Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар тобу камакка алынган парламент депутаттарынын эмгек акысын төлөп берүүнү токтотуу демилгесин сунуштоодо

15-06-2016
16:55

Жогорку Кеӊеште камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөө жолжоболорун кайрадан ыраатташтырууга багытталган «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, депутаттардын сунушу эске алынуу менен, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аида Салянова, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева.

Демилгечилердин бири Аида Салянова мыйзам долбоору аркылуу камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөөнүү токтотуу демилгеси сунушталып жатканын белгиледи. «Камакта жаткан депутаттар маянасын алууну уланткан учурлар болгон. Ошондон улам, депутат кылмышка шектелүү менен, камакка алынып, ал өз ыйгарым укуктарын аткарууга мүмкүнчүлүк жок болсо, маяна төлөө токтотулууга тийиш. Эгер депутат акталып чыкса, анда эмгек акысы толугу менен төлөнүп берилет», - дейт ал.

Талкуу жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун колдой турганын билдирүү менен бирге, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү аркылуу башка бийлик органдарында иштеген саясий кызмат адамдарына карата да ушундай эле чараларды колдонуу зарылдыгын айтты. Ага жооп катары баяндамачы Өкмөттүн өзүнө мамлекеттик органдарга тиешелүү мыйзамдарга ушундай өзгөртүү киргизүү тапшырмасын берүү аркылуу чечсе болорун айтты.

Мыйзам долбоору боюнча баардык экспертизалык оӊ корутундулар алынганын белгилүү болду.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы