Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

17-01-2024
10:36

Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  “2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча берилүүчү Акционерлердин атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам  долбоору  үчүнчү окууда каралды. 

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов аталган шаарларды таза суу менен камсыздоого 18.6 млн евро алынарын жана аны төлөө үчүн сууга болгон тарифтин көтөрүлүшү күтүлүп жатканын маалымдады. “Ар бир шаарга  4 млн 650 миң евродон бөлүштүрүлөт. Каражаттын 8 млну кредит болсо, 8 млну грант. Техникалык кызматташтык үчүн  2.5 млн евро каралууда. Кредиттик мөөнөт 15 жыл. Анын 4 жылы жеңилдетилген. Карыз алуучу мэрия жана суу канал ишканалары тарабынан тарифтин көтөрүлүшү каралган. 2025-жылдан баштап 20 сомго чейин көтөрүлушү күтүлөт”,-деди баяндамачы У. Примов. 

Талкуу учурунда депутат Балбак Түлөбаев сырттан алынган насыялар тууралуу элге так маалымат жеткирүү боюнча сунушун айтты. “Коомчулукта тышкы карыздар боюнча эки ача пикирлер бар. Алынган каражаттардын кайсыл багыттарга жумшалып жатканын, алардын кандай шартта берилгенин элге туура жеткирүү кажет”, - деди эл өкүлү. Депутат Аманкан Кенжебаев таза суу тармагын жакшыртуу багытына алынып жаткан насыя максаттуу экендигин белгилеп, мыйзам долбоорун колдоого чакырды.  

Ошондой эле жыйынында  «КР Министрлер кабинети менен Катар Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»  мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Макулдашууга ылайык аскердик тармакта бир нече багыттар боюнча  кызматташуу сунушталып жатат. Эл аралык келишимдин алкагында  аскердик билим берүү, аскердик техникалык  коргоо жана өнөр жай тармагында кызматташтык,  биргелешкен машыгууларды өткөрүү.  Макулдашуу алкагында Кыргыз Республикасынын  аскер кызматчыларына билим берүү курстарына,  машыгууларга жана мелдешүүгө  катышууга ж.б.  маанилүү багыттар боюнча кызматташууга жол ачат. Ошондой эле  КР  куралдуу күчтөрүнүн аскердик обьектилерин курууга  жана жаңылоого,  Катар тараптан аскерий техникалык жардам көрсөтүү  боюнча долбоорлорду аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

Жыйында мындан тышкары  “2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Эл аралык эмгек уюмунун эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө № 190 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам  долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоого ээ болду.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү