Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Кенжебек Бокоев: «Биздин өлкөдө иштеген чет өлкөлүк жарандар да мамлекеттик тилди тиричилик деӊгээлинде билиши зарыл»

16-06-2016
10:37

Кыргызстанда көптөгөн чет өлкөлүк эмгек мигранттары иштейт. Бирок, алар кыргыз тилин билбейт. Өлкө аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандар жок дегенде өз оюн түшүндүрө алгыдай деӊгээлде кыргыз тилинде сүйлөй алышы керек. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Өзүӊөр жакшы билесиӊер, чет өлкөлөрдө иштеген кыргыз жарандары ал жерде иштөө үчүн ошол элдин тилин билүү боюнча сынак тапшырууда. Бул туура. Биздин өлкөдө иштеген чет өлкөлүк жарандар да мамлекеттик тилди тиричилик денгээлинде билиши зарыл», - дейт депутат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы