Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Сот тутумунда иштеген судьялардын кирешеси менен чыгымдары ачыкка чыгарылат

15-06-2016
17:05

Жогорку Кеӊеште судьялардын кирешеси менен чыгымын ачыкка чыгарууга багытталган “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбооруна ылайык, сот тутумунда иштеген баардык судьялар жыл сайын өзүнүн жана жакын туугандарынын кирешелери менен чыгымдары тууралуу декларация тапшырууга тийиш.

Белгилей кетсек, базалык мыйзам талаптарына ылайык, буга чейин судьялар кирешелерин гана ачыкка чыгарып келген. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, судьялар жыл ичиндеги 300 миӊ сомдон (3 миӊ эсе эсептик көрсөткүчтөн) ашкан өлчөмдөгү чыгымдарын декларациялай баштайт.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы