Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет “Жер казынасы жөнүндө” жана “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү карады

15-01-2024
17:41

Бүгүн, 15-январдагы Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө” жана “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери-Жогорку Кеңештин депутаттары Султанбай Айжигитов жана Марлен Маматалиев.

Депутат Султанбай Айжигитов белгилегендей, мыйзам долбоору пайдалуу кендерди иштетүү менен алектенген ишканалардын (компаниялардын) ишине мамлекеттин катышуусунун жигердүүлүгүн арттыруу, укуктарды жана милдеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун кошуп алганда, мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактардын, инвесторлордун жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштеп чыгылган.  Жер казынасын пайдаланууну, алып айтканда, кенди иштетип чыгарууда (иштетүүдө) алынуучу алтынды, күмүштү, оор түстүү металлдар (жез, коргошун, цинк, сурьма) сыяктуу эле уран жана “металл эместерди” кошуп алганда, башка баалуу компоненттерди) кошумча жана коштоочу пайдалуу кендерди жана компоненттерди оптималдуу бөлүштүрүүнү аныктоо, мамлекетке милдеттүү үлүш бөлүү менен, тоо-кен ишканаларын өнүктүрүүнүн тармактык механизмдерин өстүрүүгө багытталган ата мекендик өндүрүштүн өнүгүүсүн мамлекеттик колдоого алууну камсыз кылуу.

Ошондой эле, комитетте “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү