Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште насыянын пайыздык чендерин азайтууга, күрөө коюу талаптарын жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча талкуу уюштурулду

12-01-2024
12:14

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна карата талкуу уюштурулду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Марлен Маматалиев, Мейкинбек Абдалиев, Медербек Алиев, Улуттук банктын, Кыргызстандын банктар союзунун жана Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Шарапаткан Мажитова насыячылардын суроо-талаптарынын негизинде мыйзамдарга өзгөтүүлөрдү киргизүү демилгеленип жатканын белгиледи.

“Мыйзам долбоору улуттук валютабыз сомдун наркын көтөрүү жана анын кеңири колдонулушун камсыздоо максатын көздөйт. Аны менен катар насыянын пайыздык чендерин азайтуу, күрөө коюу талаптарын жеңилдетүү жагы каралууда. Министрлер кабинети тарабынан да мыйзам долбооруна оң корутунду берилип, бир катар сунуштар келтирилген”, - деди Ш.Мажитова.

Депутат Мейкинбек Абдалиев микрокредиттик компаниялардын жарандарга берген насыянын пайыздык чендерине токтолуп, мыйзам долбоору бизнести түшүнбөгөн, акчага муктаж карапайым элге арналгандыгын кошумчалады. Ал эми депутат Медербек Алиев элдин финансылык сабаттуулун жогорулатуу, банктардагы насыя берүү эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү маселелерин белгиледи. “Ачыгын айтканда, учурда коммерциялык банктарда насыя берүү эрежелери абдан татаал, аны эл үчүн жеңилдетишибиз абзел. Өзүм да насыянын пайыздык чендерин азайтуу багытындагы мыйзам долбоорун сунуштоону пландап жаткам. Бул мыйзам долбоорунун максаттуулугун колдоп, мен да демилгечи катары катарыңыздарга кошулам”, - деди депутат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.Мажитова, М.Маматалиев, Н.Нарматова, К.Талиева, М.Абдалиев, Б.Сыдыков, С.Айжигитов, А.Исатбек кызы, А.Алтынбеков.

Учурдагы киргизилип жаткан  Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө Кыргыз Республикасынын   мыйзамынын долбоору банк системасындагы мыйзам бузууларды чектеп:  биринчиден   насыя  алуучуларга  пайыздык  туюмдар төмөндөп натыйжада насыянын керектөө кадырын көтөрөт  жана экономиканын өсүшүн  камсыздайт.  

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан да бир катар сунуш-пикирлер айтылды.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору 2023-жылдын 15-ноябрынан тартып коомдук талкууга коюлган.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү