Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Комитет мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен социалдык обьекттерди кайтаруу боюнча Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан ишинин маалыматын укту

15-01-2024
13:04

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен имараттарды, орун жайларды, курулмаларды жана жер участокторун кайра кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 969-VII токтомунун аткарылышы боюнча маалыматтар угулду.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев бул багытта маалымат берди.

Медер Машиев айткандай, башкы прокуратура тарабынан 2022-жылы 20 социалдык объект жана аларга тиешелүү 9,6 га жер тилкелери мамлекетке кайтарылган. Ал эми 2023-жылдын 10 айында 15 социалдык объект менен катар 33,75 га жер кайтарылган. Ошондой эле, Бишкек шаарында жайгашкан Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын имараты мамлекетке алынган.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 2023-жылдын жыйынтыгы менен кошумча дагы 5 объект мамлекетке кайтарылганын белгиледи.

Талкууда депутат Медер Алиев социалдык обьекттерди сатып алган тараптарга келтирилген чыгымдарын кайтаруу маселесине көңүл бурду. “Социалдык обьектерди кайтарууда тандалма саясат болбошу керек. Мүмкүн болушунча баарын мамлекеттин карамагына алышыбыз зарыл”,- деди М.Алиев.

Жыйынтыгында бул багытта Министрлер кабинетинин алып барып жаткан иштерин эске алынып, комитет Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын узартуу боюнча бүтүмгө келди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү