Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына Нарын шаардык сотунун судьясы Бакытбек Омуралиевдин талапкерлигин карады

17-01-2024
12:39

Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына көрсөтүлгөн Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясы Бакытбек Омуралиевдин талапкерлиги каралды.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова маалымат берди. Анын айтымында, Судьялар кеңеши Бакытбек Өмүралиевдин талапкерлигин сот иштери боюнча кеңештин курамына сунуштады.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына Бакытбек Өмүралиевдин талапкерлигин колдоду жана бул багытта Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү