Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Миргүл Темирбаева Лейлекте жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышты

19-01-2024
14:44

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева менен бирге Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы Н.Батыров атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушун баштоо үчүн капсула салуу аземине катышты.

Эл өкүлү билим берүү тармагы өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгү башталгандан тартып артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп келе жатканын баса белгиледи.

“2022-2023-жылдары Айкөл айылынын тургундарынан менин дарегиме Наркозу Батыров атындагы орто мектебинин курулушуна көмөк көрсөтүү боюнча кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуунун негизинде Жогорку Кеңештин трибунасынан сиздердин суранычыңыздарды Министрлер кабинетине жеткирип, Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу иш алып бардык. Ошонун натыйжасында бүгүн жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземинде турабыз” – деди Миргүл Темирбаева

Н.Батыров атындагы орто мектеп 1954-1955 жылдары аймактагы малчылар жашоочу үй багытында салынып, 1981-1983-жылдары кошумча 5 класстык бөлмө курулуп, балдарга билим берүү үчүн ыңгайлаштырылган. Аталган мектепте учурда 284 окуучу билим алып, 31 мугалим эмгектенет.

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева аймактын мугалимдерине жана мектептин курулуш иштерин жасап жаткан мекемеге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ыраазычылык катын” тапшырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү