Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мунапыс жарыялоо шарттары менен колдонуу тартибин кайрадан ыраатташтырылууда

15-06-2016
16:58

Жогорку Кеӊеште сот рефорасын жүргүзүү алкагында иштелип чыккан “Мунапыстын негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи Галина Скрипкина сунуш кылынган мыйзам долбоорунда мунапыс жарылоонун шарттары менен колдонуу тартиби, кандай кылмыштарга карата мунапыс жарыяланбай турганы тууралуу жолжоболор каттылганын билдирди. «Кыргызстан бара-бара соттолгон адамдарга карата мунапыс жарыялоо өнөкөтүнөн баш тартышы керек. Өнүккөн өлкөлөр мунапыстан эбак эле баш тарткан. Кылмыш жасаган адамдар кылмышына жараша жазасын тартууга тийиш», - дейт ал.

Демилгечинин пикиринде, Баш мыйзамга ылайык, баары бир парламентте мунапыс актысын кабыл алуу укугу кала берет. «Ошондон улам, мунапыс жарыялоо шарттары менен колдонуу тартибин кайрадан ыраатташтыруу аракети жасалууда. Өлкөдө коррупция тамырлашып кеткендиктен, азырынча жыл сайын мунапыс жарыялап, соттолгондордун санын кыскартууга аргасызбыз», - деди ал.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы