Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары шайланды

10-01-2024
13:08

Бүгүн, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди карады.

Талапкерлер тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Элмира Байтикова менен Медербек Сатыевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайлашты. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун шайланган судьялары парламентте ант беришти.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү