Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Накта териден жасалган товарларды контролдук белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоор сунушталууда

15-06-2016
16:52

Жогорку Кеӊеште «Гродно шаарында 2015 –жылдын 8 –сентябрында кол коюлган “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015 -2016 –жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, бул келишим аркылуу «Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар» пилоттук долбоорун ишке жүрүмүндөгү накта териден жасалган кийимдерди көзөмөлдүк далдаштыруу белгилер менен маркалоону киргизүү тартибин аныкталат. Бул багыттагы баардык иштер Евразия экономикалык бирлик комиссиясынын каражатынын эсебинен жүргүзүлмөкчү.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы