Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеш "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору боюнча Корея менен кредиттик макулдашууну колдоду

17-01-2024
12:23

Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу” долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу” боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам  долбоору экинчи окууда каралды.

"Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы функционалдык жакшыртуу" долбоорунда – учурда иштеп жаткан оорукананы кеңейтүү, заманбап медициналык жабдыктар менен жабдуу жана бир эле мезгилде медициналык кызматкерлерди аны пайдаланууга үйрөтүү,  ооруканалык маалымат системасын түзүү жана  кызматкерлерди аталган багыт боюнча окутуу, пациенттерге көрсөтүлүп жаткан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, оорукана ичиндеги инфекцияларга өз учурунда алдын алуу чараларын көрүү каралган.

Келишимдин шарттарына ылайык корей тарабынан корей вону менен 27 млн АКШ доллары эквивалентинен ашпаган өлчөмдө насыя берилет, жоюу мөөнөтү - 40 жыл, жеңилдетилген мезгил – 10 жыл, пайыздык ставка – 0,1 % жана тейлөө үчүн комиссия – ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1 %.

Талкуу учурунда депутат Сүйүнбек Өмүрзаков ооруканаларда бейтаптарга карата мамиле  жана коррупция боюнча маселени көтөрүп, соңку учурда орун алган жагымсыз окуяларга токтолду. Депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү учурдагы абалды сурап, ал жерде эмгектенген кызматкерлердин маяналарын тактады. Депутат Талайбек Масабиров долбоорду өз мөөнөтүндө бүтүрүү маселесине көңүл бурса, депутат Надира Нарматова  мамлекеттик лабораторияларды куруу, “Эламан” мамлекеттик дарыканаларды аймактарда толук ачуу жагдайына токтолду. Депутат Гүлшаркан Култаева саламаттыкты сактоо тармагына алынган насыяларды тактап, алардын негизинде аткарылган долбоорлордун азыркы учурда иштөөсүнө көңүл бурду.  Депутат Мейкинбек Абдалиев Кореядан алынып жаткан насыя кандай максаттарга жумшаларына кызыкты. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев долбоор республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы медициналык жабдыктар менен жабдуу жана 100 жаңы орундуктар менен камсыздоого багытталарын билдирди.

Депутат Чынберди Толонов долбоордун алкагында консультациялык кызматтарга каралган каражаттарды тактады. Депутат Айсара Абдибаева үч жаштагы наристенин тиш доктурда чарчап калган окуяга байланыштуу маселе көтөрүп, бул дарыгердин шалаакылыгынан болгонун айтты. Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда 2800 стоматологиялык клиника лицензиясы жок иштеп жатканын айтып, министр бир айдын ичинде бул клиникалар текшерилип, жабыларын убадалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү