Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары Жаныбек Жоробаев жамаатына тааныштырылды

18-01-2024
16:30

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Жаныбек Жоробаевди жамаатына тааныштырды.

Иш-чарада жаңы орун басарга ийгиликтерди каалаган Алайбек Алымбаев: “Адам укугун, мыйзам талаптарын коргогон мекеме түзүү зарылчылыгы жаралып, 2002-жылы Акыйкатчы институту түптөлгөн. Андыктан  акыйкаттык  принциптерине таянуу менен мыйзамдарды так сактоо жана аны жетекчиликке алуу Сиздин башкы милдетиңиз болушу керек”, – деди.

Алсак, Жаныбек Жоробековдин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева сунуштаган. Ага ылайык, бүгүн Жогорку Кеңеште талапкерге добуш берилип, депутаттар тарабынан колдоо тапты. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү