Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет Энергетика министрлигинин электр энергетика тармагындагы техникалык, коммерциялык жоготуулар тууралуу маалыматын укту

16-01-2024
16:32

Бүгүн, 16-январдагы  Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин отурумунда депутаттар “Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагындагы техникалык, коммерциялык жоготуулар жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумдары (ЭКЭАТ) жөнүндө” Энергетика министрлигинин маалыматын укту.

Бул багытта энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Алишер Козуев Ош жана Баткен облустарында абоненттерге ЭКЭАТ орнотууга көңүл бурду. Энергетика министри белгилегендей, бүгүнкү күндө ЭКЭАТ техникалык жоготуулар болгон аймактарда орнотулууда. Депутат Кундузбек Сулайманов ЭКЭАТтын эффективдүүлүгү тууралуу маселени айтты. Энергетика министри белгилегендей, Нарын, Ысык-Көл облустарында ЭКЭАТты орнотуунун жыйынтыгында 64 млн сомдон ашык каражат үнөмдөлгөн. Депутат Марат Мураталиев энергосистемадагы техникалык жоготуулардын жалпы көлөмү тууралуу маселени тактады. Энергетика министринин маалыматы боюнча техникалык коромжулардын көлөмү азайып, 2023-жылы электр энергиясындагы жоготуулар 11% дан ашыкты түзгөн.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү