Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төраганын орун басары Н.Азыгалиев жана депутат Ш.Мажитова Кытайдын “Кайшан” компаниясынын өкүлдөрү  менен жолугушту

18-01-2024
13:56

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана депутат Шарапаткан Мажитова Кытайдын “Кайшан” компаниясынын өкүлдөрү  менен жолугушту.

Өз кезегинде төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кытай менен болгон өз ара кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын, Кыргызстанда ишкана ачууга башка өлкөлөргө салыштырмалуу салык жана башка тараптардан бир катар ыңгайлуулуктардын бар экендигин белгиледи.

Ал эми эл депутат Шарапаткан Мажитова инвестиция салуу максаты менен келген ишкерлерге мыйзам чегинде ар тараптуу көмөк көрсөтүү керектигин айтып өттү.

“Кайшан” холдингинин өкүлү Цуй Фен Кыргызстан менен кызматташуу максатын көздөп келгенин, Кыргызстанда ишканаларды куруп, жакынкы өлкөлөргө экспортто максаттары бар экенин билдирди. Алар ар түрдүү өлчөмдөгү, ар кандай шарттарга ылайыкталган компрессорлорду, көмүр казууга, алтын казууга, туннелдерди тешүүгө ыңгайлуу жабдууларды чыгарышат. Жер алдындагы жылуулуктан энергия ала турган технологиялары бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Кайшан” компаниясы Америка, Австрия, Россия жана башка өлкөлөрдө филиалдары бар ири компания экени маалым болду. Айтылгандарга таянсак ондогон заводдору жана башка ар кандай ишканалары бар, 5 миңден ашуун адамдар иштеген, өндүрүштүк ар кандай жабдууларды чыгарган компания. 68 жылдык тарыхы бар. Адегенде мамлекеттик болуп, кийин жеке ишканага айланган.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү