Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

18-01-2024
13:12

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Марлен Маматалиев  белгилегендей, мыйзам долбоору балдардын жыныстык кол тийбестигине укукту коргоону жана кайтарууну камсыз кылуу, ошондой эле кол салгандарга кылмыш-жаза мыйзамдарындагы жөнгө салынбаган ченемдер аркылуу жоопкерчиликтен качуу учурларын жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексине ылайык, өзгөчө оор кылмыштар үчүн, негизинен, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыш үчүн дайындалуучу эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан качуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын белгиленген ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү