Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар өлкөдөгү курч социалдык маселелерди көтөрдү

18-01-2024
12:27

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Кадамжай районунун Масалиев айыл өкмөтүндө  турак-жай куруу үчүн жер тилкесин алуу мүмкүн болбой жатканын мисал келтирип,   калкты жайгаштыруу маселесин чечүүгө көңүл бурду. Ал  жалпысынан трансформация боюнча жобону кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты.  

Депутат Карим Ханджеза Москва районунун Александровка айыл аймагында   бала бакчанын курулушуна ыраазылык билдирип,  бирок аймакта мектеп, таза суу проблемасы курч болуп жатканын айтты. Депутат Алишер Эрбаев Ала-Бука, Чаткал райондорунда акчасы чечилип, тендер өтсө дагы жол асфальттанбай, ушул күндөрдө Чапчыма ашуусунан эл өтө албай калганын маалымдады. Депутат тез арада маселени чечүүнү талап кылды. Эл өкүлү Марат Мураталиев Венгрия, Азербайжан фонддорунун ишин текшерүү керек деди. Депутаттын айтымында ишкерлер Венгрия менен келишимдерди түзүп, бирок эмнегедир аягында каржыланбайт деген жооп алышкан.    

Депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик банктарды сынга алды. Былтыр өлкөдөгү бардык банктарга заманбап технологияларды киргизүү тапшырмасы берилген, бирок мамлекеттик банктар мурунку кылымда калып кеткендей элес калтырат деди эл өкүлү.  “Улуттук банк өз ишин аткарып жол ачып берди. Бирок аны мамлекеттик банктар эмес,  жеке банктар колдонуп, атын айтпай эле коеюн  №1 болуп чыгып кетти. Мамлекеттик банктарда жада калса QR  кодду колдоно албайсың, чет мамлекетке акча которуу да кыйын”, - деди депутат Марлен Маматалиев.    

Депутаттар Ырысбек Атажанов менен Чолпон Султанбекова Кадамжай районундагы айылдарга жол салуу, маданият үйүн куруу жана таза суу менен камсыздоо маселесин көтөрдү.   Депутат Султанбай Айжигитов  КР стратегиялык пландоо тууралуу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу боюнча  макулдашуу тобуна кирген министрлердин орун басарларын сынга алды.

Депутат Гуля Кожокулова Аксы районунун  Кашка-Суу айыл аймагынын эли аймактык-территориалдык реформага нааразы болуп жатканын айтты. Депутаттын ырасташынча жергиликтүүлөр Кербен шаары  алыс болгондуктан ага биригүү көп кыйынчылыктарды жаратарын айтууда. 

Эл өкүлү Винера Раимбачаева жакында жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн келиндин тагдырын айтып, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча милиция эмне иш кылып жатат деген суроону койду.   “ИИМдин жер-жерлерде участкалык милициясы бар,   алар эмне кылып отурушат?   Эмне үчүн  жарандар   ИИМдин компетенциясына тиешелүү маселеси боюнча ага  кайрылбай УКМКга кайрылып жатат?”- деп эл өкүлү нааразычылыгын билдирди. Депутат Русланбек Жакышев  Талас облусунун Бакай-Ата районунда борбордон алыс жайгашкан айылдарда титулдук тизмеге кирген жолдор  жасалбай калып жатканын айтып,   маселени көзөмөлгө алууну өтүндү.  Депутат Эльвира Сурабалдиева өрт өчүрүүчүлөрдүн кайрылуусун жеткирип, алар Эмгек кодексинде каралгандан эки эсе көп иштеп жатканын айтып, ага көнүл бурууну өтүндү.  Депутат Жылдыз Садырбаева Кочкор районундагы  кароосуз калган суу бассейндери, каналдарды жазгы талаа иштери башталганча  оңдоп, тазалоону баштоону өтүндү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү