Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Судьялардын окуу борборун Сот адилеттигинин жогорку мектеби кылып өзгөртүп түзүү демилгеси сунушталды

15-06-2016
17:03

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин бири депутат Галина Скипкинанын айтымында, мыйзам долбоору аркылуу Судьялардын окуу борборун Сот адилеттигинин жогорку мектеби кылып өзгөртүп түзүү сунушталууда. Ал үчүн “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

“Бул мыйзам долбоору менен судьялардын, соттордун аппараттарынын жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуларына талапкерлерди окутууну уюштурууну ишке ашыруучу Сот адилеттигинин жогорку мектеби статусу жогорулайт. Мында Сот адилеттигинин Жогорку мектеби окутуучу курамынын эмгек акы төлөө, окутуу жүрүмүнүн сапатын көзөмөлдөө тартиби белгиленген”, - дейт депутат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы