Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет “Жер казынасы жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө” КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

16-01-2024
15:53

Бүгүн, 16-январдагы  Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери-Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Кундузбек Сулайманов, Азизбек Турсунбаев, Эльдар Сулайманов.

Мыйзам долбоору боюнча отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Марат Мураталиев, депутат Марлен Маматалиев маалымат берди.

Мыйзамга түзөтүүлөр ири жана орто пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык изилдөөгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жер казынасын пайдалануучулар ыктыярдуу, акысыз негизде Министрлер кабинети менен макулдашуу боюнча катышуу үлүшүн мамлекетке алтындын, күмүштүн, көмүрдүн ири жана орто кендерин иштетүү менен алектенген юридикалык жакка өткөзүп бере алышат.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү