Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эм төрөлгөн балдарга көрүлүүчү камкордуктар жакшырат

03-04-2023
15:26

Соңку демографиялык абалга анализ жүргүзгөндө акыркы 10 жыл ичинде 151 үч эм бала төрөлгөн. Дагы 5 үй-бүлөдө төрт эм жарыкка келген. Мындай үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берүүнү демилгелеген токтом долбоору даярдалды. Аны бүгүн, 3-апрелде ЖК Социалдык саясат комитети колдоп берди, - деди демилгечи депутаттардын бири Максат Сарбагышев "Парламент" радиосуна курган маегинде. Мындай үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, жергиликтүү бийлик органдары да жардам бериши шарт, – деди эл өкүлү.

Ошол 3-4 эм төрөлгөн балдардын үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик колдоо болсун, - деген тилек менен демилгени мыйзам түрүндө бекемдейли дегенбиз. Бирок, буга чейин кабыл алынып калган 283-токтом бар болгондуктан, өзгөртүүнү ушул ыңгайдан алуу ылайык болду. Анткени, аталган токтомдо эм төрөлгөн балдардын ар бирине 50 миң сомдук колдоо көрсөтүлсүн, - деп белгиленген. Биз азыр ошол сумманы ар бир балага эмес, бир үй- бүлөгө деп алып, ага 500 миң сомдук каржылык колдоо көрсөтүү жагын сунуштап отурабыз, - деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылында жарыкка келген 3 эмдин ата-энесинин шарты менен таанышып келгендигин белгилеп, андай өзгөчө балдарга шарт түзүүдө жеке демилгечи тараптар да түздөн-түз колдоо көрсөтүп жаткандыгын маалымдап, аларга  ыраазычылык билдирди.  

Эгерде токтом долбоору кабыл алынып калса, азыркы төлөнүп келген 150 миң сом 500 миң сомго теңдештирилгенде мамлекеттик казынадан 8 млн. сом талап кылынат. Бул республикалык бюджетке оордук деле келтирбей турган сумма. Андыктан, ЖК Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети да колдоп, аткаруу бийлиги аткарына ишенбиз. Жакында парламент бул маселени жалпы жыйынга алып чыгат, - деди депутат. 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү