Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук берүү боюнча атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын карады

10-01-2024
12:23

Бүгүн, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу маселе каралды.

Жыйынга Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМКНын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Бул тууралуу атайын депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев маалымат берди.  Ал белгилегендей, комиссиянын бир нече отурумдары өтүп, ага бир топ укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышканын белгиледи.  

Маселени кароонун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна депутат Эмил Жамгырчиевди 378-берене (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 27-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исираилов, Винера Раимбачаева кирген.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү