Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеӊештин депутаты көп батирлүү турак жайларды ижарага берүү жоопкерчилигин көтөрүү демилгесин сунуштоодо

14-06-2016
15:23

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде көп батирлүү турак жайларды ижарага берүү тартибин ыраатташтырууга багытталган «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө КР кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Кожобек Рыспаев.

Демилгечи көп батирлүү турак жайларды ижарага берүү көйгөйлөрүн жөнгө салуу маселеси эбак эле бышып жетилгенин, оор кылмыштар болуп жатканын, ошондон улам ушул мыйзам долбоору иштелип чыкканын белгиледи. «Мыйзам долбоорунда көп батирлүү турак жайларды өз багытынан башка максатта ижарага берүү жосунун тартипке салуу, тагыраак атсак, баардык жактардын жоопкерчилигин жогорулатуу менен, административдик айып өлчөмдөрүн көбөйтүү чаралары каралган», - дейт Кожобек Рыспаев.

 Баяндамачынын айтымында, көп батирлүү турак жайларды өз багытынан башка максатта ижарага берген жарандарга 50-80, кызмат адамдарына 80-100, юридикалык жактарга 500-1000 эсептик көрсөткүчтө, мындайча айтканда, 5 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейинки өлчөмдө административдик айып салынмакчы.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын колдой тургандыктарын билдирип, аны дагы жакшыртуу, айыппул өлчөмүн мындан дагы көтөрүү сунушун берди.

Жыйынтыгында тармактык комитет мыйзам долбоорун экинчи окууда кароону бир аптага токтото туруруу, эгер депутаттар менен өкмөттөн кошумча сунуштар келип түшпөсө, дароо эле үчүнчү окууда да жактыруу чечимине келди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы