Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Комитет “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды

16-01-2024
10:46

Бүгүн, 16-январдагы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда  “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору боюнча транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев маалымат берди.

“Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын автомобиль күйүүчү майы катары колдонулган суюлтулган көмүр суутек газына (СКГ) акциздик салыкты киргизүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Бактыбек Сыдыков жол фондун түзүү максатын айтып, каржы каражатын Транспорт жана коммуникация министрлиги бөлүштүрүшү керектигин баса белгиледи. Учурда каражат Каржы министрлигине келип түшөт.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү