Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет кезексиз жыйынында КР Акыйкатчысынын орун басарын шайлоо боюнча Ж.Жоробаевдин талапкерлигин карады

18-01-2024
11:04

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кезексиз жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо боюнча талапкерди карады.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева өзүнүн орун басарлыгына Жаныбек Жоробаевдин талапкерлигин көрсөттү.

Талкуунун жыйынтыгында комитет Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн Жаныбек Жоробаевдин талапкерлигин кароону Жогорку Кеңешке сунуштады.

Комитет ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Шухрат Айтиевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү