Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кенештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Венгрия парламентинин Төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту

11-06-2016
19:08

Жогорку Кенештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 10-июнда  Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Венгрия парламентинин Төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту.

Ч.Турсунбеков, Венгрия Республикасы менен парламенттер аралык кызматташууну күчөтүү, приоритеттүү багыттардын бири экендигин жана  Кыргызстан Венгрия Республикасы менен достук мамилелердин мындан ары күчөшүнө кызыктар деп билдирди.

Төрага Ч.Турсунбеков, эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарына токтолуп,  Парламенттер аралык байланышты күчөтүү, парламенттик демократияны бекемдөө багытында  тажрыйба алмашуу кыргыз-венгер байланышынын мындан ары күчөшүнө өбөлгө түзөт деп белгиледи.  

Төрага Ч.Турсунбеков, Венгриянын Жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн Кыргызстандык студенттерге 25 орун бөлүнгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай саамалыктар кыргыз-венгер достугун бекемделишине жана кадрдык потенциалдын жогорулашына салым кошот деп айтып, Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасын 2016-жылдын күзүндө Бишкекте өтүүчү ТюркПАнын кезектеги  пленардык жыйынына чакырды.

Өз кезегинде Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Л.Кёвер, Ч.Турсунбековду Жогорку Кенештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, Венгрия, Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин айтып,  Кыргыз парламентарийлеринин бул тарыхый визити, парламенттер аралык кызматташууга дем бере тургандыгын белгиледи.

 Ошондой эле Л.Кёвер эки өлкөнүн парламенттеринин Аппаратынын ортосунда тажрыйба алмашуу ыкмасын сунуштап, эл аралык парламенттер бирикмесинин алкагында эки тараптуу кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айтты.

Жыйындын соңунда Ч.Турсунбеков жана Л.Кёвер биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

 Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы  Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын чакыруусу боюнча Венгрияга расмий иш сапары менен барды.

Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Аскарбек Шадиев ("Бир Бол” фракциясы), Руслан Казакбаев ("Республика — Ата Журт" фракциясы), Каныбек Иманалиев (“Ата Мекен” фракциясы), Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы), Искендер Матраимов (КСДП фракциясы) жана Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан" фракциясы) бар.

Жогорку Кенештин Басма сөз кызматы