Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басарлыгына Жаныбек Жоробаевди шайлады

18-01-2024
13:35

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарлыгына шайлоо үчүн Жаныбек Жоробаевдин талапкерлигин карашты.

Жаныбек Жоробаевдин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарлыгына Жаныбек Жоробаевди шайлады. Бул багытта Жогорку Кеңештин тийиштүү токтому кабыл алынды.

Депутаттар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Шухрат Айтиевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карашты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү