Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Шайлообек Атазовдун демилгеси менен Свердлов районунда жашаган аз камсыз үй бүлөлөргө көмүр таратылды

15-01-2024
17:28

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Бишкек шаарынын Свердлов районунда жашаган аз камсыз үй бүлөлөргө көмүр таратты.

Эскертке кетсек, депутат көмүр таратуу демилгеси менен "Smart generation" ("Смарт дженерейшн") кайрымдуулук фондуна кайрылган. Аталган фонд көтөрүлгөн демилгени колдоп, 100 үй бүлөгө көмүр таратууга каржылык жардам көрсөткөн.

Демилгесин колдогон фондко ыраазычылык билдирген депутат Шайлообек Атазов: “Биз бири-бирибизге жардам берип, көмөк көрсөтүү аркылуу алдыга жыла алабыз. Бүгүнкү берилген жардам акыркысы эмес. Мындай жардамдар дагы улантылат”, – деп кошумчалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү