Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар айыл чарба багытындагы насыяларды азыртан берүү жана ирригация тармагын жакшыртуу маселелерине көңүл бурушту

18-01-2024
11:40

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин "Ар кандай маселелер" саатында депутат Алишер Козуев Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы оорукананын авариялык абалдагы имаратын жаңылоо муктаждыгын көтөрдү. Ошол эле учурда депутат жазгы талаа жумуштарын баштоо алдында дыйкандарга айыл чарба кредиттерин берүү маселесин дагы козгоду.

Депутат Таалайбек Сарбашев Ош шаарында 2016-жылы башталган  625 орундуу мектептин курулушун бүтүрүү жагдайын айтты. “Билим уясынын сметалык баасы 147 млн сом, учурда 67 млн сому бөлүнгөн боюнча токтоп турат. Шайлоочулардын талабы курулушту аягына чыгаруу болууда”,- деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Максатбек Сарбагышев мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын тамак ашын каржылоону мурункудай жергиликтүү бюджеттен кароону белгиледи. Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Жалолидин Нурбаев мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоонун зарылдыгына токтолду.

Депутат Эрулан Кокулов Сузак районунда 2018-жылы көчкүдөн улам көчүрүлгөн Талаа-Булак айылынын тургундарынын кайрылуусун жеткирип: “Айылда азыр социалдык обьекттер жок, таза суу чыкпайт. Жашоочулар көчүрүлгөндөн бери каралбай калыптыр”,- деди.

Депутат Арсланбек Малиев Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы башталгыч класстын окуучуларын китеп менен камсыздоо көйгөйүн козгоду. Буга чейин бул маселени көтөргөнүн айткан депутат өкмөттөн көйгөйдү тез арада чечүүнү талап кылды.

Депутат Нуржигит Кадырбеков Баткендеги чек ара окуяларында жабыр тарткан аскерлерге социалдык колдоо жана жумушун калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү жагдайын белгиледи. “Ооба, алар мамлекет тарабынан жардам алышкан. Бирок алар азыр да дарыланып жатат, кээ бирлери кымбат баалуу операциялардан өтүшөт, айрымдарынын балдары контракт менен окушат. Биз аларга кандайдыр бир жол менен жардам беришибиз керек, аларга азыр кыйын. Аларды унутпайлы, ошол күндөрү алар бизди кантип коргошкондугун эстегиле”,- деди Н.Кадырбеков. 

Депутат Камила Талиева  изилденген кыргыз тарыхын мектеп окуу программасына киргизүү жана жаңы китептерди басып чыгаруу маселесине кайрылды. “Кыргыз тарыхын чагылдырган кинолорду да тартышыбыз кажет. Мисалы Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романын тасмага түшүрүү маанилүү болмок”,- деди депутат. Аны менен катар эл өкүлү Кулуңду, Жаңы-Жер айыл аймактарындагы ирригация тармагын жакшыртуу талабын койду.   

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү