Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Дастанбек Жумабеков: «Бишкек – Кара-Балта автожолуна жарыяланган тендердин жыйынтыгынын мыйзамдуулугун текшерүү керек»

16-06-2016
10:25

Бишкек – Кара-Балта автожолун калыбына келтирүү боюнча жарыяланган тендерде эӊ жогорку каражатты көрсөткөн Кытайдын China Paiwey компаниясы утуп чыккан. Ал тендерге 70 млн доллар сунуштаган. Мындай мамиле шектенүү жаратпай койбойт. Тендердин өтүшүнүн мыйзамдуулугун тешерүү зарыл. Бул тууралуу депутат Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Тендерге бир катар компаниялар катышып, Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушуна 54 млн доллардан 70 млн долларга чейинки каражатты сунуш кылуу менен катышкан. Айырма - 1 млрд сом. Мисалы, автожол куруу жаатында белгилүү түрк компаниясы 54-60 млн доллар сунуштаган. Бирок, тендердин жыйынтыгында эӊ жогорку бааны сунуш кылган кытай компаниясы жеӊип отурат», - дейт депутат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы