Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КР Энергетика министри Т.Ибраев энергетика тармагындагы тариф саясаты тууралуу түшүндүрмө берди

02-05-2023
17:36

Май айы жаңыргандан тартып энергетика тармагында тарифтик саясаттын жаңы нукка түшкөнү ырас. Эми 700 кВт чейинки лимит колдонгондор баштагыдай 77 тыйындан эмес, 1 сомдон төлөм жүргүзүшөт. Баа саясатындагы жаңылыктар менен тааныштырып, КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Парламент” радиосуна маек курду.

Калктын аялуу катмарындагылардын тизмеси КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан такталып, бекитилет. Аларга каралган атайын жеңилдиктер бар. Атай келгенде алар 700 кВт чейин 50 тыйындан төлөшөт. Андан тышкары, бийик тоолуу райондордун тургундарына лимити жок колдонгон электр энергиясы үчүн төлөм толугу менен 1 сомдон эсептешилет. Бул тууралуу маалымат берген министр ошондой эле  Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында каралган ратификациялык мыйзам долбоорлору боюнча да маалымат берди. Айтылгандарга караганда, аталган документ бөлүштүрүү тармактарын модернизациялоого жана заманбап электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (ЭКУАС) сатып алып, орнотууга багытталган.

Керектүү эсептегичтерди сатып алууда ички өндүрүштүн өнүмдөрүнө да артыкчылык бериле тургандыгын кошумчалады министр.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү