Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды

18-01-2024
13:02

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинети

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов мыйзам долбоору менен тааныштырды.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда жаратылыш комплекстерин жана объекттерин сактоо максатында иштелип чыккан.  Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. 

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү сунушталууда: алар - мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосфералык аймактар   же  резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик коруктарды (комплекстик, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтер, трансчегаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар, мөңгүлөр жана карлуу жерлер, экологиялык коридорлор, геологиялык парктар, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар, микрокоруктар болуп саналат.

Талкууда депутат Чыңгыз Ажибаев Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн саны, аларды көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү процессине кызыкты. Мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүүнү депутат Эмил Токтошев сунуштады. Депутат Камила Талиева жасалма мөңгүлөрдү түзүү жана токойлорду жасалма жол менен өстүрүү боюнча иштерди күчөтүүнү сунуштады. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү