Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар өлкөдөгү социалдык-экономикалык  маселелерге көңүл бурушту

11-01-2024
11:28

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарга шарт түзүү маселесине токтолду. Депутат аларды жумуш менен камсыздоо аркылуу эркин жашоого адаптациялоо жагдайына көңүл бурду.

Өткөн жылдын декабрь айында чет өлкөдөн курултайга келген мекендештер менен жолугушууда айтылган маселелерге депутат Мейкинбек Абдалиев токтолду. “Алар жайында “Алтын балалык” эс алуу комплексине чет өлкөдө эмгектенген мекендештердин балдарына квота берүү, башка мамлекеттин жараны менен баш кошкон эмгек мигранттарына виза берүү маселесин женилдетүү жагдайын суранышты”,- деди эл өкүлү.  

Депутат Нуржигит Кадырбеков жаштарды турак жай менен камсыз кылуу маселесине кайрылып, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын бардык жарандарга жеткиликтүү болушун белгиледи.   

Депутат Эльвира Сурабалдиева  бир жылдан бери акыйкаттык издеген Баткен облусунун тургунунун арызын жеткирди. Ал бул багытта укук коргоо органдарын көңүл бурууга чакырды. Мындан тышкары эл өкүлү кызматтык батирлерде жашаган коргоо министрлигинин мурдагы кызматкерлеринин кайрылуусун айтты.  

Ал эми депутат Сеидбек Атамбаев өлкөдө ишке ашып жаткан аймактык реформа боюнча өкмөткө кайрылып, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин алып барууга чакырды. Депутат Алишер Козуев Кара-Суу районунун Жоош айылынын жана Мады айылдык кеңешинин депутаттарынын маселесин козгоду. “Айылдын тургундарынын суранычы мектеп көйгөйү. Учурда балдар жараксыз абалдагы эски имаратта окуп келе жатышат. Билим уясын курууга жер бөлүнгөн, каражат маселесин чечүү зарыл”, - деди депутат.  

Депутат Динара Ашимова аялдардын ишкердигин колдоо боюнча өкмөттүн пландарын сурады. “2024-жылдын бюджети каралып жатканда мен бул маселени айтып, Министрлер кабинетинин төрагасы жумушчу топ түзүү боюнча билдирген, бирок андан жыйынтык жок. Бул багытта протоколдук тапшырма берсек деди”, - эл өкүлү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү