суммаларды тактап, Билим берүү жана илим министрлигине суроо жолдодум, - дейт депутат.

Ошондой эле парламентарий ЖОЖдорго тапшырууда документтерди кабыл алууга керектелет, - деп 1800 сомдук төлөмдөрдү талап кылган учурлар бар, - деп шайлоочулар айтып жатышат. Бүгүн ушул жагдайды тармактык комитетте тактаган учурда эч кандай каражат талап кылынбайт, - деп расмий айтышты. Бул маалыматты жалпы элге жеткирип коюшум керек, - деди М.Сарбагышев.

Мектептердеги балдардын саны стандарттан көп болуп жатканы ойлондуруучу маселе. Бул көбүнесе карапайым элдин көйгөйү. Колунда барлар балдарын менчик мектептерде окуткандыктан, катардагы мектептердин абалын көпчүлүк аткаминерлер билбейт. Ошондуктан, балдардын саны 5 миңге жеткен мектептерге чукул көңүл бурууну талап кыла беришибиз керек. Кээ бир мектептерге барсак, кышкысын калтырап үшүп, кол кап, жылуу кийимдерин чечпей отурган окуучуларды көрөбүз. Буга Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районуна караштуу Ак-Өрүктүү айылындагы Бейшембиев атындагы мектеп мисал болот, - дейт депутат. Ушул мектептин курулушуна убагында бюджеттен 3 млн. Сом каражат карап, титулдук тизмеге киргизген элек. Бирок, азыр бөлүнгөн каражаттын изи да, аткарылган иштин жыйынтыгы да жок, - деп сынга алды эл өкүлү.

 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү