Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл менен жолугушууда көтөрүлгөн көйгөйлөр Жогорку Кеңештин  трибунасынан айтылды

11-01-2024
12:06

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышев Таластагы фермерлердин түшүмдүүлүк боюнча маселесин көтөрдү.  Жердин күчү кетип, картошка, кара өрүк, төө буурчак жакшы түшүм бербей,   баасы да чыкпай калууда деди депутат. Таластык чарбагерлер жаңы сорттор жана  жер семиркичтер менен  эртерээк камсыз кылып берүүсүн өтүнүп жатканын депутат белгиледи

Ал эми депутат Талайбек Масабиров 2023-жылы көптөгөн социалдык объекттер курулуп жатканына токтолуп,   Министрлер кабинетине ыраазылык билдирди.  Эл өкүлү Базар-Коргон районундагы айрым айылдарда кошумча мектеп корпусун куруу маселеси калганын айтты.  Депутат быйыл спортчулар үчүн маанилүү жыл экенин кошумчалап, аларды ар тараптан колдоого чакырды.

Депутат Нурланбек Азыгалиев Манас аэропортунун VIP залындагы тейлөө  маселесине көнүл бурду. Чет мамлекеттен учуп келүүчү расмий конокторду каттоодо жана тейлөө акысын алууда көйгөйлөргө туш болушат деди депутат.  Эл өкүлү  маселени чечип берүүнү өтүндү.

Депутат Кундузбек Сулайманов өз өмүрүн тобокелдикке салып, башкалардын  өмүрүн сактап калган жарандардын эрдигин баалаш керек деген пикирин айтты. Ал Балыкчыда чөгүп бараткан балдарды сактап калган жаран жана Бишкек-Ош жолунда өрттөнүп жаткан күйүүчү май ташуу унаадан  айдоочуларды куткарып, бирөк өздөрү көз жумган жарандардын эрдигин белгиледи.

Депутат Миргүл Темирбаева Лейлек районуна берилген женилдетилген насыялар боюнча маселени көтөрдү. “Айыл чарба багытына берилип жаткан (ФСХ-11) насыянын шарттарын жеңилдетүү зарыл. Жазгы талаа жумуштары февралдан башталарын эске алып, дыйкандарга эртерек берүү жагын караштырса”, - деди М.Темирбаева.

Депутат Аида Исатбек кызы Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн Тилек айылындагы баатыр энелердин аларга берилүүчү төлөмдөрдү жогорулатуу боюнча кайрылуусун айтып, жеңилдиктерди, анын ичинде санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүү маселесин белгиледи. Мындан тышкары, депутат "Ысык-Ата" санаторийинин кызматкерлерине 6 айдан бери айлык акы берилбей жатканын айтты.

Депутат Нурлан Ражабалиев Баткен-Боз-Адыр автожолунун узундугу 12 чакырымды түзгөн бөлүгүн асфальттоо маселесин көзөмөлгө алууну суранды. Депутат Бакыт Тентишев Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын тургундарынын кайрылууларына үн катты. Жергиликтүү калк ички жолдорду куруу жана оңдоо, 20 га жер тилкесин трансформациялоо, бала бакча куруу маселелерин чечүүнү өтүнөт.

Депутат Нилуфар Алимжанова Кут жана Дача Су жаңы конуштарынын жашоочуларына маршруттук каттамдарды жакшыртуу зарылдыгын көтөрдү. Депутат Лейла Лурова Токмок шаарындагы Бишкек-Кемин жолунун көпүрөсүнүн жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду куруу маселесин белгиледи.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү