Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат балдар үйлөрүнүн шарттарын жакшыртып, өнүктүрүү зарылдыгына токтолду

11-01-2024
11:36

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин "Ар кандай маселелер" саатында депутат Мирлан Самыйкожо Баткен окуясында курман болгон аскерлердин жакындарына көңүл буруу жагдайын белгиледи. “Былтыркы жылы "Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, Ата Мекен Баатыры жана Эмгек Баатыры өзгөчө белгери кошулган. Чек арада курман болгон баатырларга ушундай наамдарды беришибиз зарыл”,- деди М.Самыйкожо.  

Депутат Жалолидин Нурбаев региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишмердүулүгү токтолуп, жыл сайын аларга берилүүчү 20 млн сом каражатты көбөйтүү маселесин айтты. “Региондорду өнүктүрүү фонддордун каражаттарын 40 млн сомго чейин көтөрсөк, аймактардагы бир топ маселелерди чечип алмакбыз”, - деди ал.  

Депутат Улугбек Ормонов ооган согушунун ардагерлерине берилүүчү кенемтени көбөйтүү жагдайын белгиледи. “Быйыл 15-февралда Ооган согушунун аяктагынан 35 жыл толот. 2009-жылы өкмөт анын катышуучуларына каралган жеңилдиктерди атайын компенсацияларга которгон. Ошол сумма азыр да өзгөрүлбөй турат. Өкмөт өзүнүн токтому менен аларга бөлүнгөн сумманы көбөйтүү маселесин карап чыкса”,- деди У.Ормонов.  

Депутат Шарапаткан Мажитова Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдар үйлөрү менен таанышып келгенин белгилеп,  мектеп-интернаттарды жоюу аракеттерине балдар каршы экенин билдирди. Фостердик типтеги үй-бүлөлөргө балдар көнбөй кайра качып келип  жатканын тарбиячылар айтышкан. Эл өкүлү   тескерисинче балдар үйлөрүнүн шарттарын жакшыртып, өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү