Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар жараксыз абалдагы социалдык обьекттерди оңдоо зарылдыгын белгилешти

18-01-2024
10:43

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин "Ар кандай маселелер" саатында депутаттар социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү. 

Депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн эски лифттерин алмаштыруу маселесинде өкмөттүн жардамын сурады. “Бишкекке жылына 5000 лифт керек экен. Ага шаардын бюджети жетишсиз, бул багытта өкмөт аз пайыздуу кредит берүү маселесин карап чыкса”,- деди ал.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Ош облусунун Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы кышкы абалды көзөмөлдөөнү күчөтүүнү табыштады.  Ошол эле учурда эл өкүлү калктын ден соолугун сактоого көңүл буруп: “Арам өлгөн малдын этин саткандарга каршы катуу чаралар көрүлүшү зарыл. Күнүнө тонналаган эт сатылса, алардын бир канчасы ооруп өлгөн малдын эти экен. Мунун кесепетинен ар түрдүү оорулар пайда болууда”, - деди депутат.

Жатак мектептерде билим алган окуучулардын тамак ашына каралган каражаттарды көбөйтүү маселесин айткан депутат Сеидбек Атамбаев: “Министрлер кабинетинде бул багытта токтом даярдалып жатыптыр. Эгер ал ишке ашса, өлкөдөгү 458 миң башталгыч класстын окуучулары ысык тамак менен толук кандуу камсыз болмок”, - деди.

Депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районундагы сугат жана таза суу жетпеген айылдардын маселесин көтөрдү. Мындан тышкары эл өкүлү региондо турак жай менен камсыздоо көйгөйлөрүн чечүүдө жерлерди трансформациялоо маселесин эртерек кароо жагдайын белгиледи.

Депутат Талайбек Масабиров Япониянын жардамы менен келген көчмө томографиялык аппараттардын жардамында Нарында бир катар айыл тургундары ден соолугуна кам көргөнүн айтып, бул үчүн колдоо көрсөткөн тарапка ыраазычылык билдирди.  

Депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышына көңүл буруп, айрымдары жоопсуз калып жатканын айтты. Ошондой эле ал Ноокат районунун аймагында авариялык абалдагы мектеп жана бала бакчаларды оңдоо талабын белгиледи.

Депутат Айбек Маткеримов  Сузак районунун Сузак айылындагы “Жомок” жана “Шумкар” балдар бакчасынын жамаатынын кайрылуусун жеткирди. Анда имараттары капиталдык оңдоого муктаждыгы айтылган.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү