Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кайра-кайра кайталанма кадамдар - кайдыгерликтин капшытын эңшере алмак беле?..

04-04-2023
15:20

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду. Андагы айтылган сунуштар менен сын-пикирлердин мазмунун баяндап, ЖК депутаты Алишер Козуев ушул эле күнү "Парламент" радиосунун түз эфиринде болду.

“АРИС программасы айыл жерлеринде таза суудан тышкары жол салуу, ФАП куруу иштерин да бирге алып барарын билебиз. Бирок, бул тармак мамлекеттик курулуш агенствосунун ишин кайталоочу эле орган эмеспи? – деген суроо жаралат. Кандай гана иш аткарылбасын бардык жерде жоопкерчилик деген чоң милдет унутта калбашы керек. Бул иштин сапатсыздыгына жол бербөөчү негиз”, - деди депутат маселенин өзөгүнө кайрылып.

Ошондой эле депутат бирин-бири кайталаган структураларга куру бекер каражат корото бербей, сарамжалдуулук жагдайын да бирге кароого туура келет, - дейт. “Себеби, азыркы тапта АРИСте 330 кызматкер иштейт. Алардын аз айлык дегени 40 миңден, эң жогорку суммасы 110 миң сомдон маяна алышат экен. Жылдык чыгымдарын эсептеп келгенде мамлекеттин казынасына бир топ эле кол салгандыкка барабар. Анан калса, алардын жоопкерчилиги кандай?- деген суроону жоопсуз калтыргандай эле ошол кызматкерлердин ишке тартылган келишимдик мөөнөтү 6 айдан 1 жылга араң жетет тура. Анын айынан кантип, иштин сапатын кимден сурап алаарыбызды билбей отурабыз. Сапатсыз иштер үчүн эч ким жоопкерчиликти мойнуна алган эмес. Бул барып турган кайдыгерлик!”, - деди эл өкүлү.

"Жакында эле региондордо иш алып барып, шайлоочулар менен жолугушуп келдик. Ошондо Ош областынын Кара-Суу районунда АРИСтин өкүлүн жолугушууга чакырып, элге маалымат берүүсүн өтүнсөк келген жок. Бул барып турган жоопкерчиликсиздиктин далили. Демек, иш ыргагы ушундай ынанымсыз жүрүп жаткан болсо, ар бир тармакка эле “мурдун сала берген” АРИС деген кызматтын кандай зарылчылыгы бар? Аны жоюп, жумуштун сапатына кепилдик бере турган мамлекеттик курулуш агенствосунун милдетин күчтөндүрүү керек. Антпесе, кайра-кайра кайталанма кадамдар - кайдыгерликтин капшытын эңшере алмак беле?" , - деди А.Козуев.

Ошондой эле депутат угармандардын да суроолоруна жооп кайтарды.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү